KELECHEK
rek

Лос-Анжелесте "Алтын глобус" сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Лос-Анжелесте

Лос-Анжелесте кино жана телекөрсөтүү тармагындагы эң маанилүү болгон “Алтын глобус” сыйлыгын тапшыруу аземи өттү.

Эң мыкты драма катары Мартин Макдонахтын "Миссури, Эббинг чек арасындагы үч билборд" тасмасы жеңишке ээ болду. Фильм мындан тышкары эң мыкты сценарий, эң мыкты аялдын жана экинчи пландагы эң мыкты эркектин ролу номинацияларында дагы биринчиликти алды. Тасмада кызынан ажырап калган жалгыз бой эненин тагдыры чагылдырылган.

“Караңгы мезгилдер” тасмасындагы Уинстон Черчиллдин ролун жараткан Гэри Олдмен эң мыкты драмалык актер аталды. “Эң мыкты режиссер” наамына “Суунун формасы” фильмин жараткан Гильермо дель Торо татыды.

“Эң мыкты драмалык сериал” номинациясында “Кызматчы аялдардын баяны” “Такта үчүн күрөш” тасмасынан озуп, сыйлыкты алып кетти. Анда башкы ролду жараткан Элизабет Мосс драмалык сериалдагы мыкты актриса аталды.

“Чет тилдеги мыкты фильм” номинациясын Германия жана Франция биргелешип тарткан “Чекте” фильми жеңди. Кыргызстандан "Алтын глобус" сыйлыгына режиссер Эрнест Абдыжапаровдун "Саякбай" көркөм тасмасы көрсөтүлгөн болчу.

Көптөгөн америкалык актрисалар 75-жолу өтүп жаткан “Алтын глобус” сыйлыгын тапшыруу аземине киноиндустриясындагы сексуалдык зомбулукка каршы ишаара көрсөтүү үчүн кара түстө кийинип келишерин билдиришкен.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...

МАДАНИЯТ 2016-05-06  17:34

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...

МАДАНИЯТ 2016-05-07  15:33

"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...

Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...

МАДАНИЯТ 2016-05-13  05:41

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...

МАДАНИЯТ 2016-05-16  19:07

Каннда

Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду

69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  16:13

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  18:32

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...

МАДАНИЯТ 2016-05-24  23:29