KELECHEK

Азербайжанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт

Азербайжанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт

Азербайжан президенти Ильхам Алиев кезексиз президенттик шайлоону 11-апрелге дайындады. Октябрга белгиленген шайлоо мөөнөтү эмне себептен жылдырылганы айтылган жок.

Алиев – Азербайжан башкаруу партиясынан талапкер.

2016-жылы Азербайжанда Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөн.

Ага ылайык, президенттин ыйгарым укуктары беш жылдан жети жылга узартылган. Бийликти атасынан мурастап калган 54 жаштагы Алиев 2003-жылдан бери өлкө башчы. Үч жолу (2003, 2008 жана 2013-жылдары) президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен. Анын ыйгарым укуктары 2018-жылы аякташы керек болчу.

Баш мыйзамдагы башка бир өзгөртүүлөр боюнча өлкөдө эки вице-президенттик кызмат түзүлгөн. Экөөнү тең ишке президент дайындайт жана бошотот. Эгер президент ыйгарым укуктарын аткара албай калса, бийлик премьер-министрге эмес, биринчи вице-президентке өтөт.

2017-жылы Алиев өз аялы, Межлис депутаты Мехрибан Алиеваны Азербайжандын биринчи вице-президенти кылып дайындаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Грузиядагы президенттик шайлоодо Саломе Зурабишвили жеңишке жетти

Грузиядагы президенттик шайлоодо Саломе Зурабишвили жеңишке жетти

Саломе Зурабишвили

Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, президенттик...

Шайлоо 2018-11-29  18:48

Грузияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүүдө

Грузияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүүдө

Грузияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы...

Шайлоо 2018-11-28  17:50

Армения: парламенттик шайлоого 9 партия жана 2 блок талапкерлерин...

Армения: парламенттик шайлоого 9 партия жана 2 блок талапкерлерин...

14-ноябрь кечинде Арменияда партиялар менен блоктордун талапкерлеринин тизмелерин кабыл алуу...

Шайлоо 2018-11-16  03:43

АКШнын Невада штатындагы шайлоодо каза болгон талапкер жеңишке жетти

АКШнын Невада штатындагы шайлоодо каза болгон талапкер жеңишке жетти

АКШдагы Өкүлдөр палатасына болгон шайлоодо...

Шайлоо 2018-11-09  04:28

Трамп шайлоо боюнча атайын прокурордун суроолоруна жооп берүүнү...

Трамп шайлоо боюнча атайын прокурордун суроолоруна жооп берүүнү...

АКШ президенти Дональд Трамп 2016-жылдагы президенттик шайлоого Орусиянын ыктымал...

Шайлоо 2018-10-30  18:42

Грузияда президенттик шайлоонун экинчи туру болот

Грузияда президенттик шайлоонун экинчи туру болот

Грузияда президенттике талапкерлердин бири дагы жеңишти камсыздай турган 50...

Шайлоо 2018-10-29  17:49

ЕККУ Түркиядагы шайлоодо талапкерлерге бирдей шарт түзүлбөгөнүн...

ЕККУ Түркиядагы шайлоодо талапкерлерге бирдей шарт түзүлбөгөнүн...

Стамбулдагы шайлоо тилкеси. 24-июнь, 2018-жыл

Түркияда президенттик...

Шайлоо 2018-06-26  16:37