KELECHEK

ЖАЛАЛ-АБАД: ШААР КАЗЫНАСЫ БАЙЫП БАРАТАТ

ЖАЛАЛ-АБАД: ШААР КАЗЫНАСЫ БАЙЫП БАРАТАТ

Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджети жыл сайын өсүп баратат жана ага жараша шаарды өнүктүрүү долбоорлорун каржылоо жыл сайын  көбөйүүдө. Бул тууралуу шаардык каржы башкармалыгынан билдиришти.

Мисалы, беш жыл мурда же 2014-жылы шаар бюджетинин көлөмү 284 миллион сомду түзсө, быйылкы 2018-жылга карата анын көлөмү 328,5 миллион сомго жетти. Өткөн 2017-жылдагы анын көлөмү 317,5 миллион сомго барабар эле.

Быйылкы жылы шаар бюджетинин көлөмү кыйла жогорулашы мүмкүн, себеби быйылкы жылга карата айрым тейлөө кызматтарынын тарифтери жогорулатылып, жумушчу орундарын түзүү жагынан да позитивдүү аракеттер бар, - дешет шаар мэриясындагылар.

Өткөн жылы шаар бюджети шаар кеңешине шайланган саясий партиялардын пикир келишпөөчүлүгүнөн улам жыл аягында бекитилип, бюджеттин киреше бөлүгүнө да таасир берген.

Быйылкы 2018-жылга карата шаардын киреше бөлүгү 328,5 миллион сом болгону менен жалпы чыгашасы 410 миллион сомго жетмекчи. Себеби, өткөн жылы иштетилбей калган 82 миллион сом быйылкы жылы иштетилет.

Эгерде мурда шаардагы инфраструктуралык курулуш иштерине шаар бюджетинен 25-30 миллион сом гана иштетилип келсе, быйылкы жылы анан көлөмү 130-150 миллион сомго жетмекчи. 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Өзбекстанда Peugeot Citroen заводунун курулушу токтоп калды

Өзбекстанда Peugeot Citroen заводунун курулушу токтоп калды

Өзбекстандын Жизак облусундагы Uzbekistan Peugeot Citroen Automotive автоунаа заводунун курулушу токтоп...

ЭКОНОМИКА 2018-12-18  16:23

Казакстан Сенаты Каспийдеги «Курмангазы» кенин иликтөөнү улантууга...

Казакстан Сенаты Каспийдеги «Курмангазы» кенин иликтөөнү улантууга...

Казакстан парламентинин сенаты Каспий деңизинин казакстандык секторундагы...

ЭКОНОМИКА 2018-12-07  05:07

Өлкөдө 2019-жылы күйүүчү-майлоочу май кымбатташы мүмкүн

Өлкөдө 2019-жылы күйүүчү-майлоочу май кымбатташы мүмкүн

Эгер Орусиядан күйүүчү-майлоочу майды...

ЭКОНОМИКА 2018-12-06  15:57

Беш жылдын ичинде Өзбекстанда төрт ири ГЭС ишке берилет

Беш жылдын ичинде Өзбекстанда төрт ири ГЭС ишке берилет

Өзбекстанда беш жылдын ичинде кубаттуулугу 30 МВт ашкан төрт ГЭСтин...

ЭКОНОМИКА 2018-12-06  16:21

Жашыл климаттык фонд Кыргызстанга 10 млн. доллар грант бөлөт

Жашыл климаттык фонд Кыргызстанга 10 млн. доллар грант бөлөт

Жашыл климаттык фонд Кыргызстанга грант катары 10 млн. доллар...

ЭКОНОМИКА 2018-12-04  11:05

Грузиядан мыйзамсыз автоунаа ташыгандар аныкталды

Грузиядан мыйзамсыз автоунаа ташыгандар аныкталды

Грузиядан кымбат баалуу автоунааларды аткезчилик жол менен ташыган трансулуттук уюшкан топ...

ЭКОНОМИКА 2018-11-30  19:32