KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков: Коррупцияга каршы жалпыбыз күрөшкөндө гана натыйжа болот, мен бул күрөштүн башында турам

Президент Сооронбай Жээнбеков: Коррупцияга каршы жалпыбыз күрөшкөндө гана натыйжа болот, мен бул күрөштүн башында турам

Кечээ, 8-февралда Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө» маселе каралды.

Мамлекет башчысынын жыйындагы сөзүн толугу менен беребиз:

"Урматтуу жыйындын катышуучулары!

Коопсуздук Кеңешинде өлкөдөгү эң орчундуу маселелер талкууланат. Менин төрагалыгым менен өтүп жаткан биринчи жыйынга жогоруда айтылган актуалдуу маселе коюлду.

Коррупция менен күрөшүү –  өзгөчө маанилүү маселе. Коррупцияны улуттук коопсуздугубузга шек келтирген көйгөй катары баалайм. Коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш - мамлекеттүүлүгүбүздү, өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн сактап калууга тете.

Ошондуктан коррупция маселеси Коопсуздук кеӊешинин такай көзөмөлүндө болот.  Ар бир багытка атайын көӊүл буруп, өзүнчө карайбыз.

Бүгүн сот, прокуратура, күч жана коопсуздук органдарынын иши каралат. Булар коррупция менен күрөшө турган органдар. Тилекке каршы, коррупция менен күрөшө турган мамлекеттик структуралар өздөрү коррупцияга малынып, өз милдеттерин толук кандуу аткара албай жатат.

Мен өлкөнү түрө кыдырдым, дээрлик бардык аймактарда калайык-журтум менен жолуктум. Кыргызстандыктар буга чейин баштаган коррупцияга каршы чечкиндүү күрөштү улантууну, аны күчтөндүрүүнү, тазаланууну талап кылып жатат. Биз элдин үнүн угуп, ачуу чындыкка көңүл бурушубуз керек.Өлкөдөгү коррупция менен күрөш жалпы улуттук мүнөзгө ээ болушу керек. Коррупцияга каршы күрөш укук коргоо органдары менен эле чектелип калбайт. Күрөштү бардык чөйрөдө, бийликтин жогорку эшелондорунан тартып, ар бир айыл өкмөтүнө чейин жүргүзөбүз. Коомду коррупция деген илдеттен тазалашыбыз керек. Бул күрөштө эң башкы күч  - Президенттин саясий эрки!  Кыргыз элимдин, жалпы журтумдун  алдында “Коррупция менен күрөшүү - менин мамлекет башчысы катары ишимдеги эң приоритеттүү маселе” деп айткам.  Мындай саясий эрк менде бар, мен ал күрөшкө даярмын!  Силерден да Кыргызстанбызга, мекенибизге, таза, ак дилден кызмат кылууну талап кылам!

Урматтуу коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү!

Мамлекет тарабынан укук коргоо органдарынын кызматкерлерин колдоо жакшырып жатат. Акыркы үч жыл ичинде укук тартиби жана коопсуздук органдарынын кызматкерлери үчүн 25 үй курулган, 1418 кызматкердин үй-бүлөсү жаңы батирлүү болушту. Жакынкы убакта дагы  646 батирлүү 10 үйдүн курулушу аягына чыгат.

Кызматкерлердин эмгек акысы жогорулап жатат, пенсия менен камсыздоонун өлчөмү да көбөйүүдө. Булардын көлөмү башка мамлекеттик кызматтарга караганда  бир кыйла жогору. 2016-жылы укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ишин колдоо, аларга бюджеттен стимул берүү системасы иштей баштады.

Аталган органдардын материалдык-техникалык базасы жакшырууда.

Жогорудагылардын негизинде укук коргоо системасынын натыйжалуу иштеши үчүн мамлекет тарабынан тиешелүү шарттар түзүлүүдө деп айтсак болот.

Демек, бул органдардан жакшы натыйжаларды талап кылганга мамлекеттик бийликтин жана коомчулуктун толук укугу бар.

