KELECHEK
rek

ЖАЛАЛ-АБАД: “ДЕН СООЛУК – 2018” СПАРТАКИАДАСЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ (ФОТО)

ЖАЛАЛ-АБАД: “ДЕН СООЛУК – 2018”  СПАРТАКИАДАСЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ (ФОТО)

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулары жана кызматкерлери арасында өткөрүлгөн “Ден-соолук – 2018” аталышындагы кышкы спартакиадасынын жыйынтыгы чыгарылды. Жеңүүчүлөргө окуу жайынын ректораты сыйлыктарды тапшырды. Мыктылар Ысык-Көл облусунда болуучу “Ден соолук – 2018” спартакиадасына катышуучулар жолдомо алышты. Бул тууралуу ЖАМУнун ректоратынан билдиришти.

Спартакиадага окуу жайдын 360дан ашуун кызматкерлери катышып, спорттун алты түрү боюнча 9 команданын ортосунда таймаш жүрдү: алар - кичи футбол, стол үстүндөгү теннис, тогуз коргоол, шахмат, аркан тартыш жана волейбол оюндары.

Оюндун жыйынтыгы чыгарылып, жалпы командалык биринчи орунду Жалал-Абад колледжи ээлеп, 10000 (он миң) сом акчалай сыйлыкка ээ  болду. Ошондой эле экинчи орунду Медициналык колледж багындырып, 9000 (тогуз миң) сом ыйгарылды. Ал эми үчүнчү орунду ректорат багындырып, 8000 (сегиз миң) сом алса, төртүнчү орун Педагогикалык факультетине берилип, 7000 (жети миң) сом  акчалай сыйлык алышты. Андан сырткары, калган катышуучу командаларга 2000 (эки миң) сомдон кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

ЖАМУнун ректору Кеңешбек Үсенов оюнчуларды спорттук майрамы менен куттуктап, аларга ден соолук каалап өттү.

- “Ден соолук – 2018” спартакиадасы университеттин жалпы жамаатынын ортосундагы биримдикти, ынтымактуулукту чыңдайт. Биримдикке жараша ийгиликтер, жетишкендиктер жаралат. Ушул жылы окуу жайдын 25 жылдык мааракеси болот. Юбилейде да спорттук оюндар уюштурулат, иш-чарага башка жогорку окуу жайлардан келген катышуучулар менен таймаш өткөрүп, ийгиликтерге жетебиз, – деген оюн билдирди окуу жайдын ректору.

Ал эми бул мелдештердин жыйынтыгы менен мыктылардын мыктысы тандалып, 2018-жылдын июнь айында Ысык-Көл облусунда болуучу “Ден соолук – 2018” спартакиадасына катышуучулар жолдомо алышты.

 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...

СПОРТ 2016-09-21  08:45

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...

СПОРТ 2016-09-21  08:52

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...

СПОРТ 2016-05-02  23:16

"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты

“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...

СПОРТ 2016-05-04  16:08

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...

СПОРТ 2016-05-05  10:08

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абад  шаарындагы “Динамо”  спорт  ордосунда Кыргызстандын  футзал  боюнча  Өлкө...

СПОРТ 2016-05-05  11:51

Жалал-Абад Динамо командасы  футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...

СПОРТ 2016-05-07  18:20