KELECHEK
rek

Ошто эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ошто эки күнгө созулган “Этномаданият” фестивалы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Ош шаарында “Тарых жана маданият” жылынын алкагында өткөрүлгөн  эл аралык “Этномаданият” фестивалы борбордук аянттагы гала-концерт менен жыйынтыкталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, аталган иш-чарага КР вице-премьер-министри Гулмира Кудайбердиева, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев, Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Султан Раев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, өкмөттүн Баткен жана Жалал-Абад областарындагы ыйгарым укутуу өкүлүнүн орун басарлары, өлкөнүн булун бурчунан, чет мамлекеттерден келген коноктор, мекеме-ишканаларынын жетекчилери жана шаар тургундары келип катышты.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев улуттук каада-салтты, үрп-адатты, маданиятты камтыган эл аралык фестивалдын, алгачкы жолу  Ош шаарында өтүп жаткандыгы чоң жетишкендик экендигин белгиледи.

- Тарыхый мурастарга бай Ош шаарында “Этномаданият” фестивалынын өтүшү тарыхыбызга жана маданиятыбызга дагы көөнөрбөс из калтырды деп ойлойм. Бул иш чара улуттук көрөнгөнүн жүзүн көрсөтүп, патриоттуулук сезимдерди күчөттү. Улуттук каада-салт, үрп-адат, маданият эч качан бөксөрбөйт, - деди А.Кадырбаев.

Айта кетсек, биринчи эл аралык “Этномаданият” фестивалы Тарых жана маданият жылынын алкагында 2-3 июнь күндөрү алты багытта өткөрүлдү. Келген коноктор байыркы көз ирмем менен улуттук каада-салат, этномузыка дүйнөсү, ар улуттун тамак аштары, байыркы шаар, ууз чеберлердин көргөзмөсү менен тааныша алды.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...

МАДАНИЯТ 2016-05-06  17:34

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...

МАДАНИЯТ 2016-05-07  15:33

"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...

Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...

МАДАНИЯТ 2016-05-13  05:41

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...

МАДАНИЯТ 2016-05-16  19:07

Каннда

Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду

69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  16:13

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  18:32

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...

МАДАНИЯТ 2016-05-24  23:29