KELECHEK
rek

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу үйдүн тургундары нааразы болушууда

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу үйдүн тургундары нааразы болушууда

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын коррупцияга каршы кызматынын (АКС) бөлүм башчысынын орун басары Урмат Темирбаевдин көп кабаттуу үйгө жабыштырып узуну 33 метр, туурасы 5 метр болгон курулушту долбоору жок өз алдынча баштагынына каршылыгын билдирип жатышат.

Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов үстүбүздөгү жылдын жаз айларында Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн  жол тарабынан аялдаманын ордуна, жөө адамдар жүрүүчү жолдун үстүнө салынган курулуш иштетилбей, шаардын көркүн бузуп, талкаланып турган имаратын бузуу керектиги боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берген.

Ошентип, арадан бир топ убакыт өткөндөн кийин, ал кароосуз, иштетилбей турган имараттын ээси пайда болуп, май айынын аяк ченинде имаратты бузду. Анан эле, жерди сүрдүрүп туруп, жөө адамдар басууга ылайык орун таштап, анын ордуна көп кабаттуу үйгө такап, жерлерди тегиздеп, курулушту баштап кирди. Буга каршы болгон жашоочулар аң-таң болуп, ооздору ачылып эле калды...

Жайдын башталышы чырдын ырбашына шарт түздү десек болот. Жеңи-Жок көчөсүнүн №32-үйүнүн тургуну Бактыгүл Муратова 3-июнь күнү курулушту баштагандарга каршы чыгып, курулуш өзү жашап жаткан үйгө тоскоолдук кылып жатканын айтат. Бирок, курулуштун ээси У.Темирбаев анын сөзүн уккусу келбей, коркутуп-үркүтүүгө алганда Б.Муратова шаар мэрине, прокуратурага арыз жазып кайрылган.

“Мен курулушту эмне себептен мыйзамсыз куруп жатасыңар, менин тереземди тосуп, күн тийбей калат. Курулушту үйгө жакын салууга болбойт дедим. Курулуш ээси Урмат Темирбаев менин колумдан катуу кармап, ары тур деп, түртүп жиберип, менин сөзүмдү уккусу да келген жок. Жакында эле кызымдан, инимден айрылып, кайгыга батып жүргөндүктөн, мен үчүн бул өтө оор тийди. Ошондон кийин ооруп калып, өзүмдү жоготуп, укол алып, анан өзүмө келдим. Бул кордукка чыдабай, шаар мэрине, прокуратурага арыз жазып, курулуштун мыйзамдуулугун текшерип берүүсүн сурандым”, - дейт Б.Муратова.

Ошентип, 3-июнь күнү кечки саат 18.дер чамасында шаардын вице-мэри Урмат Маматов, Спутник аймактык башкармасынын башчысы Гулмира Кудайбердиева келип, Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнө такап салып жаткан курулуштун жүрүшү менен таанышып чыгышты. Аталган үйдүн домкому Астра Умаралиеванын айтымында, курулуш ээси алар уруксат берген 1 метрден ашыкча 2 метр ичкери кирип, курулушту мыйзам бузуу менен баштап алышкан.

“Биз бул курулушка кызыл китеби бар кондоминиумдун жеринен 1 метрге жылууга уруксат бергенбиз. Бирок, курулуш 2 метрге чеийн кирип кетиптир. Канализация да алар казып жаткан жерде калыптыр. Мен ошого каршылыгымды билдирдим”, - дейт А.Умаралиева.

Шаардын вице-мэри У.Маматовдун сөзүнө караганда, бул көп кабаттуу үйдө жашаган жашоочулардын 70 пайызы уруксат бербесе, анда бул жерге курулуш курууга мүмкүн эмес. “Жашоочулардын уруксатын алмайынча, курулуш иши токтоп турсун”,-  деп ал өз сөзүн айтты. Бирок, 4-июнь күнү эртең менен саат 8де эч кандай уруксаты жок курулуш кайра уланды. Шаар мэри С.Авазовго телефон чалсак, ал курулушту курууга уруксат бербегендигин, кароосуз жаткан имаратты бузууга, тротуарды ачууга тапшырма бергендигин айтты.

