KELECHEK

Назарбаевдин АКШ сапарында миллиарддаган долларлык келишимдерге кол коюлду

Назарбаевдин АКШ сапарында миллиарддаган долларлык келишимдерге кол коюлду

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин АКШга жасаган расмий сапары учурунда соода-экономикалык жана инвестициялык 20дан ашуун коммерциялык документтерге кол коюлду жана стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүү боюнча билдирүү жасалды. Акордо маалымдагандай, келишимдердин жалпы наркы жети миллиард долларды түзөт.

Шейшембиде Акүйдө АКШ президенти Дональд Трамп Назарбаевди кабыл алган. Казак лидери АКШнын ишкер чөйрө өкүлдөрү менен жолугушкан.

Расмий сапар учурунда авиация, космос иликтөөлөрү, нефтехимиялык жана айыл-чарба тармагындагы, ошондой эле инфраструктуралык өнүгүү долбоорлоруна тиешелүү документтерге кол коюлду.

Назарбаев Казакстан менен АКШ мамилесинин стратегиялык мүнөзүн белгилеп, Америка казак экономикасындагы түз инвестициянын көлөмү боюнча экинчи орунда турарын билдирди.

Анын айтымында, Казакстан көз карандысыздыкка ээ болгондон бери америкалык компаниялар 50 миллиарддан ашуун доллар инвестиция салышкан. Өлкөдө энергетика, транспорт жана медицина сыяктуу ар түрдү 500дөн ашуун тармак америкалык капиталдын катышуусу менен иш алып барат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

ЖККУдагы төрагалык Кыргызстанга өттү

ЖККУдагы төрагалык Кыргызстанга өттү

Кыргызстан Жамааттык Коопсуздук боюнча Келишим Уюмунда (ЖККУ) бир жыл төрагалык...

CАЯСАТ 2018-11-09  04:24

Социал-демократтар Иса Өмүркуловду партиядан чыгарды

Социал-демократтар Иса Өмүркуловду партиядан чыгарды

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңеши Иса...

CАЯСАТ 2018-11-01  16:56

Парламент Жаныш Рустенбековду Тажикстандагы элчиликке дайындоого...

Парламент Жаныш Рустенбековду Тажикстандагы элчиликке дайындоого...

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Жаныш...

CАЯСАТ 2018-10-31  19:07

КСДП:

КСДП: "Илмиянов алды" деген акча боюнча Жээнбеков жооп берсин

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) "Икрамжан Илмиянов алды" деген акчага...

CАЯСАТ 2018-10-29  18:02

КСДП: партия айланасында болуп жаткан оюндардын артында чоң күчтөр...

КСДП: партия айланасында болуп жаткан оюндардын артында чоң күчтөр...

Кыргызстан социал-демократтар партиясы саясий биримдиктин айланасында болуп жаткан акыркы окуялар...

CАЯСАТ 2018-10-27  04:28

ТИМ студенттердин визасы боюнча Кытай элчилигине нота жиберди

ТИМ студенттердин визасы боюнча Кытай элчилигине нота жиберди

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги виза ала албай жаткан студенттер боюнча Кытай элчилигине нота...

CАЯСАТ 2018-10-24  14:16