KELECHEK
rek

ВИЧ илдетин жугузуп алуу маалыматтын жоктугунан болуп жатат

ВИЧ илдетин жугузуп алуу маалыматтын жоктугунан болуп жатат

Азыркы учурда Кыргызстанда  ВИЧ/СПИД илдетине чалдыккандардын  саны  7396 адамдга  жетти. Анын ичинен Жалал-Абад облусунда 901 адам катталган. ВИЧ илдетинен 1657 киши каза тапкан. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук СПИДтин  алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борборунун лаборатория бөлүмүнүн башчысы Санабар Ахунова билдирди.  

Анын берген маалыматына караганда, өлкөбүздө ВИЧ/СПИДтин таркашы алгач пайда болуу мезгилинде баңгизаттарды сайынуу аркылуу көп катталган болсо, акыркы жылдары жыныстык жол менен жугуу жолу көп кездешүүдө. Учурда ВИЧ/СПИД бүтүндөй дүйнөлүк коомчулуктун глобалдуу проблемасы болуп саналат. Ал адамзаттын өнүгүшүнө жана  коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтирүүдө. ВИЧ/СПИД илдети  биринчи жолу катталганынан бери  27 жыл өттү. Бул аралыкта СПИД дүйнө жүзүн өзгөрттү, 25 миллиондон ашык адамдын өмүрүн кыйды, миллиондогон балдарды жетим кылды, кедейчиликти жана жакырчылыкты күчөттү, кээ бир өлкөлөрдө адамзаттын өнүгүшүн токтотту  жана терс таасирин тийгизди.

Бөлүм башчы С.Ахунованын айтымында, азыркы күндө 40 миллиондон ашык  адам ВИЧ/СПИД илдетине чалдыккан болсо, алардын тең жарымын аялдар түзөт. ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү 2000-жылы  БУУнун Миң жылдык саммитинде кабыл алынган миң жылдык өнүктүрүүнүн сегиз максатынын бири болуп саналат. Ошол эле жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Саламаттык сактоо маселесине арналган жыйында биринчи жолу дүйнөлүк шериктештик Африка өлкөлөрүндө СПИДге каршы курөштө адамзат жеңилип калгандыгын моюнга алган. Ал жерде бул маселе  улуттук  алаамат мүнөзгө ээ болгон. 

“Мына ушундай көрүнүш бизде да кайталанбаш үчүн  ВИЧ/СПИД  проблемасына баарыбыз каршы турушубуз керек. Соңку төрт жылда  эпидемиянын борбору Чыгыш Европа жана Борбордук Азияга ооду. Тилекке каршы, Кыргызстан ошонун ичинде биздин облус да бул көйгөйдөн четте калган жок”, - дейт С.Ахунова.

Жалал-Абад шаарында 367 адам ВИЧ илдети менен катталган

Бөлүмүнүн башчысы С. Ахунованын маалыматына караганда,  ушул эпидемия башталгандан бери Жалал-Абад облусу боюнча 901 адам ВИЧ илдетине чалдыгып катталган болсо, алардын ичинен 2017-жылдын январь айынан бери жаңы 106 адам аныкталды. Ал эми 2016-жылы катталгандардын саны 10 айдын ичинде 60 адамды түзгөн. Быйыл эки эсе көп катталды.

- Азыркы учурда республикабызда  ВИЧ/СПИД илдетине чалдыккандардын  саны  7396 адамдга жетти, анын ичинен биздин Жалал-Абад облусубузда 901 адам катталган. Жалал-Абад шаары катталуу саны боюнча 5-орунда турат. Ал эми облус аймагында ушул илдеттин таралышы боюнча кооптуу аймактарга кирет. ВИЧ илдети эң көп катталгандар Жалал-Абад шаарында – 367 адам каттоого алынган. Алардын ичинен 83 жаран турмуш-тиричилигине байланыштуу Россияда, башка жактарда жүргөн үчүн бизге дарылоого жеткиликтүү эмес. Ал эми 91 жарандын стадиясы СПИДке жетип өлгөндөр. Калгандары бизде каттоого туруп, дарыларын алышат.

Бизде катталгандардын ичинен 454үн эркектер түзөт. Эркектердин көпчүлүгү миграциядан улам болуп жатат. Россияга барып иштеп, маалыматынын жоктугунан жуктуруп алышууда. Өлкөбүздө  ВИЧ/СПИДтин таркашы алгач пайда болуу  мезгилинде   баңгизаттарды сайынуу аркылуу көп катталган. Биздин иликтөөлөр боюнча азыркы учурда ВИЧ илдетин жыныстык жол менен жугузуп алгандар басымдуулук кылат. Акыркы мезгилде бизде катталган аялдар да жыныстык жол менен күйөөсүнөн жугузуп алгандар. Денесин сатып күн көрүп жүргөндөр арасында былтыр экөө катталган, быйыл катталган жок.  Республикада кан аркылуу жугуу басымдуу болсо, бизде жыныстк жол менен жуккан басымдуулук кылат. ВИЧти лабороториялык жол менен текшермейинче жугузганын билүүгө болбойт. Жугузуп алган адам өзү деле билбей жүрө бериши мүмкүн. Иликтеп келгенде эле башка жакка барып жугузуп келгени байкалат, - дейт С.Ахунова.

