KELECHEK
rek

Ала-Бука районунда элдик жыйын өттү (ФОТО)

Ала-Бука районунда элдик жыйын өттү (ФОТО)

Ала-Бука районунда болуп өткөн элдик жыйындын катышуучулары  2017-жылда жаратылган ийгиликтерди кеңири чагылдырган атайын стенддер менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Ала-Бука районунда өткөн элдик жыйындын ишине ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков, “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКсынын төрайымы Жумагүл Эгембердиева жана облустук тармактардын бир катар жетекчилери катышты.

Ала-Бука районунда өткөн жыл ичинде жаратылган ийгиликтер туурасында Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Сонунбек Акпаралиев кыскача баяндама жасады. Анда белгиленип кеткендей, райондук өнүктүрүү фонду тарабынан 2017-жылы 17 долбоор жактырылып, аларды ишке ашырууга 105 млн. 260700 сомдук акча каражаттары бөлүнгөн. Жыл ичинде жаңы 12 ишкана ачылып, 93 жумушчу орундары түзүлгөн. Инвестиция тартуу иши максаттуу ишке ашырылуу менен 1 млрд. 608 млн. сомдук жумуштар аткарылды. Айыл чарбасында 6 млрд. сомдук дүң продукция өндүрүлгөн.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков “Жаңы доорго кырк кадам” долбоору жана “Таза коом” программасын ишке ашыруу боюнча келип чыккан милдеттер туурасында кыскача баяндама жасады. Аким Сонунбек Акпаралиев ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабековдон Ала-Букадагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна караган поликлиниканы толук жаңылап курууга, быйылкы жылы курулуш иштери 90 пайызга бүткөрүлүп калган 2 мектепке каржылык маселесин чечүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирип кетти.

    Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41