KELECHEK

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев Сузак районундагы курулуштары создуккан мектептерде болду (ФОТО)

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев Сузак районундагы курулуштары создуккан мектептерде болду (ФОТО)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында курулуш иштери көп жылдарга создугуп кеткен мектептерде болуп, “Курманбек кылымдар мурасы” триумфалдык аркасын капиталдык реконструкциялап ондоо жумуштарынын долбоору менен таанышты. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Алгач Өкмөт мүчөсү Дайыр Кенекеев, ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев Сузак районунун Ырыс айыл аймагына караштуу “Курманбек кылымдар мурасы” триумфалдык аркасында болду. Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев Жалал-Абад шаарына кире бериштеги арканын толук реконструкциялап, капиталдык ремонттон чыгаруу, Сузак – Жалал-Абад автомагистралынын 3055 метрин асфальттоо жана жол жээгине тротуар салуу жана суу агуучу лотокторду куруу туурасында кенен маалымат берди. Бул максатта Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунан 25 млн. сом суралып жатат. Ал эми Сузак – Жалал-Абад жолунун 3055 метрин асфальттоо иштерин бүткөрүү иштери КР Транспорт жана жол министрлигинен суралууда.

“Курманбек кылымдар мурасы” триумфалдык аркасы 1999-жылы башталып, 2001-жылы бүткөрүлгөн. Ал эми 2015-жылы Сузак районунун 3 айыл аймактары тарабынан 500 миң сомдук ремонттон чыгарылган.

КР Өкмөт мүчөсү Дайыр Кенекеев Ырыс айыл аймагына караштуу  курулушу 30 жылга создугуп, ушул кезге чейин бүтпөй жаткан №44 Фуркат атындагы орто мектептин азыркы абалы менен жеринде таанышты. Союздун учурунда, 1985-жылы курулушу башталган мектепке 2004-жылы республикалык өнүктүрүү фондунан 5 млн. 300 миң сом ажыратылып, мектептин имараты, спорт залы менен ашканасы курулуп, чатыры жабылган. Облустук капиталдык курулуш башкармасынын башчысы Зайырбек Кыралиев мектептин курулушуна 53 млн. 300 миң сом талап кылынаарын айтты. Аталган мектептин эски имаратында 420 окуучу 2 мөөнөт менен окуп жатышкандыгын мектеп директору Зафар Алибаев маалымдады.

Барпы айыл аймагына караштуу №35 Комсомол орто мектебинин бир кабаттуу 250 орундуу эски мектебинде учурда 620 окуучу 3 мөөнөт менен билим алып жатышат. Аларга таатыктуу таалим-тарбия берүү ишинде 42 мугалим эмгектенүүдө. 2017-жылы жаңы 2 кабаттуу мектептин пайдубалы 6 млн. сомго курулуп бүткөн. Мектептин курулушун толук бүткөрүүгө  55 млн. сом талап кылынат.

 - Республика боюнча курулуш иштеринин 70 пайызы бүтүп калган мектептерди куруу иштерине азыр приоритеттүү көңүл бурулуп жатат. Ошондуктан бул мектептин курулушун улантууга республикалык бюджеттен акча каражатын ажыратуу маселеси оорго турары анык. Бирок, бул мектептин курулушун көңүл четинде калтырбай, анын курулушун улантуу боюнча аракеттер жасалат. Жергиликтүү бийлик органдары дагы бул маселеде кол куушуруп олтурбоолору керек,- деди вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев.

Өткөн жылы Сузак районунда республикалык бюджеттин эсебинен 2 мектеп жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берилген. Сузак району боюнча 108 мектеп бар.

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

    

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Тогуз-Тородогу башаламандыктардын зыяны 2,3 млн долларды түздү

Тогуз-Тородогу башаламандыктардын зыяны 2,3 млн долларды түздү

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 22-майда «Жи Эл Макмал Девелопинг» ЖЧКсынын...

Аймак 2018-05-23  13:59

Сузак районунда тинтүү учурунда үйдүн жер төлөсүнөн автомат октору...

Сузак районунда тинтүү учурунда үйдүн жер төлөсүнөн автомат октору...

19-май күнү ыкчам маалыматтардын негизинде Сузак районун Барпы айыл аймагындагы үйлөрдүн бирине...

Аймак 2018-05-23  14:27

Өкмөттүн өкүлү Сатыбалдиев Аксы районундагы сел жүргөн аймактарды...

Өкмөттүн өкүлү Сатыбалдиев Аксы районундагы сел жүргөн аймактарды...

КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев үстүбүздөгү жылдын...

Аймак 2018-05-21  11:35

КЫРСЫКТАН КОРГОНУУ ДАЯРДЫКТАРЫ КӨРҮЛДҮ

КЫРСЫКТАН КОРГОНУУ ДАЯРДЫКТАРЫ КӨРҮЛДҮ

Жалал-Абадда өзгөчө кырдаалдар мезгилинде калкты коопсуз аймактарга көчүрүү, атуулдарга эң керектүү...

Аймак 2018-05-20  19:03

Аксы хатибияты «Адам жаны аманат» аттуу акция өткөрдү

Аксы хатибияты «Адам жаны аманат» аттуу акция өткөрдү

Аксы хатибияты ЖКККБ менен биргеликте «Адам жаны аманат» аттуу акция өткөрүп, жол эрежеси боюнча...

Аймак 2018-05-18  07:54

“Нарын ГЭС” мекемесинин жумушчулары нааразылык акциясына чыгышты

“Нарын ГЭС” мекемесинин жумушчулары нааразылык акциясына чыгышты

Токтогул районундагы “Нарын ГЭС” ачык акционердик коомунун 50дөй кызматкери...

Аймак 2018-05-16  19:20

Өкүл Сатыбалдиев Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун...

Өкүл Сатыбалдиев Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун...

Бүгүн, 8-май күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү...

Аймак 2018-05-08  20:43