ВИЧ жөнүндө фактылар

Адамдын ВИЧ инфекцияны жуктурушу СПИДдин өнүгүшүнө алып келет. ВИЧ – Адамдын иммуно жетишсиздик вирусу (адамда иммуно жетишсиздикти пайда кыла турган эң майда организм).

Иммуно жетишсиздик – коргоочу (иммундук) система кыйрагандагы абалы, мында ар кандай, ал түгүл жөнөкөй эле ооруларга каршы турууга болбой калат. Башка вирустар сыяктуу эле ВИЧ кожоюндун – оору жуккан адамдын клеткаларынын ичинде гана көбөйө алат. ВИЧ организмден  тышкары кыска убакыт жашай алат. Анын узактыгы температура жана вирусту курчап турган чөйрөдөгү суюктуктардын болушуна байланыштуу болот. Вирус ысыкка чыдабайт жана Цельсия боюнча 56 градуста өлөт.

Адам ага ВИЧ жуккандыгын кантип аныктай алат?

Адамдын канында ВИЧ – инфекциясынын болушун атайын тесттердин, канга анализ жасоонун жардамы менен гана аныктоого болот. Алар атайын борборлордо же ооруканаларда жүргүзүлөт. Оң натыйжа адамдын организминде ВИЧке карата антитело табылгандыгын, терс натыйжа антитело табылбагандыгын билдирет. Тышынан караганда, адам оорулуу же оорулуу эмес экендигин аныктоо мүмкүн эмес.

ВИЧ кандайча берилет?

Бүгүнкү күндө медицина илиминде ВИЧ тин 3 гана жугуу жолу бар:

  1. Кан аркылуу;
  2. Корголбогон жыныстык катнаш;
  3. ВИЧке чалдыккан энеден балага.

- Жыныстык жол. ВИЧ корголбогон жыныстык презервативдер же башка коргонуу каражаттарысыз катнаш учурда берилет. ВИЧ эркектен аялга, аялдан эркекке, эркектен эркекке берилиши мүмкүн.

- Кан аркылуу. ВИЧ бузук кан же кандык продуктулары аркылуу берилет. Пайдалануунун ортосундагы аралыкта медициналык ийнелерди жана шприцтерди зыянсыздандырбастан көп жолу пайдаланууда аз сандагы кандын бир адамдан экинчисине өтүшү да, ВИЧтин жугушуна алып келиши мүмкүн.

- Энеден балага. ВИЧ оорулуу эне вирусту балага кош бойлуу кезинде, төрөгөндө же эмчек эмизгенде жугузуп коюушу мүмкүн.

ВИЧ эмне менен берилбейт

ВИЧ аба-тамчы жолу менен жана тиричиликтеги катнаштарда берилбейт. ВИЧ алып жүргөн адам менен кучакташуу, анын  кийимин кийүү, аны менен бир үйдө же бөлмөдө жашоо, бир идиштен тамак ичүү, жалпы дааратканадан пайдалануу, бир бассейнде сууда сүзүү таптакыр коркунучтуу эмес. “Коркунучтуу” биологиялык суюктуктар менен алмашпаган карым-катнаштын  бардык түрлөрү коркунучтуу эмес.

ВИЧ/СПИДтен коргоонуу үчүн эмнелерди жасоо керек:

- Турмуш курганга чейин жыныстык мамиледен сактануу, өзүнүн жыныстык өнөгүнө ишенимдүү болуу;

- Баңги заттарын колдонуудан алыс болуу;

- Ар кандай медициналык  жана косметикалык процедуралар учурунда стерилдүү гана аспаптарды колдонуу;

- ВИЧ/СПИД тууралуу көбүрөөк окуу жана билүү.

