KELECHEK
rek

САПАР ИСАКОВДУН АЯШ АТАСЫ ЭМНЕ ДЕЙТ?

САПАР ИСАКОВДУН АЯШ АТАСЫ ЭМНЕ ДЕЙТ?

Айтылуу “Тапанча балбан” каймана аты бар кыргыздын белгилүү балбаны, улуттук күрөш боюнча легендага айланган Ибрагим Узаковдун бир тууган агасы Кадыралы Узаковду азыр айылдаштары өз атынан чакырышпай “Сапар Исаковдун аяш атасы” деп калышкан. Жашы жетимиштен эчак ашкан бул аксакал азыр Сузак районунун Кара-Дарыя айылында жашайт. Бир кезде партиялык-советтик кызматтарды аркалаган Жумакадыр Исаковдун жакын досу экенин элдин баары билишет. Биз Кадыралы акеден өзү жана досу тууралуу маалымат алдык.

- Бул өкмөт башчынын атасы Жумкадыр Исаковду кайдан жолуктуруп, кантип дос болуп калгансыз?

- Мунун тарыхы узак. Мен 1966-жылы Советтик Армиянын катарынан демобилизацияланып, туулган айылыма кайтып келдим. Айылда ата-энеме каралашып, колхоздун ишине да аралашып жүргөм. Бир күнү эле райондук гезиттен Жалал-Абаддагы А.С. Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайынын дене-тарбия бөлүмүнө абитуриенттерди окууга чакырган жарыяны окуп калдым. Ошол кезде айылыбызда баары улуттук күрөш менен машыгып жүргөн, спорттун бул түрү аябай популярдуу болуп турган кез эле. Мен ошол окууга барып окугум келди да, айылдык жаштарды спортко машыктырып, аларга жол ачсам дегем. Анан документтеримди даярдап, ошол жакка тапшырдым. Биринчи экзаменди тапшырып, андан төрт деген баа алгам. Анан экинчи экзаменге кире турган болуп калдым, кыргыз тили жана адабиятынан оозеки экзамен тапшырмак болуп. Ал кезде азыркы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин башкы корпусунун экинчи кабатында экзамен алышчу эле, университет ошол окуу жайынын базасында ачылбадыбы. Анан кезек күтүп, ошол экинчи кабаттын терезесинен ылдый жакты карап турсам, жаныма ак жүздүү, ыраңдуу, жүзүнөн билинер-билинбес жылмаю сезилген бир жигит келип калды. Мен ал жакты карай калсам эле ал озунуп “Саламатсызбы?” деп сыпайы кайрылып калды. Мен алик алып, аны карап калдым. Анан кол алыша эски тааныштардай учураша кеттик, ал жигиттин ушундай ырайы жылуу экен. Анан ал экзамен алып жатышкан кабинетке кирип кетти да, бир аздан кийин чыгып “Сиз экзамен тапшырганы келдиңизби?” деп сурады. Мен биринчи экзаменди тапшырганымды, эми экинчи экзаменди тапшырганы келгенимди айттым. Анан жылмайып, “Анда кириңиз” деди. Мурда эч бир кезикпесек же жолугушуп, таанышып калбасак, мага бейтааныш эле болсо да ушунчалык сыпайы, сылык жигит экени мага абдан жакты. Мурда экзаменден чоочуркап турсам, эми өзүмдү кыйла ишенимдүүрөөк сезип калдым. Кирген соң, ал мени төр жактагы столго баштап барып, “Билет алыңыз” деди. Билетти алдым, алиге чейин эсимде турат, он биринчи билет экен. Билеттин номерин айтсам, ал жазып калды да, “Даярданасызбы же түз жооп бересизби?” деп сурады. Мен дароо жооп бере турган болдум. Билеттин биринчи суроосу оозеки талдоо, экинчи суроосу Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” повести тууралуу экен. Экөөнө тең жооп бердим. Экинчи суроону толук айтып бүтө элегимде эле токтотуп, “Сиз билеттеги суроолорду жакшы билет экенсиз” деди да, төрт деген баа койду. Анан мага “Сиз эми 25-августта келиңиз, ошондо окууга кабыл алынгандык тууралуу буйрук чыгат” деп, мени чыгарып жиберди. Ошол жигит азыркы өкмөт башчыбыз Сапар Исаковдун атасы Жумакадыр Исаков экен. Биз алгачкы жолу ошентип таанышканбыз. Мен ошондо армиядан жаңы келип окууга тапшырсам, ал да жогорку окуу жайын бүтүрүп келип, Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайына жаңыдан мугалим болуп, комсомол комитетин да жетектеп турган экен.

