KELECHEK

Кыргызстан менен Казакстан президенттери чек араны демаркациялоо макулдашуусуна кол коюшту

Кыргызстан менен Казакстан президенттери чек араны демаркациялоо макулдашуусуна кол коюшту

Президент Сооронбай Жээнбековдун Казакстандагы расмий иш сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар биргелешкен документтерге кол коюлду.

Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев кол койгон документтердин арасында эки тараптуу кызматташтык боюнча биргелешкен билдирүү, кыргыз-казак чек арасын демаркациялоо жөнүндөгү макулдашуу бар.

Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, Сооронбай Жээнбеков казакстандык кесиптешине расмий сапарга чакырганы жана жылуу тосуп алганы үчүн ыраазычылык билдирди:

- Биз, Нурсултан Абишевич менен чакан жана кеңейтилген форматта эки өлкөнүн кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү багытында маанилүү сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Ортодогу бардык маселелерди өз ара түшүнүшүү, достук жана эки тарапка тең ыңгайлуу багытта чечүүнү макулдаштык. Быйылкы жыл бир тууган эки мамлекет үчүн символикалуу мааниге ээ, дипломатиялык мамилелерге 25 жыл толду. Бул өтө кыска убакыт, бирок иш жүзүндө биздин алака кылымдарга созулат. Туугандык, достук жана коңшулук боюнча көп кылымдык байланыш азыркы мамиленин бекем негизи,- деген Жээнбеков Нурсултан Назарбаевди Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Ал сапардын алкагында Кыргызстан менен Казакстандын Мамлекеттер аралык кеңешинин кезектеги отурумун өткөрүү планы бар экенин белгиледи.

Өз кезегинде Назарбаев эки мамлекет боордош, өнөктөш экенине, жалпы тарыхы, тили жана маданияты бардыгына токтолду.

"Сүйлөшүүдө өзгөчө көңүл эки тараптуу экономикалык мамилелерге бурулду. Сооронбай Жээнбеков менен Минск шаарындагы сүйлөшүүдөн аз убакыт өткөнүнө карабай, фитосанитардык, ветеринардык, транспорт, салык, бажы көзөмөл тармагында көп иштер жүрдү. Бардык маселелер жөнгө салынды, чек арада транспорттун тыгыны жок. Бүгүн мен чакан чөйрөдөгү сүйлөшүүдө документтин ар бир пунктун сапаттуу ишке ашыруу тууралуу тапшырма бердим. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы товар айлантуу 19 пайызга көбөйдү, эми колдогу резервдерди активдүү колдонуп, 2020-жылы 1 миллиард долларга чейин чыгарышыбыз керек", - деди Назарбаев.

Жээнбеков Казакстанга расмий иш сапар менен 25-декабрда барган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын Казакстандагы элчиси болуп дайындалды

Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын Казакстандагы элчиси болуп дайындалды

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын...

CАЯСАТ 2018-10-12  00:41

Социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова кызматынан кетти

Социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова кызматынан кетти

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, эмгек жана социалдык...

CАЯСАТ 2018-10-12  01:18

Лунара Мамытова кызматтан кетти

Лунара Мамытова кызматтан кетти

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун...

CАЯСАТ 2018-10-12  09:22

Ысык-Көл форуму ишин баштады

Ысык-Көл форуму ишин баштады

"Айтматов жана доор чакырыктары" эл аралык Ысык-Көл форуму башталды. Форумдун...

CАЯСАТ 2018-10-05  18:32

Президенттик аппараттын Жээнбековго байланыштуу тамаша сүрөткө...

Президенттик аппараттын Жээнбековго байланыштуу тамаша сүрөткө...

Президенттик аппараттын мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго байланыштуу тамаша...

CАЯСАТ 2018-10-02  17:41

Кореядагы элчилик Сеулга барып келбей койгон кыргызстандыктардын...

Кореядагы элчилик Сеулга барып келбей койгон кыргызстандыктардын...

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилиги чет мамлекеттерде...

CАЯСАТ 2018-10-01  17:22