Жалпысынан алып караганда, укук коргоо системасы өзүнүн алдына коюлган милдеттерди аткарып жатат. Катардагы кызматкерлер күнү-түнү укуктук тартипти жана коомдун коопсуздугун камсыз кылууда. Негизинен алар өз милдеттерин кесипкөйлүк менен аткарып жатышат.

Бирок, “бир карын майды бир кумалак чиритет”  дегендей, бул органдардагы айрым таза эмес кызматкерлер жалпы системанын ишине көлөкө түшүрүп жатат. Ар кандай көмүскө схемаларды түзүшүп, оперативдик кызматкерлердин  жакшы аракеттеринин жыйынтыгын жокко чыгарып жатышат. Кылмышкерлерди ким кармайт? Күнү түнү, өмүрүн тобокелге салып, катардагы оперлер кармайт. Аларды кайра пара алып, ким бошотот? Ар бириӊердин аркетиӊерден өлкөнүн бекемдиги көз каранды. Укук коргоо органдары – мамлекеттин өзөгү. Силер таза эмес иштесенер мамлекеттин  өзөгү бошойт. Араңарда бар, милициянын атына көө сыйпап жаткандар бар. Баарыңар эмес. Мисалга, опердин эмгегин жокко чыгарган, өзүнүн эле эмес, жалпы милициянын абийирин акчага саткандар, милициянын атына көө жапкандар, көлөкө түшүргөндөр. Ушинтип, катардагы милициянын ишин жокко чыгара берсе, жан дили менен, энтузиазм менен ким иштейт?

Коррупциянын деӊгээлин иликтеген  “Трансперенси интернейшнел” эл аралык уюмунун рейтинги боюнча Кыргызстан 176 өлкөнүн ичинен 136 орунда турат. 

Бир кыйла жакшыруу динамикасына карабай, биздин эл аралык рейтингибиз дагы эле төмөн бойдон калууда.  Биздин позициябызды негизинен сот, укук коргоо жана көзөмөл органдары төмөндөтүп жатышат.

Мага эл аралык уюмдар өлкөбүздө өткөргөн акыркы социологиялык иликтөөлөрдүн жыйынтыгын беришти. Жумушсуздук жана коррупция көйгөйлөрү - коомду өзгөчө түйшөлткөн маселе болуп калды. 

Тилекке каршы, сурамжылоо бышыктап  тургандай, элдин ою боюнча, коррупциядан тазалоо иши  коомчулук күткөн  натыйжага жете элек.

Мамлекеттин өзөгү болгон  сот органдарында, прокуратурада, финансы полициясында, улуттук коопсуздук комитетинде жана ички иштер органдарында  коррупциянын орун алганы - өтө кооптуу.

Чоӊ кылмыштар ачылбай, майда кылмыштарга гана көңүл бурулуп, бийликтин жогору эшелондорунда тургандар кол тийбес болуп калды деген кайрылуулар менин дарегиме келип жатат.

Урматтуу коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү!

Күч түзүмдөрү коррупцияны жараткан факторлор менен эмес, негизинен алардан чыккан кесепеттер менен күрөшүүдө. Коррупцияны жаратып жаткан себептер жоюлбаса, ал кайра эле кайталана берет, күрөштүн жыйынтыгы чыкпайт.

Азыркы учурда укук коргоо органдары жакшы натыйжага жетпей, коомчулукту кыжалат кылып жаткан айрым орчундуу чөйрөлөрдү белгилеп кетейин.

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш ийгиликтүү болбой жатканынын негизги себеби – коррупция.

Эксперттердин айтымында, криминалдык чөйрөдөгү капитализациянын көлөмү абдан чоӊ суммага жетти.  

Уюшкан кылмыштуулук чөйрөсүндө чоӊ өлчөмдөгү акчалардын агымы - укук коргоо жана сот органдарындагы жогорку кызмат адамдарынын катышуусу болбосо, мүмкүн эмес.

Уюшкан кылмыштуу топтор наркотиктердин транзитин жана товарлардын контрабандасын тынымсыз жүргүзүүдө. Алар ири рентабелдүү бизнести, өзгөчө акциз товарлары менен байланышкан бизнести калкалоо менен алектенишет. Күч түзүмдөрүндө коррупция болбосо, криминалдык топтор бул иштерди жасай албайт.

