KELECHEK

ЖАЛАЛ-АБАД: АЯРЛУУ ЖАРАНДАР ДА ЭКОНОМИКАГА САЛЫМ КОШУП ЖАТЫШАТ (ФОТО)

ЖАЛАЛ-АБАД: АЯРЛУУ ЖАРАНДАР ДА  ЭКОНОМИКАГА САЛЫМ КОШУП ЖАТЫШАТ (ФОТО)

Жалал-Абад шаарынын экономикасынын өнүгүшүнө шаардагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар да активдүү салым кошуп жатышат. Көзү азиздердин жана дүлөйлөрдүн кыргыз коомунун Жалал-Абаддагы окуу-өндүрүштүк ишканасы өткөн жылы 13 миллион 784 миң сомдук продукция өндүрүү менен бекитилген планды 196,9 пайызга аткарган. Бул тууралуу шар мэриясынын аймактык экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров билдирди.

Аталган ишкананын жетекчиси Үсөнбай Печеловдун айтымында, ишкана мүмкүнчүлүгү чектелген атуулдардын социалдык активдүү жашоого тартып, иш менен камсыз кылууга багытталган.

- Мында эмгектенгендер негизинен кол өнөрчүлүк менен алектенишет. Биздин кызматкерлерибиз ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгени менен өтө аракетчил, өз иштерин убагында аткарып, кызыгуу менен иш алып барышат. Алардын аракети менен жыл сайын  өндүрүлгөн продукциянын көлөмү да жогорулап жатат. Бирок, канчалык аракет кылганыбыз менен жетишпестиктер да бар. Учурда окуу-өндүрүштүк ишкананын имараты эскиргендиктен, азыркы талапка жооп бербейт жана тигүү  техникаларыбыз учурда жетишсиз болууда, - дейт Ү. Печелов.

Эскерте кетсек, көзү азиздердин жана дүлөйлөрдүн кыргыз коомунун окуу-өндүрүштүк ишканасын жамаатында 184 киши бар. Алардан  95и 1-топтогу көзү азиздер, 89у 3-топтогу угуу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелгендер. Ал эми 42си иш менен камсыз болушкан. Алар Жалал-Абад областындагы мекеме-ишканалар үчүн эмеректерди, жууркан-төшөктөрдү даярдап келет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Казакстан Кыргызстандын тоок этине чектөө киргизгенин «мыйзамсыз»...

Казакстан Кыргызстандын тоок этине чектөө киргизгенин «мыйзамсыз»...

Казакстандын Айыл чарба министрлиги Кыргызстандын казак тараптан тоок этин ташып...

ЭКОНОМИКА 2018-10-12  00:45

ЖАЛАЛ-АБАД: КАПИТАЛДЫК САЛЫМДАР АРТЫП БАРАТ

ЖАЛАЛ-АБАД: КАПИТАЛДЫК САЛЫМДАР АРТЫП БАРАТ

Жалал-Абад шаарында курулуш тармагында капиталдык салымдарды өздөштүрүү көлөмү улам артып баратат....

ЭКОНОМИКА 2018-10-12  01:42

ЖАЛАЛ-АБАД: ӨНӨР ЖАЙ ПРОДУКЦИЯСЫ ЭКИ ЭСЕГЕ ЖАКЫН ӨСТҮ

ЖАЛАЛ-АБАД: ӨНӨР ЖАЙ ПРОДУКЦИЯСЫ ЭКИ ЭСЕГЕ ЖАКЫН ӨСТҮ

Жалал-Абад шаарынын өнөр жай ишканалары өткөн тогуз ай ичинде чыгарылган продукциянын көлөмүн эки...

ЭКОНОМИКА 2018-10-12  01:51

Казакстандан тоок этин ташып келүүгө убактылуу чектөө киргизилди

Казакстандан тоок этин ташып келүүгө убактылуу чектөө киргизилди

Кыргызстан Казакстандан тоок этин ташып келүүгө убактылуу...

ЭКОНОМИКА 2018-10-11  02:28

Өлкөдө тойлорго мораторий киргизүү сунушталууда

Өлкөдө тойлорго мораторий киргизүү сунушталууда

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жаманкулов...

ЭКОНОМИКА 2018-10-08  01:06

Казакстан Өзбекстан менен бирге жаңы соода аймагын түзүүгө...

Казакстан Өзбекстан менен бирге жаңы соода аймагын түзүүгө...

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев өкмөткө...

ЭКОНОМИКА 2018-10-05  17:09

Өзбекстан менен Казакстан биргелешип спутник курууну пландоодо

ЭКОНОМИКА 2018-09-21  12:19