KELECHEK
rek

Жалал-Абадда “Соолубасын үмүттөр – 2017” кароо-сынагы өтөт

Жалал-Абадда “Соолубасын үмүттөр – 2017” кароо-сынагы өтөт

 “Ыйман, адеп жана маданият” жылына жана 3-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк майыптарды коргоо күнүнө карата Жалал-Абад облусунда “Соолубасын үмүттөр – 2017” кароо-сынагы өткөрүлөт. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Кароо-сынактын башкы максаты - кыргыз элин биримдик менен ынтымакка чакыруу жана аярлуу катмарлардын жашоо деңгээлин көтөрүү менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын таланттарын элге кеңири тартуулоо болуп саналат. Сузак районундагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын “Асыл-Ай” коомунун жетекчиси Жумакан Жаркулова кароо-сынакты уюштуруп өткөрүүнүн демилгечиси катары чыкты.

Кароо-сынакка 5 жаштан 60 жашка чейинки 200гө жакын чыгармачыл өнөрлүү ДМЧАлардын өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө. Облустун район-шаарларында кароо-сынак 3 аймактык этап менен өткөрүлүп, жеңүүчүлөр 1-декабрда облустук Барпы театрында өтүүчү жыйынтыктоочу концертке жолдомо алышат. Аймактык жана облустук турда 1,2,3 орундарды ээлеген командалар менен жеке аткаруучуларга баалуу сыйлыктар тапшырылат. Ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев өзүнүн резервдик фондунан кароо-сынакты өткөрүүгө 80 миң сом каражат бөлүп берди.

3-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк майыптарды коргоо күнүнө карата ыйгарым укуктуу өкүл өзүнүн резервдик фондунан Жалал-Абад шаарындагы балдардын психонервологиялык диспансерине 10 мин сом жана Жалал-Абад шаарындагы көзү азиздер менен дүлөйлөр коомуна 10 миң сом каражат бөлүп берди.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...

МАДАНИЯТ 2016-05-06  17:34

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...

МАДАНИЯТ 2016-05-07  15:33

"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...

Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...

МАДАНИЯТ 2016-05-13  05:41

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...

МАДАНИЯТ 2016-05-16  19:07

Каннда

Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду

69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  16:13

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  18:32

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...

МАДАНИЯТ 2016-05-24  23:29