KELECHEK

Иштамберди кенинде иштеген 370 кызматкер жумуштан айдалды

Иштамберди кенинде иштеген 370 кызматкер жумуштан айдалды

Ала-Бука районундагы Иштамберди алтын кенин иштеткен “Фул Голд Майнинг” компаниясы жаңы келишим менен иштөөгө макул болбогон 370 кызматкерди жумуштан бошотту. Бул тууралуу тоо-кен тармагы боюнча кесиптик кошуундар уюмунун Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн башчысы Абдижалил Ташматов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, ишкана жумушчулардын маянасын азайтып, аларды иштен кетүүгө аргасыз кылды:

Кытай компаниясы иштеп эле жаткан кызматкерлерди келишимин токтотуп, жаңы жылдан баштап жаңы, убактылуу эмгек келишимин сунуш кылган. Анда жумушчулардын айлыгын 30% азайтып, бир топ шарттарды кыйындаткан. Кызматкерлер ал келишимге макул болбой, кол койбой коюшту. Натыйжада иш токтоп калды. Келишимге кол койбогондон кийин алар автоматтык түрдө иштен кеткен болуп калат. Алар “кааласаңар кол коюп, биздин шартка көнгүлө, болбосо иштебей эле койгула” деп, "башка кызматкер таап алабыз" дегендей кылып жатышат да, - деди Ташматов.

Тоо-кен тармагы боюнча кесиптик кошуундун республикалык жетекчилиги компания жумушчулардын шартына туура келбеген жаңы келишим сунуш кылуу менен Эмгек кодексин бузуп жатканын айтып, Жер казынасын иштетүү боюнча мамлекеттик комитетке кайрылганы турат. Ал эми кызматкерлер алтын кенин иштеткен компания мурдагыдай маяна менен кызматка албаса, нааразылык акцияларын уюштурууну көздөп жатышат.

“Фул Голд Майнинг” компаниясынан жагдай боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Компаниянын генералдык директору Гун Цзегуандын мөөрү менен колу коюлуп, кесиптик кошуунга жиберилген катында болсо ишкана каржы маселесинде кыйынчылык болуп жатканы үчүн маяналарды азайтууга аргасыз болуп жатканы жазылган.

Маалыматтарга ылайык, компанияда 600дөй кызматкер болгон. Алардын 370и жумуштан бошотулса, калган 200ү жарым-жартылай төлөнгөн эмгек өргүүсүнө чыгарылган. Алардын орточо маянасы 30 миң сомду түзөт.

“Фул Голд Майнинг” компаниясы Иштамбердиде 2011-жылдан баштап иштейт. Ал алгач технологиянын начардыгынан алтын өндүрүүнү ишке ашыра алган эмес. 2016-жылдан баштап гана Иштамберди алтын кенинде алгачкы алтын аралашкан куймалар өндүрүлө баштаган. Ала-Бука районундагы Иштамберди кенинде 40 тоннага жакын алтындын кору бар деп эсептелген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Лола Абибова Сузак районунун акиминин орун басары болуп дайындалды

Лола Абибова Сузак районунун акиминин орун басары болуп дайындалды

Лола Абибова Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун мамлекеттик администрация...

Аймак 2018-07-26  10:59

Ноокен районунун Бүргөндү айылына жаңы 18 даана электр мамычалар...

Ноокен районунун Бүргөндү айылына жаңы 18 даана электр мамычалар...

Бүргөндү айылындагы электр мамычалар жыгачтан болгондуктан эскилиги жетип, жарактуу мөөнөтү...

Аймак 2018-06-20  01:54

ЖАЛАЛ-АБАД: ИЮНЬ КАРГАШАСЫНЫН  КУРМАНДЫКТАРЫ ЭСКЕРИЛДИ (ФОТО)

ЖАЛАЛ-АБАД: ИЮНЬ КАРГАШАСЫНЫН КУРМАНДЫКТАРЫ ЭСКЕРИЛДИ (ФОТО)

Бүгүн, 13-июнда Сузак районундагы Топурак-Бел участкасында июнь коогалаңында каза болгондор...

Аймак 2018-06-13  18:51

Максат айылында чек аралаш айыл тургундарына ооз ачар өткөрүлдү

Максат айылында чек аралаш айыл тургундарына ооз ачар өткөрүлдү

Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Максат айылынын тургундары менен Тажикстандын Согди...

Аймак 2018-06-13  18:54

Өкмөттүн өкүлү К.Сатыбалдиев Ала-Бука районунда болду (ФОТО)

Өкмөттүн өкүлү К.Сатыбалдиев Ала-Бука районунда болду (ФОТО)

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев 23-24-май күндөрү 2 күндүк иш...

Аймак 2018-05-29  10:23

Тогуз-Тородогу башаламандыктардын зыяны 2,3 млн долларды түздү

Тогуз-Тородогу башаламандыктардын зыяны 2,3 млн долларды түздү

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 22-майда «Жи Эл Макмал Девелопинг» ЖЧКсынын...

Аймак 2018-05-23  13:59

Сузак районунда тинтүү учурунда үйдүн жер төлөсүнөн автомат октору...

Сузак районунда тинтүү учурунда үйдүн жер төлөсүнөн автомат октору...

19-май күнү ыкчам маалыматтардын негизинде Сузак районун Барпы айыл аймагындагы үйлөрдүн бирине...

Аймак 2018-05-23  14:27