KELECHEK

ЖАЛАЛ-АБАД: МЕДИЦИНАЛЫК МЕКЕМЕЛЕРДИН ИМАРАТТАРЫ ЖАҢЫЛАНУУГА МУКТАЖ (ФОТО)

ЖАЛАЛ-АБАД: МЕДИЦИНАЛЫК МЕКЕМЕЛЕРДИН ИМАРАТТАРЫ ЖАҢЫЛАНУУГА МУКТАЖ (ФОТО)

Жалал-Абаддагы мамлекеттик медициналык тейлөө мекемелеринин имараттарынын абалы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин шаардык бөлүмү тарабынан текшерилип, алардын авариялык абалда экени аныкталган. Бул тууралуу мэриянын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Гулина Базаркулова билдирди.

Бирок ага карабай эле ал жайларды калкты медициналык жактан тейлөө иши жүрүп келет. Мындай абал шаар мэриясы тарабынан ушу тапта жүрүп жаткан рейдде ачык болду. Бөлүм башчынын айтымында, рейд учурунда медициналык мекемелердин имараттарынын абалы, ал жерде түзүлгөн жалпы шарттар, санитардык абал, тейлөөнүн сапаты, жалпы эле ишмердүүлүгү текшерилип жатат. Текшерүү ишине шаардагы экотехинспекциянын, санитардык-эпидемиологиялык борборунун жана шаардык өзгөчө кырдаадар бөлүмүнүн адистери катышууда.

Айрым имараттардын абалы авариялык абалда экени текшерүү учурунда да даана көрүндү. Мисалы, шаардагы №1 Кеңеш берүү жана дартты аныктоо бөлүмүнүн имараты 1928-жылы курулуп, анда шаар тургундарын гана эмес, областтын башка да район-шаарларынан кайрылып келген бейтаптар да тейленет. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү имарат авариялык абалда деген чечим чыгарды.

- Мындан тышкары рейд учурунда, оорулууларды тейлөө, имараттагы түзүлгөн шарттар, калкка түшүндүрмө маалыматтардын илинүүсү да каралууда. Анткени элдин баары эле даарылануудагы жеңилдиктер тууралуу биле беришипейт. Текшерүүдөгү негизги максат бул тармактагы жаралган көйгөйлөрдү аныктоо менен калктын сапаттуу медициналык жардамдарын алуусуна шарт түзүү болуп саналат, - дейт Г. Базаркулова.

Ал эми областтык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчисинин орун басары Катча Пратованын айтымында, шаарда жайгашкан айрым медициналык тейлөө жайларындагы имараттар маселесинде көйгөйлөр бар. Азыр областтык үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору көйгөйлөрдү чечүү жолдорун кароодо. Алсак, ошол эле №1 Кеңеш берүү жана дартты аныктоо бөлүмүнүн имратын жаңылоо боюнча бийликтерге кайрылышкан.

- Андан тышкары, шаардагы эскилиги жеткен тез жардам кызматынын имаратын жаңылоо боюча чет элдик уюмдарга долбоор жазылып, азыр аталган жайдын имаратын жаңылоо иштери башталды, - дейт К.Пратова.

Эскерте кетсек, шаар аймагында 8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу бар, аларда жалпы 300 медицина кызматкерлери эмгектенет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Түркмөнстанда дары-дармек кымбаттады

Түркмөнстанда дары-дармек кымбаттады

Түркмөнстанда дары-дармектер тартыш болуп, кайрадан...

ДЕН СООЛУК 2018-07-30  15:39

Тажикстандык аял баласынын денесине ийне киргизгенин четке кагууда

Тажикстандык аял баласынын денесине ийне киргизгенин четке кагууда

Денесинен 10 ийне табылган наристенин апасы баласына атайылап ийне сайгандыгы боюнча айыптоолорду...

ДЕН СООЛУК 2018-07-26  04:45

Түркмөнстанда жаңы саламаттык сактоо объектилери ачылды

Түркмөнстанда жаңы саламаттык сактоо объектилери ачылды

21-июлда Түркмөнстанда кезектеги жолу медицина кызматкерлеринин...

ДЕН СООЛУК 2018-07-24  12:06

Өзбекстанда дарыгерлер аялдын жыныстык органына жасалган операцияны...

Өзбекстанда дарыгерлер аялдын жыныстык органына жасалган операцияны...

Сурхандарыя облусунун Термез шаардык ооруканасынын кызматкерлери сексуалдык зомбулукка кабылган...

ДЕН СООЛУК 2018-07-20  17:24

Жалал-Абад шаарындагы тез жардам кызматы жаңы имараттуу болушту

Жалал-Абад шаарындагы тез жардам кызматы жаңы имараттуу болушту

Жалал-Абад шаарындагы тез жардам кызматынын жаңы имараты ишке берилип,...

ДЕН СООЛУК 2018-07-18  14:51

Бүркүт кол салган кыздын абалы жакшы

Бүркүт кол салган кыздын абалы жакшы

Тоң районунда өтүп жаткан «Тескей жээк»...

ДЕН СООЛУК 2018-07-17  04:11

Тажикстанда салмагы 7,2 кило бала төрөлдү

Тажикстанда салмагы 7,2 кило бала төрөлдү

9-июлда Тажикстандын Куляб шаарында салмагы 7 кило 200 грамм ымыркай жарык...

ДЕН СООЛУК 2018-07-14  22:19