KELECHEK

Сальма Хайек продюсер Вайнштейнди сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыптады

Сальма Хайек продюсер Вайнштейнди сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыптады

Америкалык киноактриса Сальма Хайек Голливуддагы көптөгөн башка актрисалардай эле продюсер Харви Вайнштейндин сексуалдык ыдык көрсөтүүлөрүнө кабылганын билдирди. Бул тууралуу ал "Нью-Йорк таймс" гезитине жарыяланган макаласында жазган.

"Ал көптөгөн жылдар бою асылып жүрдү. Акыры анын опузаларынан улам макул болдум", - деп жазган Хайек.

1990-жылдары актриса жетекчилеринин бири Вайнштейн болгон Miramax Films компаниясынын тасмаларына туруктуу түрдө тартылып келген. Макалада Хайек карьерасынын алгачкы жылдарындагы жардамы үчүн продюсерге ыраазычылыгын билдирип, бирок кийин ал «кыжырды келтирген» талаптарды кое баштаганын жазган. Анын айтымында, сүрөтчү Фрида Кало тууралуу тасманы тартуу маалында Вайнштейн ачык төшөк мамилелери көрсөтүлгөн көрүнүшкө тартылууну талап кылган. Хайек андагы ролун өтө маанилүү деп эсептегендиктен гана макул болгонун айтты.

"Фрида" тасмасы 56,3 миллион доллар киреше алып келип, «Оскар» сыйлыгынын алты номинациясын алган. Буга чейин Вайнштейнди ондогон аялдар сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыпташкан. Учурда сексуалдык зомбулуктарга байланышкан иштери тергелип жаткан продюсер бардык айыптоолорду четке кагууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Өзбекстанда спектакль койгон Нарын театры дүйнө шаарларын кыдырууну...

Өзбекстанда спектакль койгон Нарын театры дүйнө шаарларын кыдырууну...

Спектаклден көрүнүш

Нарын музыкалык драма театрынын артисттери Өзбекстандын...

МАДАНИЯТ 2018-10-19  02:21

Тажик ырчысы туулган күнүн жетим балдар менен тосту

Тажик ырчысы туулган күнүн жетим балдар менен тосту

Белгилүү тажик поп-жылдызы Шабнами Сурайё туулган...

МАДАНИЯТ 2018-10-12  09:40

Алматы кинофестивалынын гран-приси «Хрусталь» тасмасына берилди

Алматы кинофестивалынын гран-приси «Хрусталь» тасмасына берилди

19-сентябрда аяктаган Эл аралык Алматы кинофестивалынын гран-присин Беларус, Орусия, Германия жана АКШ...

МАДАНИЯТ 2018-09-19  12:21

Көчмөндөр оюндарын дрон менен тартууга тыюу салынды

Көчмөндөр оюндарын дрон менен тартууга тыюу салынды

Иллюстрациялык сүрөт.

2-8-сентябрь күндөрү өтүүчү Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын дрон жана башка...

МАДАНИЯТ 2018-08-28  10:31

Алматыда Денис Тендин элесине арналган сүрөт көргөзмөсү өтүүдө

Алматыда Денис Тендин элесине арналган сүрөт көргөзмөсү өтүүдө

26-август күнү Алматыда маркум спортчу Денис Тенге арналган D10 WORLD...

МАДАНИЯТ 2018-08-27  12:20

“Ак кеме” повестинин негизинде экинчи тасма тартыла баштады

“Ак кеме” повестинин негизинде экинчи тасма тартыла баштады

Чыңгыз Айтматов.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" ("Жомоктон...

МАДАНИЯТ 2018-08-22  23:53