KELECHEK
rek

Трамптын мурдагы кеңешчиси шайлоо боюнча көрсөтмө берүүдөн баш тартууда

Трамптын мурдагы кеңешчиси шайлоо боюнча көрсөтмө берүүдөн баш тартууда

Дональд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы кеңешчиси Сэм Нанберг Орусиянын америкалык шайлоого ыктымал кийлигишүүсү боюнча көрсөтмө бербей турганын айтты. Бул тууралуу ал MSNBC телеканалына берген интервьюсунда билдирди.

Нанберг Дональд Трамптын мурдагы кеңешчилери Стив Бэннон жана Роджер Стоун менен болгон электрондук кат алышууларын кайра карап чыгуу үчүн 80 саат убактысын коротпой турганын белгиледи. Маекте Нанберг атайын прокурор Роберт Мюллердин көрсөтмө берүү чакыруусун “сандырак” деп атап, Трамп менен Орусиянын ортосундагы кутум тууралуу шектенүүлөрдү кескин четке какты.

Буга чейин Роберт Мюллер президент Дональд Трамп жана анын кеңешчилеринен 2015-жылдан берки каттарды жана документтерди сураган.

АКШнын атайын кызматтары "2016-жылы Орусия президенттик шайлоого аралашып, Трамптын атаандашы демократ Хиллари Клинтонго каршы аракеттенген" деген тыянакка келишкен. Февралдын ортосунда атайын прокурор Роберт Мюллер орусиялык 13 жаранга жана үч компанияга "АКШга каршы кутум" айыбын таккан.

Трамп анын шайлоо өнөктүгү менен Орусиянын эч кандай байланышы болбогонун айтып келатат. Орусия да шайлоо процессине кийлигишкенин четке кагууда.

Нанберг Трамп менен 2011-жылдан тарта иштешип баштаган. Бирок ал 2015-жылы августа шайлоо кампаниясынын активдүү фазасы башталган маалда жумуштан четтетилген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52