KELECHEK
rek

Сузак районунда элдик жыйын өттү (ФОТО)

Сузак районунда элдик жыйын өттү (ФОТО)

Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында облустук жана райондук жетекчилердин катышуусунда райондун айыл аймактарынан келишкен өкүлдөрдүн катышуусунда элдик жыйын болуп өттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы Жолдошбай Осмонов маалымдады.

Элдик жыйындын ишине ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков, облусттук тармактардын жетекчилери катышты. Элдик жыйындын катышуучуларына Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Эрмекбай Омошев 2017-жылы райондун социалдык-экономикалык тармагында аткарылган иштер туурасында кыскача маалымат берди.

- Өткөн жылды райондун эли жакшы көрсөткүчтөр менен жыйынтыктады. Республикалык бюджет 120 млн. 796 миң 580 сомго аткарылып, план тапшырма 104 пайызга аткарылды. Ал эми жергиликтүү бюджет 167 млн. 852 миң 790 сомго аткарылып, план тапшырма 105 пайыз болду. Социалдык фонд 102 пайызга аткарылып, Көк-Жаңгак шаарында элге кызмат көрсөтүү болгону 94 пайызга гана аткарылып калды. Өткөн жылы Ырыс айыл аймагына караштуу Кыр-Жол айылында жаңы 150 орундуу Карабаев орто мектеби жана Атабеков айыл аймагынын Жийде айылында жаңы Жунусов атындагы 275 орундуу жалпы билим берүүчү орто мектеп бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди,- деди Сузак районунун аким Э. Омошев.

Сузак районунда өткөн элдик жыйындын ишин ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков жыйынтыктады. Өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков өзгөчө белгилеп кеткендей, азыркы учурда облустун район-шаарларында жазгы талаа жумуштарына даярдык көрүү, малдын асылдуугун жакшыртуу жана идентификациялоо, ирилештирилген айыл чарба кооперативдерин түзүү багытындагы иш аракттер жандуу жүргүзүлүп жатат. Бул жумуштарды аткарууда “Жаңы доорго – кырк кадам” долбоорунун алкагында “Таз коом” программасы түздөн-түз жетекчиликке алынып жатат.     

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41