KELECHEK

Түркмөнстанда кызматкерлерди велосипед сатып алууга мажбурлашууда

Түркмөнстанда кызматкерлерди велосипед сатып алууга мажбурлашууда

Быйыл Түркмөнстандын ар бир мекеме-ишканасы массалык веложүрүшкө катышуу үчүн 3-6 киши жөнөтөт. Алар "шайтан арабаны" өз акчаларына сатып алышы керек. Айрым мекемелер ортого ачка чыгарып, велосипед алууну чечишти.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы билдиргендей, Түркмөнстанда велосипед чыгарган завод жок. Анын баасы орто эсеп менен 3000-4000 манат (850 доллар) турат. Учурда мекеме-ишканалардын жумушчулары веложүрүшкө катыша турган кесиптештери үчүн акча чогултушууда.

Өз булактар маалымдагандай, мамлекеттик кызматкерлер жумуштан айрылып калуудан коркуп, велосипед сатып алуу үчүн аргасыздан акча беришүүдө.

“Кызматкерлерге бул эл аралык иш-чара болгондуктан, ага катышып жатканына эле кубанышы керектигин айтышты”, – деди ал. Жетекчиликтин көрсөтмөсү менен велосипеддер сөзсүз ак түстө болушу зарыл.

Апрель айына белгиленген веложүрүштү мамлекет уюштурууда. Ага президент, өкмөт менен парламент мүчөлөрү, мамлекеттик кызматкерлер жана студенттер катышат. Бул иш-чара менен “Ден соолук жана бакубат жашоо” деп аталган бир айлык өнөктүк башталат.

Калк арасында дене тарбия-спорт жана маданий-агартуучу иш чараларды жайылтуу өнөктүгү 2015-жылы башталган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Франция футбол командасы дүйнө чемпиондугун утуп аталды

Франция футбол командасы дүйнө чемпиондугун утуп аталды

Франция курамасы

Франциянын футбол боюнча курама командасы Москвадагы «Лужники»...

СПОРТ 2018-07-16  00:52

ЖАЛАЛ-АБАД: БАЛДАР ҮЧҮН СПОРТТУК ЖАБДУУЛАР КУРУЛУУДА (ФОТО)

ЖАЛАЛ-АБАД: БАЛДАР ҮЧҮН СПОРТТУК ЖАБДУУЛАР КУРУЛУУДА (ФОТО)

Эми Жалал-Абад шаарынын жаш жеткинчектери дене-булчуңдарын чыңашып, өздөрү жашаган үйдүн короосунда...

СПОРТ 2018-07-14  22:40

Футбол-2018: Бразилия чейрек финалга чыкты

Футбол-2018: Бразилия чейрек финалга чыкты

1/8 финалдык бөлүктө Бразилияга Мексика туш...

СПОРТ 2018-07-04  11:45

2026-жылы дүйнөлүк футбол чемпионаты АКШ, Канада жана Мексикада өтөт

2026-жылы дүйнөлүк футбол чемпионаты АКШ, Канада жана Мексикада өтөт

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2026-жылы АКШ, Канада жана Мексикада...

СПОРТ 2018-06-14  15:07

Путин футбол чемпионатында Киев чабуул жасаса, кеспети оор болорун...

Путин футбол чемпионатында Киев чабуул жасаса, кеспети оор болорун...

Владимир Путин футбол боюнча дүйнө чемпионаты...

СПОРТ 2018-06-08  15:42

ФИДЕ президенти Өзбекстанды шахматтын мекени деп жарыялоону...

ФИДЕ президенти Өзбекстанды шахматтын мекени деп жарыялоону...

Эл аралык шахмат федерациясынын (ФИДЕ) президенти Кирсан Илюмжинов Өзбекстанды...

СПОРТ 2018-06-07  14:16

Ошто биринчи жолу бөбөктөрдүн жарышы өтөт

Ошто биринчи жолу бөбөктөрдүн жарышы өтөт

Ошто биринчи жолу 1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата «Алгачкы ийгилигим» аттуу жөрмөлөгөн...

СПОРТ 2018-05-29  15:36