KELECHEK

«Достук» бекетинде 1,5 миңдей адам тыгында турат

«Достук» бекетинде 1,5 миңдей адам тыгында турат

Ош облусундагы кыргыз-өзбек «Достук» өткөрмө бекетинде ушу тапта Өзбекстан тарапка өтүү үчүн 1,5 миңдей адам кезек күтүп турат.

«Азаттык» радиосунун кабарчылары жеринен маалымдаганына караганда, тыгындын айынан айрымдар тосмодон өтүүгө аракет кылууда. Кээ бирлеринин кан басымы көтөрүлүп, өзүн жаман сезип кыйналгандар да бар, бирок аларга медициналык жардам көрсөткөндөр жок болууда.

Чек арачылар чыңалууга жол бербеш үчүн кары-картаңдарды, майыптарды жана кош бойлууларды кезексиз өткөрүп жатышат.

Жаздын келиши менен соода-сатык кылып каттагандар көбөйгөндүктөн «Достук» бекетинде мындай тыгын бир нече күндөн бери пайда болууда. Кечээ бул жерде 500дөй адам топтолгон учур катталган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы абалды комментарийлеп анын «эки тарабында тең кезек күткөн жарандардын саны көбөйгөнүнө байланыштуу учурда кошумча кабиналарды орнотуу иштери жүрүп жатканын» билдирген.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы 2005-жылы март жана Анжиян окуяларынан кийин жабылып, ары-бери өтүү кыйындаган. 2010-жылкы июнь коогасынан кийин чек арадан өтүү үчүн телеграмма, чакыруу сыяктуу кошумча документтер талап кылына баштаган.

2017-жылдын сентябрь айында кыргыз-өзбек «Достук» чек ара бекетинде эки тарапка өтүүнүн жол-жобосу жеңилдеген. Эки тарапка каттагандардын саны көбөйгөн. Мамлекеттик чек ара кызматы муну эки өлкөнүн ортосундагы сооданын жанданышы менен байланыштырууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

ЖАЛАЛ-АБАД МЭРИЯСЫ МЕНЕН ЮНИСЕФ УЮМУ КЫЗМАТТАШТАТ (ФОТО)

ЖАЛАЛ-АБАД МЭРИЯСЫ МЕНЕН ЮНИСЕФ УЮМУ КЫЗМАТТАШТАТ (ФОТО)

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондусу (ЮНИСЕФ) буга чейин төрт жыл аралыгында Жалал-Абад шаарындагы...

КООМ 2018-06-20  12:29

ЖАЛАЛ-АБАД: КӨП КАБАТТУУ 18 ҮЙ БОРБОРДУК ЖЫЛУУЛУККА КОШУЛАТ

ЖАЛАЛ-АБАД: КӨП КАБАТТУУ 18 ҮЙ БОРБОРДУК ЖЫЛУУЛУККА КОШУЛАТ

Жалал-Абад шаарында 200дөн ашуун көп кабаттуу үйлөр болсо, алардын араң гана 40ы борбордук жылуулук...

КООМ 2018-06-19  22:55

АЯРЛУУ БАЛДАРГА МАЙРАМ ТАРТУУЛАНДЫ (ФОТО)

АЯРЛУУ БАЛДАРГА МАЙРАМ ТАРТУУЛАНДЫ (ФОТО)

Жалал-Абад шаарындагы үй-бүлө тибиндеги “Ак-Бермет” жана “Ак-Жол” балдар үйлөрүнүн...

КООМ 2018-06-19  23:17

Түркмөнстандын аймактарында нан паспортун көрсөткөндөргө гана...

Түркмөнстандын аймактарында нан паспортун көрсөткөндөргө гана...

Түркмөнстандын аймактарында нан паспортун...

КООМ 2018-06-18  16:50

Кадыров юморист Слепаковдун ырына ыр менен жооп кайтарды

Кадыров юморист Слепаковдун ырына ыр менен жооп кайтарды

Чечен республикасынын башчысы Рамзан Кадыров юморист Семен Слепаковдун ырына ыр менен жооп кайтарды....

КООМ 2018-06-13  19:06

Бишкекте ала качууга каршы акция өттү

Бишкекте ала качууга каршы акция өттү

Бир жарым миңдей студент Бишкек шаарынын борбордук аянтында ала качууга каршы...

КООМ 2018-06-07  14:06

ЖАЛАЛ-АБАД: АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК

ЖАЛАЛ-АБАД: АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК

Эми Жалал-Абад шаарындагы бардык мекеме-ишканаларда, коомдук бирикмелерде, маалымат таркатуу...

КООМ 2018-06-07  19:40