KELECHEK
rek

Тоо койнундагы Кызыл-Суу айылында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча окуулар өттү (ФОТО)

Тоо койнундагы Кызыл-Суу айылында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча окуулар өттү (ФОТО)

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар мнистрлиги тарабынан Жалал-Абад шаарынын аймагында жаралган өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жаралган кырдаалдар учурунда тургундардын аракеттери кандай болушу керектиги, элеттеги коопсуз жашоо маданияты тууралуу калк арасында атайын окуулар жүрдү. Бул тууралуу шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Русланбек Кааров билдирди.

Анын айтымында, шаарга караштуу алыскы тоо койнунда орун алган Кызыл-Суу айылынын тургундары, мектеп мугалимдери жана окуучулары, шаарга караштуу Тайгараев аймактык башкаруусунун жана айылдын активисттеринин катышуусунда атайын окуу өткөрүлдү. Бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрында бекиткен Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын жана күчтөрүн даярдоонун жана жарандык коргонуу тармагында калкка маалымат берүүнүн бирдиктүү системасын Жалал-Абад шаар аймагында ишке ашыруу максатын көздөйт.

- Окутуу шаардын Тайгараев аймактык башкаруусуна караштуу Кызыл-Суу айылында өтүшү бекер жеринен эмес. Себеби, ал табигый кырсыктар жагынан кооптуу аймак эсептелет. Айыл шаардан 90 чакырым алыстыктагы тоо койнунда орун алып, жер көчкү, сел коркунучунда турат. Ошондуктан, биз айыл тургундарын өзгөчө кырдаалдар учурунда кандай аракеттерди жасоо керектигин, кырсыктын алдын алуу чаралары кандай жүрүшү зарылдыгын үйрөттүк, - дейт ал.

Ал эми окуу жыйынын өткөргөн ӨКМКнын алдындагы калкты окутуу борборунун ага нускоочусу Арипжан Көккөзовдун айтымында, облустун потенциалдуу коркунучу бар аймактарында жашаган калкты табийгый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар жаралуу коркунучу бар аймактарда, калктын өзгөчө кырдаалдар учурунда жүрүм-турум эрежелерин сактоонун ыкмаларын үйрөтүү боюнча атайын окутуулар областтын башка район-шаарларында да жүрөт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41