Наркокоррупцияны өзүнчө белгилөө керек. Коррупциялык кирешелердин экинчи чоӊ бөлүгү наркобизнес менен байланыштуу.

Эл аралык “түндүк транзит маршрутунун” бар экенин эч ким тана албайт. Ири өлчөмдөгү баӊгизаттар, чоӊ суммадагы акча каражаттары айланып, көптөгөн адамдар аралашып жатканы маалым.

Баӊгизаттарды көзөмөлдөө кызматын Ички иштер министрлигине өткөрүп берип, күчөткөнүбүзгө карабай, бул багыттагы иш начарлап кетти. 

Укук коргоо органдары 2016-жылы 166 килограмм героин кармалды десе, өткөн жылы болгону 101  килограмм героин кармалды деп маалымат беришти.

Мындай начар жумуштун негизги себеби  укук коргоо органдарындагы коррупцияга барып такалат. Эмне үчүн булар жөнүндө эч кандай чечкиндүү иш – чаралар, сунуштар жок? Бул фактылар Кыргызстандын эл аралык аброюна шек келтирип жатат.

Коррупциянын дагы бир кесепетинен бюджетке миллиардаган сомдор түшпөй келүүдө. Салык, бажы тармагында жана өлкөнүн сырткы соода чөйрөсүндө чоӊ резервдер бар. Бирок, көмүскө схемалар аркылуу миллиарддаган каражаттар бюджеттин сыртынан кетүүдө. 

Бюджетке каражаттын түшпөй жатышына, биринчи кезекте, фискалдык органдардагы коррупция себепкер. Бирок, укук коргоо органдары катышпаса, мындай  көмүскө схемалар ишке ашпайт.

Айта кетейин, ЕЭБдин алкагында товарларга байкоо жүргүзүү багытындагы жумуштардын баарын бүтүрүш керек. Фискалдаштыруу боюнча мыйзамдар Жогорку Кеӊешке кирген, аларды  кечиктирбей кабыл алуу зарыл. Ошондо адам фактору азаят, коррупция кыскарат, бюджетке түшүүчү ресурстардын көлөмү өсөт.

Укук коргоо органдарынын көмүскө схемаларга, экономикалык кылмыштарга тыгыз аралашканы белгилүү. Мисалы, ар кандай негиздер менен ишкерлерге карата көптөгөн кылмыш иштерин козгошот. Аларды иликтөө узакка созулат, бир канча убакыттан кийин ал иштердин көбү жабылып, сотко чейин жетпей калат.  

Укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупциядан, биринчи кезекте, өз бизнесин таза жүргүзүп, мамлекеттик бюджетке салыктарды төлөп жаткан ишкерлер жапа чегүүдө. Мыйзамсыз текшерүүлөрдөн биринчи кезекте дал ошол ишкерлер өтө оор зыянга учурап, банкроттукка туш болуп, ишин жабууга мажбур болууда.

Биз өлкөдө саясий конкуренцияны түздүк. Эми мамлекет чынчыл бизнесмендерди колдоп, ишкер чөйрөдө адилет конкуренцияны орнотушу керек.

Таза бизнес элди багат, ал эми “калкалоосу” барлар коррупционерлерди багат.

Урматтуу сот, укук коргоо жана көзөмөл системасынын кызматкерлери!

Силерге адилеттүүлүктү камсыз кылуу милдети жүктөлгөн. Коррупцияга каршы негизги соккуну сот, укук коргоо жана көзөмөл органдары жасашы керек эле.  Бирок андай болбой жатат. Бул органдар өздөрүнүн системасындагы коррупцияга туруштук бере албай жатат.

 Кылмыш иштерин анализдеп көрсөк, жогоруда айтылган коррупциялык көрүнүштөрдүн болуп жаткандыгына ынанабыз.

Мен Премьер-министр болуп иштеген мезгилден берки жагын эле карайлы.

