KELECHEK
rek

Назарбаев Жээнбековду Астанага чакырды

Назарбаев Жээнбековду Астанага чакырды

Казак президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын жаңы башчысы Сооронбай Жээнбековду расмий сапар менен Казакстанга келип кетүүгө чакырды.

Бул тууралуу ал Минскте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) саммитинин алкагында өткөн эки тараптуу жолугушуудан кийин журналисттерге маалымдады:

- Сапардын алкагында кыргыз-казак кызматташуусунун келечегин талкуулайбыз, - деди Назарбаев.

Жээнбеков Назарбаевге президенттик кызматка шайланышы менен куттуктаганы үчүн ыраазычылык билдирди. “Биз бардык маселелер туурасында сүйлөшүп, бир чечимге келдик. “Жол картасы” бар, эки өлкөнүн өкмөттөрү иштеп жатат, декабрь айынын аралыгында бул багыттагы иштерди аягына чыгарабыз. Чек арага биргелешкен көзөмөл коёбуз. Эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелери чечилет”, - деди ал.

Казакстан президенти: "Эки элдин ортосундагы бир туугандык, боордоштук мамилелердин баарын ордуна келтиребиз. Чек арадагы жагдай эмне үчүн болгонун баарыбыз билебиз. Ошондуктан "Жол картасын" кароо үчүн эртең-бүрсүгүнү өкмөттөн өкүлдөр Казакстанга келет, кол коёт", - деп билдирди.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12