KELECHEK
rek

Өзбекстан Кыргызстанда тогуз ишкана ачат

Өзбекстан Кыргызстанда тогуз ишкана ачат

Өзбекстан Кыргызстанда автоунаа тейлөө, айыл чарба техникасын кураштыруу, пластик буюмдарды чыгаруу жана башка тармактар боюнча тогуз ишкана ачат. Бул тууралуу Кыргызстандын Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директорунун орун басары Шумкарбек Адилбек уулу “Азаттык” радиосуна билдирди.

Анын айтымында, жети ишкана "биргелешкен кыргыз-өзбек" деген макамда иштейт.

Маселен, өзбекстандык “Artel Engineering” жана кыргызстандык “Л.Т.Б” фирмалары "Artel" брендиндеги кир жуучу аппараттарды кураштырган ишкана ачса, өзбекстандык “Perfect Plast Profil” менен кыргызстандык “Имзо ЛТД” пластик, алюминий профилдерин чыгаруучу цех курат.

Мындан сырткары Өзбекстандын “УзАвтоСаноаты” Кыргызстандын “АвтоОңдооЗаводу” менен чогуу айыл чарба техникасын жасоо жана чиркеме техниканы кураштыруу боюнча эки ишкана түзөт. Коңшу өлкөнүн ушул эле компаниясы кыргызстандык “ДТ Техник” менен автобус кураштыруучу, “Автоцентр Эстокада” менен транспорт тейлөөчү завод ачат. “Автоцентр Эстокада” менен «Равон Моторс Тянь-Шань" жеңил автоунаа кураштыруучу завод жана дилердик борбор ачканы жатат.

Ал эми Ташкенттеги “Artel Engineering” ишканасы Кыргызстанда өз филиалын жана “MediaPark” аттуу көңүл ачуучу борбор курат.

Булардын баары боюнча меморандумдарга кол коюлган. Ишканалардын айрымдары курулуп бүтүп калса, кээ бирлери жыл аягына чейин бүтөт. Алар Бишкек, Ош жана Кара-Балта шаарларында ачылат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38