- Анан кантип жакындашып кеттиңер? Бириңер мугалим болсоңор, бириңер студент...

- Чын эле тез жакындашып кеттик. Ал айткандай, 25-август күнү окуу жайына келсем, буйрук чыгып, аны сыртка илип коюшуптур. Менин аты-жөнүм да турган экен жазылып, окууга өткөнүмө кубанып калдым. Ал мугалим катары, мен окуу жайда окуган окуучу катары гана эмес, теңтуш катары да мамилебиз жакшы болуп кетти, жакын достордон болуп калдык. Анын сыпайы, карапайым, бирөөдөн өйдөсүнбөгөн кичипейил мүнөзү биздин жакын мамилелерибизге түрткү болду. Окуудан бош убактарыбызда чогуу жүрүп, чогуу тамактанып, эс алып дегендей, сый менен жүрдүк.

Баса, бир жолу студент болуп жүргөнүмдө студенттик отряддын курамында Фрунзе шаарына жөнөп калдым. Жумакадыр Исакович мага кайрылып, “Фрунзеде менин агам бар, Исабек Исков деген. Ошого майда-чүйдө берип жиберейин ала барчы” деп калды. Менден бир топ базарлыгын берип жиберди, а мен аны агасы Исабек Исаковго алып барып бердим. Ал киши ыр жазып, китептерин чыгарып жүргөн белгилүү киши экен көрсө.

- Ал киши кантип сизге назар салып калды экен?

- Эми аны кайдан билейин, Кудайдын насиби экен да. Терезенин жанында турсам өзү келип салам айтып... Кийин ал партияга өтө турган болуп калды, мен армияда жүрүп партиянын катарына өтүп алган болчумун. Ошол партиянын мүчөлүгүнө кабыл алган кезде талапкерге ар кайсы суроолорду беришип, кыйла жүдөтүшөт болчу. Ошондо, кантсе да дос эмеспи, мен жыйында суроолорду азайтып, жаш талапкерге ишеним көрсөтөлү деп сунуш киргизгем. Анан суроолор азыраак берилип, Жумакадыр Исакович партиянын катарына кабыл алынган. Чынында ал мугалимдик иште да, коомдук иште да алдыңкы жигиттерден болчу. Ошондуктан менин сунушум баарына макул түшкөн да.      

- Чамасы ал киши педагогикалык окуу жайында көп деле иштебеди көрүнөт?

- Мен окууну аяктаган кезде Жумакадыр Исакович да Ташкенттеги партиялык мектепке жөнөп кетти. Ал жакта эки жыл окуп, аны бүткөрүп келген соң Жалал-Абаддагы штепселдик-разъёмдук (ШР) тетиктерди жасоочу заводуна партиялык комитеттин катчысы болуп иштеп калды. Ал союздук маанидеги олуттуу, ири завод болчу. А мен болсом, айылдагы мектепте дене-тарбия мугалими болуп иштеп жүрдүм.

- Анан сиз шаарга келип, ал киши сизди кезиктирип, чайканаларга кирип чай ичип жүрдүңөр да?

- Андай учурлар да болуп калып жүрдү, шаардан жолугуп, чогуу чай ичип дегендей. Бирок, ошол кездерде өлкөнүн түштүк аймагында пахта көп эгилип, күзүндө окуу жайлары убактылуу жабылып, пахта түшүмүн жыйнаганы стдуенттер, окуучулар айылдарга келишчү. Жалал-Абаддагы ШР заводунун жумушчулары да биздин Фрунзе атындагы колхозго пахта тергени келип калышчу. Аларды парткомдун катчысы Жумакадыр Исакович баштап келер эле. Биз эки жылдан кийин ошентип кайрадан көрүштүк, пахта жыйнаган жумушчуларга баш-көз болуп, биздин үйдө жатып, иштеп жүрдү. Мен да мектеп окуучуларын пахта талаасына алып барып, аларга көз салчумун. Ал пахта талааларын кыдырган кезде анын кызматтык “Волга” машинасы менен чогуу жүрчүбүз. Көп баарлашып, көп нерселер тууралуу кеңири пикир алышып, убактыбызды жакшы өткөргөнбүз. Ошентип, шаарда гана эмес, Кара-Дарыя айылында да кыйла чогуу болдук.

