KELECHEK

Тажикстанда гелиотроптук гепатит оорусу жайылууда

Тажикстанда гелиотроптук гепатит оорусу жайылууда

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдук облусунда бир үй-бүлөнүн алты мүчөсү гелиотроптук гепатит менен ооруканага жаткырылды. Бул оору жарандык согуш маалында Хатлон облусунун ондогон жашоочусунун өмүрүн алган.

Гелиотроптук гепатит – гелиотроп отоо чөбү кошулуп кеткен ундун нанын жегенде пайда болуп, адамдын боорун начарлатат. Оорунун алгачкы учурларында боор чоңоюп, андан соң сарыкка мүнөздүү болгон башка белгилер пайда боло баштайт.

Быйыл 31-январда бул оорудан Ишкашим районунда жашаган 13 жаштагы бала каза тапкан. Учурда Хорог шаардык ооруканасында ал үй-бүлөнүн дагы эки мүчөсү оор абалда жатат.

Ал ортодо аталган райондогу Птуп айылында дагы эки үй-бүлө, жалпысынан 20 киши гелитроптук гепатит оорусу менен ооруканага жаткырылганы кабарланды.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, Тоолуу Бадахшан автономдук облусуна жөнөтүлгөн адистер тобу ооруга буудай менен кошо тегирменге түшкөн гелиотроп чөбү себеп болгонун аныкташкан.

Бул оору Тажикстандын түштүгүндө 1992-жылдары жайылган. Анда бул дартка 8 миңден ашык киши кабылып, кеминде 500дөйү каза тапкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Өзбекстанда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү бейтапка кол...

Өзбекстанда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү бейтапка кол...

Өзбекстан Саламаттык сактоо министрлигинин аткаминери Ресубликалык инфекциялык ооруканада...

ДЕН СООЛУК 2018-05-17  19:14

Ысык-Көлдөгү санаторийде он үч адам ууланды

Ысык-Көлдөгү санаторийде он үч адам ууланды

Ысык-Көлдөгү “Аврора” санаторийинде 13...

ДЕН СООЛУК 2018-05-08  19:27

Түркмөнстанда «ден соолук айында» алкогол жана тамеки сатууга тыюу...

Түркмөнстанда «ден соолук айында» алкогол жана тамеки сатууга тыюу...

Адатта «ден соолук» айынын алдында Ашхабадда дүкөн...

ДЕН СООЛУК 2018-04-14  16:05

Казакстанда жүзгө жакын киши балмуздактан ууланды

Казакстанда жүзгө жакын киши балмуздактан ууланды

Казакстандын Чымкент шаарында балмуздактан уулангандардын саны...

ДЕН СООЛУК 2018-04-04  16:24

Бишкекте уулангандардын саны 75ке жетти

Бишкекте уулангандардын саны 75ке жетти

Бишкектеги “Ала-Тоо” ресторанында тоок этине уулангандардын саны 75ке жетти. Бул тууралуу...

ДЕН СООЛУК 2018-04-02  17:53

Таласта дарыгер борбордон хирургдун келишин күтүп, 8 саат бейтаптын...

Таласта дарыгер борбордон хирургдун келишин күтүп, 8 саат бейтаптын...

Талас облусунун Бакай-Ата аймактык ооруканасынын хирургу венасына бычак урулган бейтаптын жаратын...

ДЕН СООЛУК 2018-02-26  12:27

ЖАЛАЛ-АБАД: МЕДИЦИНАЛЫК МЕКЕМЕЛЕРДИН ИМАРАТТАРЫ ЖАҢЫЛАНУУГА МУКТАЖ...

ЖАЛАЛ-АБАД: МЕДИЦИНАЛЫК МЕКЕМЕЛЕРДИН ИМАРАТТАРЫ ЖАҢЫЛАНУУГА МУКТАЖ...

Жалал-Абаддагы мамлекеттик медициналык тейлөө мекемелеринин имараттарынын абалы Өзгөчө кырдаалдар...

ДЕН СООЛУК 2018-02-26  15:16