KELECHEK
rek

Турдакун Усубалиев чын эле доор инсаныбы? (ПИКИР)

Турдакун  Усубалиев чын  эле доор  инсаныбы? (ПИКИР)

Жакында Айзада Тойгонбаеванын "Турдакун Усубалиев доор инсаны" деген  теле берүүсүн көрүп олтуруп, адилеттүүлүк үчүн, тарых үчүн, мен  дагы өз оюмду билдирип коюну  туура  көрдүм.

Анткени  элибиз  чындыкты  билүүгө  акылуу.  Калк  айтса, калп  айтпайт. “Эмне дейт?” деп  Москваны  карап  олтура  бербей, демилгени колго  алып, өз алдыбызча  саясат жүргүзгөнүбүздө, мүмкүн  мындан да жакшы иштер жасалмак эле да” - деген оюн гана айтып келишет. Бул  сөздөрдүн  кандайдыр бир деңгээлде  чындыгы  бар экендигин  моюнга алышыбыз керек. Телеберүүгө  катышкан  аксакал аттууларыбыз  бир  кездерде  кызматка  койгон,  жетекчиси  болгон  кишисин  биринен-бири  өтүп  ашкере  мактаганын  көрүп  олтуруп, байыркы  грек  элинин  даанышманы  Платондун  “Ооба, Сократ  менин  устатым, бирок чындык  андан  кымбат”,- деген акылман сөзү эсиңе түшөт. Аттиң, бизде андай болмок кайда. «Вождь  мирового  пролетариата»  аталган  В. И. Ленинди деле  сындап  келбедикпи. Эмне  үчүн  Турдакун Усубалиевдин  агын  ак,  карасын кара  дегенге  болбосун?

Биринчиден: 1974 – жылы  СССРдин  министрлер  советинин төрагасы Алексей Николаевич Косыгин  жергебизге  биринчи жолу келип  түшкөндө,  таң калганын  жашыра  албай,  Т. Усубалиевден  “Шаарыңар  кайда?”  деп  сураганын  укканыбыз бар.  А. Жумагулов айткандай,  ал  кезде  шаарыбыз  чоң  эле  бир  кыштак  экен. Ошол  кездеги  А. Н. Косыгин менен  жолугушууга  келип  аралашып  калган кишилердин айтуусуна  караганда, ал  киши  биздин уруксатыбызды күтүп, эмне  дейт деп олтура бербей, көп  кабаттуу  үйлөрдү,  кеңселерди  куруп,  шаарыңардын  архитектурасын  өзгөртүп, көркүнө чыгаргыла  деген  кеңешин берген  турбайбы. Мына ошондон кийин гана көп кабаттуу үйлөр, кеңселер, музейлер курулуп, үстүнө мрамордон чепкен кийинип шаарыбыз шаардай  болуп  көркүнө чыкканын элибиз жакшы билет.

Экинчиден: Жалал-Абад дубанында жайгашкан “Кампырабад” суу сактагычын айта турган болсок, суусу да, жери да Кыргызстандыкы болгондугуна карабастан суу сактагычты куруу  вазыйпасы өзбек тарапка өтүп кеткен. Азыркы учурда суу сактагычка өзбектер ээлик кылат жана сууну ошолор бөлүштүрөт. Кырк жылдан бери “Чычкан аке суу бер” - деп араң сурап алабыз. Себеби ошол кезде Москвага таасири чоң Шараф Рашидовдун бул чөлкөмдө “Старший брат менмин” - деген сөзү өтүмдүү болсо керек. Ал кезде Турдакун Усубалиев, Алмазбек Атамбаев Назарбаевге айткан каяшаны Ш.Рашидовдон өтүнүп айта албаган окшойт. Учурдан пайдаланып айтып коюш керек, А.Атамбаев азуусун көрсөтүп туура эле кылыптыр. Кимдир бирөө Гагарин болушу керек эле да. Н.Назарбаев билгизбегени менен бөйпөңдөп эле калбадыбы.

Ал, ал болду дейли. Эки тараптуу келишимде көрсөтүлгөн Левобережный Кампырабад каналы, Кадамжай районуна чейинки сугат жерлерин камтый турган канал курулбай калган. Экинчиден суу сактагычтын алдында калган жердин ордуна жаңы жерлерди өздөштүрүп беребиз  деген убадасын да толук аткарган эмес. Суу сактагыч 1978-жылы ишке берилген. Жогорудагы биз айткан Кампырабад каналы келишим боюнча суу сактагыч менен бирге курулуп, бирге ишке берилиши керек болчу. Союз таркабаганда, курулмак деген болбогон шылтоо. Мындай чоң стратегиялык  мааниге ээ объектилердин тагдырын чечиш үчүн маселени Москвага кабыргасынан койгонго Т.Усубалиевдин эрки жетпедиби же кайдыгерлик кылдыбы, бизге чоң сыр бойдон калууда.

