KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 29-ноябрда, Россия Федерациясына жасаган иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушту. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка  караганда, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-россиялык кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле  эки тараптуу өнөктөштүктүн кеңири спектри боюнча мындан ары  өз ара аракеттенишүүнүн негизги багыттарын талкуулашты.

Өкмөттүн Төрагасы Дмитрий Медведев  Президент Сооронбай Жээнбековду жылуу кабыл алып, Кыргызстандын Президенти болуп шайланышы менен дагы бир ирет куттуктап, жооптуу ишине ийгиликтерди каалады.

 “Биз Сиз Кыргызстандын Премьер-министри болуп турганда бир нече ирет жолугушуп, биздин жакшы мамиледеги өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык, гуманитардык  өз ара кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулаган элек. Биз буга чейин сиз Премьер-министр катары жана  мурдагы Президент тарабынан жасалган иштерди ырааттуу улантып, учурда жүргүзүп жаткан иштерибизди  улантабыз деп ишенебиз”, -деди Дмитрий Медведев.

Өкмөттүн Төрагасы акыркы жылдары өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелер жаңы деңгээлге чыккандыгын баса белгиледи. “Бул  эки тараптуу өз ара аракеттенишүүнү чыңдоого жана Кыргызстандын ЕАЭБ кошулушуна байланыштуу болду. Бул иштерге Сиз дагы  олуттуу салым коштуңуз Мына ушул бардык багыттар боюнча кызматташуубузду улантабыз деп ишенем”, -деди  Дмитрий Медведев.

Президент Сооронбай Жээнбеков Дмитрий Медведевге жылуу кабыл алгандыгы жана Кыргыз Республикасынын Президент болуп шайланышы менен куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

“Мен Кыргыз Республикасынын Президенти катары алгачкы сапарымды Россияга жасагандыгым символдуу. Бул Кыргызстан  өлкөлөрүбүздүн союздаштыгын  жана стратегиялык өнөктөштүгүн чыңдоого биротоло  багыт алгандыгын ырастап турат”, -деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ошону менен бирге Дмитрий Медведевге Кыргызстандын Премьер-министри болуп турганда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. ” Сиз кызматташуу маселелерин чечүүдө дайыма бизди колдоп келгенсиз жана биздин өлкөгө  жакшы мамиле жасачусуз. Мындан ары дагы өлкөлөрүбүздүн ортосундагы ишеним менен мамиле  жасоо сакталат деп ишенем”,- деди Президент Сооронбай Жээнбеков.

 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12