- Ал киши кийин партиялык кызматка көтөрүлгөндөй болду, анан Ошко кеткен...

- Жалал-Абад шаарынын Шопоков көчөсүндө бир үйдө турчу эле, ал үй азыр барбы же жокпу, анысын билбейм. Айтору, ШР заводунда иштеп жүрүп, жетекчилердин да, элдин да сынынан өтүп, ишенимге татып, кийин партиянын шаардык комитетине жооптуу ишке кирген. Ал жерде шаар деңгээлинде жакшы иштеп жүрдү, мен дайыма шаарга чыксам, ага жолугуп, баарлашып жүрдүк. Анан бир күнү мени чакырып калды: телефон чалып, колхоздогулардан айттырып жибериптир. Анын чакыруусу менен шаарга келип, ага жолуктум. Ал чакырган жөнүн айтып, “Кадыралы, мени Ошко жумушка чакырып жатышат. Барбасам болбойт” деп калды. Ал кездерде Жумакадыр Исакович үйлөнө элек болчу.

Ошентип ал Ошко, областтык аткаруу комитетинин жооптуу катчысы болуп кызматынан жогорулап кетти. Ош областы өлкөнүн жарымын ээлеп турчу, азыркыдай Жалал-Абад өзүнчө област эмес болчу.

- Ал Ошко кетсе, кантип байланышып турдуңуз?

- Ырас, биз мурдагыдай тыгыз катташа албай калдык, ал кездерде азыркыдай унаалар тынымсыз каттап турчу эмес, совет мезгилинде Ошко барып келиш үчүн эки күн убакыт кетчү эле. Бирок, ошол жакта, партиянын областтык комитетинде иштеген Турдукулов Авазбек биздин айылдык бир жигит аркылуу саламыбызды бири-бирибизге айтышып турдук. Анан эле күндөрдүн биринде  айтылуу инсан Баяман Эркинбаев кайсы бир мааракени өткөрүп калып, биз Ошко барганда Жумакадыр Исакович менен көрүшүп калдык. Көптөн бери көрүшпөгөн жаныбыз кыйла баарлашып, жарпыбызды жазгансыдык. Ошондон кийин аны менен көрүшкөнүм жок. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин ал борборго, Бишкеккеби же Токмоккобу ишке которулуп кеткенин укканмын, ошол бойдон кабарлашпай калдык. Кийин гана анын ааламдан өтүп кеткенин угуп, артынан Куран окуган болдум, бирок Бишкекке барып келгени шартым болбоду.

- Сапар Исаковдун ошол досуңуздун баласы экенин кантип билдиңиз?

- Телевизордон дайыма Сапар Исаков деген жигитти көрсөтүшөт эле, президенттик аппаратта иштеп, кийин ага башчы да болуп калды. Адегенде анын Жумакадыр Исаковичтин уулу экенин билбептирмин. Бирок, көңүлүмдө ушул жигит да илгерки Жумакадыр Исаковичтей сыпайы, сылык жигит көрүнөт, ошонун баласы болуп калып жүрбөсүн деп ойлоп жүрдүм. Анан эле Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн башчылыгын тапшырып, президенттик кызматка талапкер катары көрсөтүлгөндө ушул Сапар Исаков анын ордуна өкмөт башчылыкка сунуш кылынып, депутаттардын алдына барды. Ошондо анын атасынын аты айтылып, Жумакадырович дегенде кубанып кеттим, туура эле ойлогон экенмин дедим. Менин досум Жумакадырдын уулу экен да деп, толук ишендим. Жумкакадырдын жаш кездеги сүрөтүн алып, иним Сулаймандын алдына чуркап келдим. “Сулайман, баякы сен көргөн Жумакадыр досумдун баласы өкмөт башчы болду, Сапар Исаков анын баласы экен, анын артынан жакшы уул калганны кубаным атам” дедим. Ал мени куттуктады, ал да кубанып калды. Баякы ортодо досум экөөбүздүн саламыбызды ташыган Турдукулов Авазбек да кийин айылдан жолугуп калып, аяш уулумдун ийгилиги менен мени куттуктады.

