KELECHEK

ЖАЛАЛ-АБАД: ЧЕТ ЭЛДИКТЕР ЭЛДИК МАЙРАМЫН БЕЛГИЛЕШТИ (ФОТО)

ЖАЛАЛ-АБАД: ЧЕТ ЭЛДИКТЕР ЭЛДИК МАЙРАМЫН БЕЛГИЛЕШТИ (ФОТО)

Жалал-Абад шаарында окуган чет элдик студенттер өздөрүнүн улуттук майрамдарын белгилешти, ал шаар коомчулугунда кызыгууну жаратты. Бул тууралуу ЖАМУнун ректоратынан билдиришти.

Алынган маалыматка караганда, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында Индия, Непал, Шри-Ланка өлкөлөрүнөн келип окуган студенттер «Понгал”, “Биху”, “Лохри” жана “Макар-Санкранти” аттуу элдик-улуттук майрамын өткөрүштү.

Салтанат учурунда окуу жайдын Медицина факультетинде окуган, Индия, Пакистан, Непал жана Шри-Ланка өлкөлөрүнөн келишкен студенттер өздөрүнө тиешелүү каада-салттарды, аскер салттарын, жүрүм-турум этикеттерин, ыр-бийлерин театралдашкан эпизоддор аркылуу көргөзүшүп, университеттин жамаатынын кызыгуусун туудурду.

Уюштуруучулардын айтымында, жогоруда аталган майрамдардын аталыштары негизинен бир эле майрамды түшүндүрөт. Ар өлкөдө аталышы ар башка айтылат, бирок майрамдын маани-маңызы бирдей эле. Ошондуктан бул байыркы улуттук майрамды ар кайсы өлкөдөн келишкен студенттер кай жерде, кайсы мамлекетте болушпасын чогуу жогорку деңгээлде өткөрүүгө аракеттерди жасашат.  

Эскерте кетсек, ЖАМУда 2017-2018-окуу жылына карата жалпысынан чет элдик студенттердин саны миңден ашса, бул улуттук майрам салтанатына 400дөн ашуун студенттер күбө болушту.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Катуу ысыкка байланыштуу Юлдуз Усманованын концерттери болбой калды

Катуу ысыкка байланыштуу Юлдуз Усманованын концерттери болбой калды

Өзбек ырчысы Юлдуз Усманова менен белгилүү куудул Обид Асомовдун...

МАДАНИЯТ 2018-07-26  04:53

Кокон бийлиги

Кокон бийлиги "ислам нормаларына каршы келген" сүрөттү оңдогону үчүн...

Фергана облусунун Кокон шаарында жарым жылаңач периште аялдардын...

МАДАНИЯТ 2018-06-26  17:32

Кыргыз жана өзбек артисттери

Кыргыз жана өзбек артисттери "Делбирим" тасмасына тартылышат

"Делбиримде" ойной турган кыргыз жана өзбек артисттери.

Кыргызстандын “Дан”...

МАДАНИЯТ 2018-06-13  15:42

"Евровидение" уюштуруучулары сынакты Иерусалимде өткөрүүнү...

"Евровидение" уюштуруучулары сынакты Иерусалимде...

МАДАНИЯТ 2018-06-08  15:44

Кыргыз мигранттын ролун аткарган казак актриса Канн фестивалында...

Кыргыз мигранттын ролун аткарган казак актриса Канн фестивалында...

Казакстандык актриса Самал Еслимова “Айка” фильминде башкы ролду жаратканы...

МАДАНИЯТ 2018-05-21  10:30

Чыңгыз Айтматов атындагы орден негиздөө сунушталды

Чыңгыз Айтматов атындагы орден негиздөө сунушталды

Айрым парламент депутаттары адабият, кинематография жана башка искусство тармактарындагы...

МАДАНИЯТ 2018-04-10  14:51

Бешбармак жасоонун видеотасмасы Гиннеске жиберилет

Бешбармак жасоонун видеотасмасы Гиннеске жиберилет

Уюштуруучулардын бири Элнура Кулуеванын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, Гиннестин рекорддор...

МАДАНИЯТ 2018-03-12  16:20