Акыркы 2 жыл ичинде укук коргоо органдары тарабынан 76 миӊден ашык кылмыш иши козголгон. Анын ичинен болгону 30 пайызы гана сотко жөнөтүлгөн. Козгологон кылмыш иштеринин 12 пайызы боюнча гана кылмышкерлер жоопкерчиликке тартылган.

Жалпы иштердин 43 пайызы тергөө тарабынан токтотулган же кыскартылган. Анын ичинен 85 пайызы “күнөөгө шектүү адамдар табылган жок" деп токтотулган.

Бардык экономикалык жана кызматтык кылмыштар боюнча шектүү адамдар белгилүү. Силер аларды кармап, кылмыш жоопкерчилигине тартпай жатасыӊар.

Ошол эле убакта 656 иш кылмыш курамынын жоктугунан кыскартылган. Демек, 656 иш мыйзамсыз козголгон.

Ички иштер министрлигинин кылмыштуулукка каршы күрөшүнүн жыйынтыгы алдыӊардагы слайдда жакшы көрүнүп турат.        

Ички иштер органдары тарабынан өткөн эки  жылда 65 миӊ кылмыш иши козголгон. Анын ичинен соттук кароого болгону 30 пайызы гана жөнөтүлгөн. Башкача айтканда, ар бир үч иштин экөөсү сотко жиберилген эмес.

Сотко жиберилген иштердин 44 пайызы боюнча  соттор тарабынан айыпталуучулар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган. 13 пайызы боюнча гана кылмыш жоопкерчилигине тартылып, анын жарымынан азы боюнча эркинен ажыратылган.

Экономикалык жана коррупциялык кылмыштарды иликтей турган финансы полициясы 2016-2017-жылдары 3807 кылмыш иши козголгон. Бирок алардын 23 пайызы гана сотко жөнөтүлгөн. Ар бир 5 иштин дээрлик төртөө сотко жиберилген эмес.

Козголгон кылмыш иштеринин 10 пайызы боюнча гана соттор тарабынан айыпталуучулар кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Сотко жөнөтүлгөн иштердин 27 пайызы боюнча кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган. Болгону  41 кылмыш иши боюнча эркинен ажыратуу өкүмү чыккан.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети акыркы эки жыл ичинде 2 миӊден ашык кылмыш ишин козгогон.

Бирок, алардын 29 пайызы гана сотко жөнөтүлгөн, алардын жарымы боюнча айыпталуучулар кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Улуттук коопсуздук комитетинин Антикоррупциялык кызматы – АКС - кылдат көңүл бурууну талап кылат.

АКС бийликтин жогорку эшелонундагы жана  улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген коррупциялык кылмыштар менен күрөшүү үчүн түзүлгөн.

Бирок, тилекке каршы, анын айрым кызматкерлери өзүнчө бир кол тийбес кастага айланып калышты. Бул жашыруун эмес, эл муну көрүп турат. Мындай кызматкерлер бүтүндөй АКСтин аброюна терс таасирин тийгизүүдө.

2017-жылы АКС кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү багытында болгону 22 пара алуу фактысын  аныктаган. Башкача айтканда, орто эсеп менен бир айда бир жарым факты аныкталган. Өткөн жылда АКС ири жана өзгөчө ири өлчөмдө мамлекеттик мүлктү менчиктеп алуунун болгону 2 гана фактысын далилдеген.

АКС эки жыл ичинде 485 кылмыш ишин  козгогон. Анын ичинен 118 иш гана сотко жөнөтүлгөн, 37 гана иш боюнча айыптоо өкүмү чыгарылган.

Жогорудагы 485 кылмыш ишинин 154ү кыскартылган жана токтотулган.

Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу,  адалдоо иштерин аныктоо жана ага катышкан кызмат адамдарын жоопко тартуу боюнча АКСтын жумушу көрүнбөйт.

Коррупциялых схемаларды аныктап, ачыкка чыгаруу боюнча биз талап кылгандай натыйжаларга жетишкен жок, көмүскө схемаларды билсе да, ачыкталган жок. Мугалимдерди, социалдык тармактагы кызматкерлерди 1500 сом, 8000 сом менен пара менен кармап, бирок ири кылмыштардын бетин ачууга тийиштүү көӊүл бурулган жок.