- Аяш уулуңуз атасына окшошпу деги? Кандай баалайсыз?

- Жумакадыр досум өзү кичипейилдиги, жөнөкөйлүгү жана сыпаалыгы менен адамды өзүнө тартып турат эле. Кала берсе студенттерге да “сиз” деп кайрылып, өзүнүн жогорку маданиятуулугун, интелигенттүлүгүн көрсөтүп турар эле. Анын баласы да ошондой эле сылык-сыпаа экенин телевизордон көрүп калам. Жумакадырдын жакшы тарбиясын көргөн, атасынын жакшы жактарын алган бала экенин көрүп, кубанып калам. Мен азыркы Сапар Исаковду карап, илгерки Жумакадырдын жаш кезин эстеп кетем, ошондогу досумду көрөм. Баскан-турганы, кыймыл-аракети илгерки атасына эле окшоп турат. Эми маркум досумдун өзүн көрбөсөм да аны элестеткен баласын көрүп, тээ илгеркилерди эстейм, кайтып келбес учурларды ойлоп, бир чети ичтен сызып да алам, арга канча...

Сапар Исаков балабыздын иштеп атканына байкоо салып жүрөм, жакшы аракеттерди жасап атат. Элге өзү барып, эл менен өзү баарлашып жатканы эң туура нерсе. Айрыкча, чет жакта ийгилик жасаган спортчуларыбызды да аэропорттон өзү тосуп алып, өкмөт башчы катары сый көрсөткөнү жакты мага. Мен ага ийгиликтерди гана каалайм, ылайым өлкөбүздү өнүктүргөн, туура жолго салган жакшы жетекчи болушун тилейм. Албетте, эл-журт аны колдоп, кубаттап турса, ал жакшы иштерди жасаарына толук ишенем. Дайыма ага бата тилеп атабыз.

Жалил САПАРОВ, журналист. 

 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Эрнисбек ОРМОКОВ: “Келээрки шайлоодо талапкерлигимди коём”

Эрнисбек ОРМОКОВ: “Келээрки шайлоодо талапкерлигимди коём”

Жалал-Абад шаарынын өнүгүп, өсүшүндөгү башкы салым депутаттардын колунда. Ал эми депутаттардын башында...

ИНТЕРВЬЮ 2016-05-18  13:48

Бакыт Адылов: Миграция кызматы Орусияда өкүлчүлүгүн ачат

Бакыт Адылов: Миграция кызматы Орусияда өкүлчүлүгүн ачат

Кыргызстандын миграция кызматы Орусиянын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү жана орус жергесиндеги...

ИНТЕРВЬЮ 2016-06-02  04:11

Кубат Оторбаев: “Көчөдө калган бала - кул катары кетип жаткан учурлар...

Кубат Оторбаев: “Көчөдө калган бала - кул катары кетип жаткан учурлар...

КР Акыйкатчысы Кубат Оторбаев эки күндүк иш сапары менен облустагы бир топ убактылуу кармоочу...

ИНТЕРВЬЮ 2016-08-05  14:30

Тоолуу Тогуз-Тородо күнөсканалар курулуп, тамчылатып сугаруу ыкмасы...

Тоолуу Тогуз-Тородо күнөсканалар курулуп, тамчылатып сугаруу ыкмасы...

Жалал-Абад облусунун эң алыскы жана тоолуу Тогуз-Торо районунда үстүбүздөгү жылдын 6 айында аймактын...

ИНТЕРВЬЮ 2016-08-07  20:05

С.Сатыбалдиев: “

С.Сатыбалдиев: “"Коррупциялык мүнөздөгү 80 кылмыш иши козголду"

Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары Сатыбалдиев Сүйүнбек Маматович 2016-жылдын 6...

ИНТЕРВЬЮ 2016-09-19  14:33

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Кургак учуктун амбулатордук дарылоосу Кыргызстанда 2012-жылдан бери «Сапаттуу саламаттык...

ИНТЕРВЬЮ 2016-09-25  19:01

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Жалал-Абад облустук калктын репродуктивдик саламаттыгын сактоо борборунун акушер-гинекологу...

ИНТЕРВЬЮ 2017-06-18  12:38