KELECHEK

Өзбекстан Каримовдун 80 жылдыгын белгилейт

Өзбекстан Каримовдун 80 жылдыгын белгилейт

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун 80 жылдыгын белгилөө боюнча токтомго кол койду.

Токтом Каримовдун республиканын көз карандысыздыкка ээ болушуна, туруктуу өнүгүшүнө кошкон зор салымы эске алынып, анын атын түбөлүк калтыруу максатында кабыл алынганы белгиленди.

Иш-чаранын алкагында, 2018-жылы январда Каримовдун Самарканддагы монументалдык күмбөзүнүн расмий ачылышы болот. Ага улай эле Карши шаарында анын эстелигиги бүткөрүлөт.

Мындан тышкары Каримовдун жашоосу жана ишмердүүлүгү туурасында даректүү тасма тартылып, анын китептери жарык көрөт. Самаркандда “Ислам Каримов – Өзбекстан мамлекетинин негиздөөчүсү” деген аталышта эл аралык илимий конференция болот.

Билим берүү мекемелеринде, аскер бөлүктөрүндө, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында белгилүү адабиятчылардын катышуусунда маданий кечелер өтөт.

Каримов 1938-жылы 30-январда төрөлгөн. Ал Өзбекстанды 1991-жылдан бери үзгүлтүксүз башкарган. Ислам Каримов 2016-жылы, 2-сентябрда 79 жашында инсульт болуп көз жумган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Казакстанда Зыряновск шаарынын аталышы Алтай деп өзгөртүлдү

Казакстанда Зыряновск шаарынын аталышы Алтай деп өзгөртүлдү

Казакстан картасындагы Чыгыш-Казакстан облусу

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев...

ТАРЫХ 2019-01-06  01:12

Алматы облусунда саясий репрессиялардын курмандыктарына арналган...

Алматы облусунда саясий репрессиялардын курмандыктарына арналган...

Казакстандын Алматы облусунун Жаналык айылында саясий репрессиялардын курмандыктарына арналган...

ТАРЫХ 2018-12-28  07:15

Өзбекстанда материалдык-маданий мурастар тизмесиндеги 259 объектиге...

Өзбекстанда материалдык-маданий мурастар тизмесиндеги 259 объектиге...

Өзбекстанда материалдык-маданий мурастар тизмесиндеги объектилерге мыйзамсыз ээлик кылуу,...

ТАРЫХ 2018-12-25  06:26

Тажикстандагы сайма саюу өнөрү ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине...

Тажикстандагы сайма саюу өнөрү ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине...

Тажикстандын «Чакан» деп аталган сайма саюу...

ТАРЫХ 2018-11-30  20:25

Назарбаев: «Глобалдык тарыхтагы ролубузду түшүнүшүбүз керек»

Назарбаев: «Глобалдык тарыхтагы ролубузду түшүнүшүбүз керек»

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өлкө тарыхын...

ТАРЫХ 2018-11-21  15:35

Ислам Каримовдун музейин оңдогон курулушчуларга эмгек акысы бериле...

Ислам Каримовдун музейин оңдогон курулушчуларга эмгек акысы бериле...

Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун музейинде оңдоо иштерин...

ТАРЫХ 2018-11-19  13:39

Москванын борборуна Ислам Каримовдун эстелиги тургузулду

Москванын борборуна Ислам Каримовдун эстелиги тургузулду

14-октябрдан 15-октябрга оогон түнү Москванын борборундагы...

ТАРЫХ 2018-10-18  08:29