Үчүнчүдөн: Улуттук маданиятыбыздын башаты  болгон эне тилибиз болуп көрбөгөндөй кыйроого учурады. Айтсак, илим-билимдин ордосу болгон баш калаабыз дээрлик орус бала-бакчалары менен орус тилиндеги мектептерге айланды. Кыргызстан-Киргизия болду. Жаштарыбыз кыргыз болбой, «киргиз» болду. Мындай ашыкча кошоматчылыктын  кимге кереги бар эле, эгерде андан эне тилибиз зыян тартып жатса?

Төртүнчүдөн: Мал чарбасындагы өсүштү айтып мактадыңар. Өндүрүштүн баардык тармагын, өзгөчө мал чарбасын  «приписка» деген балекетин тумандай каптап, 100нөн 190дон жел козуларды алып анан союздун түбүнө жетпедик беле. Мунун эмнесин эрдик дейсиңер? Буларга окшогон далилдерди айта берсең ондоп саналат. Мүмкүн Турдакун Усубалиев адам катары жакшы кишидир. Андай дейин десең, жер жамандап барбасын, бийликтен кеткен алгачкы жылдарында жазылган эки томдук эмгегинде “Мени М.Гарбочев  күнөөм жок эле кызматтан алып койгон. Ага А.Масалиевдин катышы бар”,- деп жазган эле. Ооба, бирөөгө ор казсан, кең каз – дейт элибизде.  Кезинде бейишиң болгур Искак Раззаковду да күнөөсү жок эле кызматтан алышканын, ага Т.Усубалиевдин катышы бар экени жөнүндө айың кептер көп эле айтылып келген. Дагы бир айтып кетчү нерсе: мындан бир эки жыл мурун кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал Түгөлбай Казаковдун «Улутман» теледолбоорунда талкууга коюлган маселе, И.Раззаковдун   кейиштүү тагдырына байланыштуу болуп, анда И.Раззаков “Туулган жеримдин топурагы буйруса, өз жериме барып өлөйүн” - деген ойдо Кыргызстандын алыскы айылдарынын бирине барганга өтүнгөн өтүнүчү таш капканда, кантип каңырыгы түтөгөнүн эстесең ыйлагын келет. Кайран киши! Ал эми о дүйнө салганда, беш жыл өкмөттү, он бир жыл өлкөнү башкарып, “Сен таза болсон, мен таза болсом – коом да таза болот”, - деген учкул сөздөрү  менен элдин эсинде калган улуу инсанды акыркы сапарына узатып, топурак салганга Т.Усубалиевден айбыгышып, бир дагы жетекчи баралбай калгандыгын абдан жакшы чагылдырган.

Канчалык ачуу болсо да, чындыкты айтып, кимдин ким экенин таамай айтып бергендиги үчүн Түгөлбай Казаковго кыргыз эли ыраазычылык билдирет. Бул эмне дегендик? Көрө албастыкпы? Кекчилдикпи? Ичи тардыкпы? Же ит күлүгүн  түлкү сүйбөйбү?  Аттиң, бир кем дүнүйө!                              

Сарымсак Бекботоев, Абды Сүйөркулов атындагы коомдук фондтун төрагасы  

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Улуулардын эрдигин унутпайлы!

Улуулардын эрдигин унутпайлы!

Өткөн кылымдын эң оорчундуу окуясы болгон 1941-1945-жылдардагы Улуу-Ата мекендик согушка Кыргызстандан 363 миң...

ТАРЫХ 2016-05-09  00:45

Жалал-Абад шаарындагы Т.Кошматов атындагы мектебинде тарых жана...

Жалал-Абад шаарындагы Т.Кошматов атындагы мектебинде тарых жана...

Жалал-Абад шаарындагы Тойгонбай Кошматов атындагы №10 мектеп-гимназиясынын мугалимдери жана...

ТАРЫХ 2016-05-13  11:43

Чаткалдагы Ыдырыс— Ата тарыхый комплекси

Чаткалдагы Ыдырыс— Ата тарыхый комплекси

Чаткал районунун Жаңы-Базар айылындагы ­Ыдырыс-Ата тарыхый комплексинде «2016-ж­ыл – Тарых жана...

ТАРЫХ 2016-06-23  17:49

Индияда Манастын айкели орнотулат

Индияда Манастын айкели орнотулат

Быйылкы Тарых жана маданият жылынын алкагында «Диалог Евразия» коомдук фонду менен...

ТАРЫХ 2016-06-30  10:55

Түрк тилдүү өлкөлөр лавашты орток маданий мурас деп эсептөөдө

Түрк тилдүү өлкөлөр лавашты орток маданий мурас деп эсептөөдө

Азербайжан, Иран, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия лаваш ЮНЕСКОнун...

ТАРЫХ 2016-07-11  18:07

Шахрисабз шаарынын тарыхый бөлүгү жок болуп кетчү объекттер...

Шахрисабз шаарынын тарыхый бөлүгү жок болуп кетчү объекттер...

Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк мурастар боюнча...

ТАРЫХ 2016-07-15  13:50

Жалал-Абад курорту

Жалал-Абад курорту

Жалал-Абад Курорту - бальнеологиялык дары баткактуу жана климаттык курорт. Жалал-Абад...

ТАРЫХ 2016-08-06  00:13