Биздин шаар мэрине телефон чалуубуздан кийин, анын тапшырмасы менен шаардын архитектору Кубаныч Жумабеков келип, “долбоору жок курулуп жаткан курулушту токтоткула!" – деген талабын айтып кетти. Курулушчулар 5 минута олтуруп, кайра эле курулуш ишин улантып киришти. Акырында, УКМКнын Жалал-Абад облсутук башкармалыгыгына телефон чалып, У.Темирбаевдин мыйзамсыз иштерин кылдат карап берүүсүн сурандык. Ошондо гана курулушчулар шаймандарын топтоп кетишти.

Шаардын башкы архитекторунун айтымында, бул курулушка шаардык кеңеште (градосоветте) уруксат берилген эмес. Себеби, көп кабаттуу үйдүн 70 пайыз жашоочулары курулушту салууга уруксат бериши керек болчу. Бирок, кондаминиумдун протоколуна 5-6 адам, болгондо да 3-4 кабатта жашагандар кол коюп беришкен. Курулушка 1-2 кабаттын жашоочулары уруксат бербесе, курулуш курууга уруксат берилбейт. Курулуштун азыркы учурда долбоору да, архитектура, экотехинспекция уруксат берген документтери да жок. Эгерде көпчүлүк жашоочулар каршы болсо, анда көп кабаттуу үйгө жабыштырып курулуш салганга эч ким уруксат бере албайт экен.                                        

Ал эми У.Темирбаев эч кандай курулушка уруксат документтери жок ишти баштап алганын мындайча түшүндүрдү:

- Мен бул имаратты досумдан сатып алгамын. 1996-жылы кызыл китеби алынган экен. Текшерүү келип, жөө жүргөн адамдар баса турган жолдун үстүнө курулган курулушту бузгула дегенде, мен көп кабаттуу үй тараптан жер кошуп берсеңер курулушту бузуп, кайра жаңы имарат курам дегемин.

Менин сунушумду КУМСтун жетекчиси колдоп, макулдугун берген. Ошол себептен, мен анын сөзүнө ишенип, курулушумду бузуп салдым. Домком А.Умаралиева уруксат  берип, протокол жазып берди. Калган уруксат берген кагазндарды эми алам, баары мага кол коюп беришет. Бир аялдын каршы чыкканына мен көңүл бурбайм, - дейт У.Темирбаев.

Акырында айтаарыбыз, Кыргызстанда качан мыйзам үстөмдүгү орун аралат? Коррупцияга каршы кызматтын аттуу-баштуу кызматкери ушинтип, өзүм билемдик менен каалаган жерине курулуш куруп, карапайым элдин укугун бузуп жатса, анда Кыргызстанда эч качан мыйзам иштебейт. Ар ким өзүнүн билген намазын окуй берет. Мамлекетте карапайым элден баштап, жетекчилер, өкмөт, Жогорку Кеңеш, Президент мыйзамды бузбай, аны так аткарышса, анда Кыргызстан демократиялык өнүгүү жолуна түшүп, эч кандай төңкөрүштөр болбойт эле.

Анархан Жаңыбаева, kogart.kg

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24

Бекболот Миңбаев: “Таш-Көмүр шаарынын бюджети үч эсеге көбөйдү ”

Бекболот Миңбаев: “Таш-Көмүр шаарынын бюджети үч эсеге көбөйдү ”

Таш-Көмүр шаарынын бюджети үч жыл аралыгында 3 эсе көбөйүп, 2016-жылы 88,5 млн. сомду түздү. Бул тууралуу...

АНАЛИТИКА 2016-08-26  15:35