KELECHEK
rek

Түркмөнстан: окуучулардын телефондорунда уят видеолордун бар-жоктугу текшерилүүдө

Түркмөнстан: окуучулардын телефондорунда уят видеолордун бар-жоктугу текшерилүүдө

Түркмөнстан (Иллюстрациялык сүрөт)

Түркмөнстандын Дашөгүз шаарындагы жана бир катар район борборлорундагы мектептерде окуучулардын телефондорунда уят видео жана сүрөттөрдүн бар-жоктугу текшерилип, кыздар гинекологдун текшерүүсүнө жөнөтүлүүдө.

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын маалыматына караганда, өткөн аптада облустагы билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, дарыгерлер, атайын кызмат жана полиция өкүлдөрү эскертүүсүз мектептерге барып, жогорку класстын окуучуларынын телефондорун жыйнап кетишкен. Кийинчерээк текшерүүнүн максаты — аларда мультимедиялык файлдардын бар-жоктугун аныктоо болгону кабарланды.

Өз булактар билдиришкендей, мындай текшерүүлөр облус жетекчисинин билим берүү жана маданият боюнча орун басарынын буйругу менен жүргүзүлүүдө.

"Эч кандай эскертүүсүз келип телефондорубузду чогултуп кетишти. Текшерүүнүн себептерин да түшүндүрүшкөн жок. Бирок кийинчерээк алар порнографиялык мүнөздөгү видео жана сүрөттөрдү издегени белгилүү болду. Андай файлдар жогорку класстын дээрлик бардык окуучуларынын телефонунан табылды", - деди облустагы мектептердин биринин окуучусу.

Айтымында, андан соң уят тасмалар табылган окуучулардын телефондору алынып, ата-энелердин катышуусунда алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

"Жогорку класстын кыздарын гинекологдор текшеришти. Кыздык белгиси жоктордун ата-энеси чакыртылып, аларды мектеп алдында уяткарышты. Бул текшерүүлөрдөн кийин мектеп директору жумуштан алынды", - деп билдирди басылманын өз булагы.

Дашөгүз облустук акимчилигинен текшерүүлөрдүн максаты тууралуу түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.

Бирок аты-жөнүн билдиргиси келбеген жергиликтүү полиция кызматкеринин айтымында, текшерүүлөр акыркы кездери сойкулук менен алектенген мектеп курагындагы кыздардын көбөйүп кеткендигине байланыштуу жүргүзүлдү.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30