АКСтын алдына койгон пландары чаржайыт, кайталанма түрүндө болуп, коюлган талаптарга жооп бербей жатат. 

Аталган фактылар АКСтин ишмердиги  натыйжасыз  болуп жатканын көрсөтөт.

Ошого байланыштуу, АКСтин ишин жаңы форматка өзгөртүү зарылдыгы келип жетти деп эсептейм.

АКСтын кадрдык курамында турган ар бир кызматкердин ээлеген ордуна туура келээрин карап чыгуу зарыл.

Эми Жазаларды аткаруу кызматынын ишин карайлы. Айрым кызматкерлер, атап айтканда, колониялардын жана түрмөлөрдүн кызматкерлери криминалдык чөйрө менен тыгыз аралашып кетишкен. Кызматкерлердин айрым функцияларын  кылмышкерлер аткарып калышкан. Бул көрүнүш коррупциянын акыркы чегине жеткенин далилдеп турат! 

Колонияларда жана түрмөлөрдө криминалдын төбөлдөрү өзүн эркиндикте жүргөндөй эле сезип калышкан. Камакта отургандар үчүн бангизатка, мобилдик байланышка жана интернетке жетүү оӊой эле болуп калган.

Бул көрүнүштөрдү түп тамырынан бери өзгөртүү керек. Болбосо,  мындай илдет бул системаны  жеп жок кылат. 

Мен бул Кызматтагы кырдаалды жоюу боюнча токтоосуз, чечкиндүү кадамдарды талап кылам!

Эми Башкы прокуратуранын ролуна токтолуп кетели. 

Башкы прокуратура коррупцияга каршы күрөштө  улуттук координатор болуп саналат. Бирок, азыркы учурда бул милдетти натыйжалуу аткара албай жатат. Коррупциянын алдын алуу маселесинде дале болсо бирдиктүү аракет болбой, ички карама-каршылыктар, мамлекеттик эмес, ведомстволук гана кызыкчылыктарды коргоо байкалууда.

Мыйзамсыз жана негизсиз текшерүүлөр көп. Мамлекеттик органдардан жана айыл өкмөттөрдөн текшерүүчү органдар тарабынан бирин бири кайталаган текшерүүлөр жүргүзүлүп жатканы тууралуу көптөгөн арыздар мага келүүдө. Аларды токтотуу, көзөмөлгө алуу прокуратурага жүктөлгөн.

Бирок андай болбой жатат, ал тургай, прокуратура органдары өздөрү жүргүзгөн  текшерүүлөр көп болуп жатат.

Мисалы, 2016-жылы прокуратура 8877  текшерүү жүргүзгөн, анын 8 пайызы боюнча  гана кылмыш иши козголгон. Козголгон иштердин 50 пайызы гана сотко жөнөтүлгөн.

Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн болгону 1,6 пайызы  боюнча гана сот тарабынан айыптоо өкүмдөрү чыккан, анын ичинен 8 эле иш боюнча айыпталуучу эркинен ажыратылган.

Эми соттордун өздөрүнө тиешелүү фактыларга токтоло кетейин.

2016-2017-жылдары сот органдарына 22 600 дөн ашык  кылмыш иши келип түшкөн.  Алардын 9 миӊге жакыны, же 40 пайызы соттор тарабынан кыскартылган же токтотулган.

Адилеттикке жетпей, узак убакыт бою канчалаган жарандар соттордо жүрөт, соттор ишти атайлап созгон учурлар көп кездешет.

Эч кандай өкүм чыкпай, айлап-жылдап СИЗОдо жаткандар дагы бар. Алардын өзү эле эмес, үй-бүлөсү кошо жабыркап жатпайбы. Мыйзамда белгиленген убакта же камалып, же акталыш керек да. 

Адилеттикти камсыз кылат деп эл үмүтүн арткан соттордун өздөрүнө карата акыркы он жылда 97  кылмыш иши козголгон.  Алардын жарымы тергөө тарабынан кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган.

Ал эми, 46 кылмыш иши сот органдарына жөнөтүлүп, сот тарабынан 23 иш боюнча айыпталуучу кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган.

Соттордун үстүнөн козголгон  кылмыш иштеринин 8 гана пайызы боюнча айыпталуучу кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Жарандардын арыздарын кароо тууралуу да айта кетейин.

Акыркы эки жылда эле Президенттин дарегине укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерине даттануулар менен жарандардан 5 480 кайрылуулар келип түшкөн.

Сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарынын жетекчилери жарандарды жеке кабыл алууга маани бербей  жатат. Жарандар силерге арыз-муңумду угат деген үмүттө кайрылышат. Бирок, барыӊар эле аларды кабыл ала бербейсиӊер.  Өткөрмө пункттары менен курчалып, күзөтчүлөрдү коюп алып, силер элге жеткиликтүү болбой калдыӊар.

Күч түзүмдөрү деп эл силерден коргоо издесе, силер өзүӊөр жан сакчылар менен жүрөсүӊөр, анан кантип элди коргойсуӊар?

Сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарынын дарегине болгон ар бир олуттуу арыз менин көзөмөлүмдө болот. Элге жакын болуп, ар бир арызга тез жана сапаттуу жооп кайтаруу гана укук коргоо органдарынын кадыр-баркын көтөрүп, элдин ишенимин кайтарат.

Жарандардын кайрылууларына жакшы көӊүл бургула. Эгерде алар жоопсуз калса, же чечим кабыл алынбаган болсо, анда министрликтин же ведомствонун жетекчиси жоопкерчилик тартат.

Адамдык факторду азайтып, жарандарыбызга ынгайлуулукту түзүш үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн басымдуу көпчүлүгүн электрондук форматка которуу керек. Бул максатта 370 электрондук кызматты   көрсөтүүгө багытталган “Түндүк” системасын ишке киргизүүгө мезгил жетти, ал система даяр. Ага зарыл болгон мыйзамдар кабыл алынган.

 Урматтуу Коопсуздук кеӊештин мүчөлөрү!

Жогоруда айтылгандардын баары кадрлардын сапаты менен байланыштуу. Ошондуктан эӊ орчундуу маселеге - укук коргоо органдарында орун алган кадр саясатына өзгөчө көӊүл буруу зарыл.

Кемчиликтердин көбү кадр тандоо ишинин начардыгынан болуп жатат. Азыр бир тенденция түзүлүп калды: айрым начальниктер жарым жылдан өтпөй кызматтарынан бошотулса, башкалары катуу сын-пикир айтылып жатса деле, өз кызмат орундарында  5-6 жылдап отурушат.

Туура эмес кадр саясаты органдардан мыкты кадрлардын кетүүсүнө, кесипкөйлүктүн бошоӊдушуна алып келүүдө. Бул терс көрүнүштү тез арада жоюушубуз керек, мыкты, кесипкөй кадрларды сакташыбыз зарыл!

Урматтуу катышуучулар!

Коррупцияга малынгандарга өз элинин,  мамлекетинин, ишинин кызыкчылыгын, кесиптештерин саткандар деп мамиле кылуу керек. Алардан тазалануубуз зарыл. Мамлекеттик органдарга кайрадан ишке орношууга эч кандай мүмкүнчүлүк калтырбашыбыз керек.

Коррупцияга каршы чечкиндүү күрөштү күчөтөбүз.  Мен укук коргоо, көзөмөл жана сот системаларын тазалоо боюнча токтоосуз чараларды көрүүнү талап кылам.

Дагы бир жолу кайталап айтайын. “Бир карын майды бир кумалак чиритет” дегендей, айрым таза эмес кызматкерлерден арылышыбыз керек.

Өз тармагыӊарды оӊдоп, ишти тартипке келтиргиле.

Силерге дагы бир мүмкүндүк берип жатам.

Бирок, мөөнөт кыска болот, жыйынтыктарды создуктурбай чыгарабыз. Менин талаптарым катуу болот."

 8-февраль, 2018-жыл

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24