- Кээ бир эркектер өздөрү ВИЧ илдетин жугузуп алып, анан билбей жүрүп аялына дагы жугузуп койгон учурлар көп кездешет. Негизинен жугузуп алган адамдарды иликтеп келгенде миграцияда жүргөндө, башка жакка барып жугузуп келгени аныкталат. Ар бир текшерүүнүн жыйынтыгы жашыруун болот. Бир адамдын жыйынтыгы башка бирөөгө берилбейт. Эгерде ВИЧ илдети табылып калса, ал өзүнүн ВИЧ статусун өзү жакындарына, үй-бүлөсүнө жеткириши керек. ВИЧ илдети бир адамда аныкталып калса, ал адамга консультациялар, ар кандай китепчелер берилет. Өзүн кандай алып жүрүү боюнча видео роликтерди коюп беребиз. Өзүнүн ВИЧ статусун билген адамга убакыт беребиз, анан ал адам менен биз иш алып барабыз. Аялын, балдарын алып келип текшертүүсү керектигин түшүндүрүп айтабыз. Биз аны өмүрүнүн акырына чейин каттоого алабыз, акысыз дары-дармектери берилет, анализдерин да акысыз тапшырышат. Эгер ооруп калса ооруканаларга акысыз жаткырабыз. ВИЧ оорулуу энеден бала төрөлө турган болсо, баласы бир жашка чыкканга чейин жергиликтүү бюджеттен баланын тамактануусуна акча бөлүнүп берилет. Мамлекеттик программа боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен атайын тегерек столдорду өткөрүп турабыз. Бала бир жашка чыкканга чейин акысыз тамактануу менен камсыз кылабыз. Ал эми ВИЧти жуктуруп алган бала болсо, мамлекет тарабынан 3 миң сомдон соцпособие алып турушат”, - дейт С.Ахунова.

Жалал-Абад облустук СПИД борборунун кызматкерлери дайыма калк арасында оорунун белгилери, анын алдын алуу жана башка бул  илдеттер  боюнча түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп келишет. Мындан тышкары, өсүп келе жаткан жаш муундарыбызга бул оору тууралуу кенен түшүндүрмө берүү максатында мектептерде, жогорку окуу жайларынын студенттери  менен окуу жылынын алкагында окутуу семинарларын өктөрүшөт. Ал эми 1-ноябрдан бери мектептерде семинарларлар, мэрияды тегерек стол, өкүлчүлүктө жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда координациялык кеңешме өткөрүлгөн.

Кыргызстанда 382 бала ооруканада ВИЧ илдетин жуктуруп алган

Кыргызстанда 600дөн ашуун балада ВИЧ илдети бар. Алардын 382сине 2006-2007-жылдары ооруканаларда дарт жуккан. Бул тууралуу Республикалык СПИД бирикмеси "Азаттык" үналгысына билдирген.

Жалал-Абад облустук СПИДтин  алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борборунун лаборатория бөлүмүнүн башчысы Санабар Ахунованын берген маалыматына караганда, облустук борбордо ВИЧ илдети менен катталгандардын ичинен 14 жашка чейинки 80 бала бар. Алардын 22си Жалал-Абад шаарындагы балдар, 18и мектепке барышат, төртөө болсо жаш балдар.

“Быйылкы жылы катталгандардын ичинен үчөө жаш балдар, анын экөө энесинен жугузуп алган. Бир баланын ата-энеси таза, бирок кайсы жерден жуктурганы тактала элек. Азыркы убакта эпид иликтөө жүрүп жатат”, - дейт бөлүм башчы С.Ахунова.

"Азаттык" үналгысынын интернет сайтындагы жарыяланган маалыматка караганда, Ноокат райондук жугуштуу дарттар ооруканасында жана Ош облустук балдар ооруканасында вирус жуккан балдар Ош, Жалал-Абад шаарларында, Сузак, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн райондорунда жашашат.

Балдарга ВИЧ жугуп калганына байланыштуу 2008-жылы Кылмыш кодексинин 117-беренеси (ВИЧ инфекциясын жуктуруу) боюнча 14 дарыгерге каршы кылмыш иши козголгон. Иш Жогорку Сотко чейин жеткен. Териштирүү беш жылга уланган. Алты дарыгер акталып, калгандары шарттуу түрдө 4 жылга кесилишкен. Анын эки айын алар тергөө абагында өткөрүшкөн.

“Ооруканада балдарга ВИЧ илдетин ким, кандайча жуктурганы дагы эле так аныкталган жок. Кылмышка тиешеси бар деп жоопко тартылган дарыгерлер жаза мөөнөтүн өтөп, айрымдары кайра ишин улантууда. Жабыркаган энелерге жана балдарга негизинен бейөкмөт уюмдар көмөк көрсөтөт. Онго жакын аялга өкмөт Ош шаарынан үй берген”, - деп билдирет “Азаттык” үналгысы.

СПИД борборунун бөлүм башчысы Санабар Ахунованын айтымына караганда, Жалал-Абад облусунда 2012-жылы Жалал-Абад шаарында, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунда балдардын баарын бирден ВИЧ илдетине текшерүү болгон. Ошондо катталгандар көп болгон. Калган райондор жалпы текшериле элек. Ошол текшерүүдө аныкталган көпчүлүк балдардын жугуу жолу Өзбекстандан жуккан деп аныкталган.

“Азыр балдар дарыланып жатышат. Ал балдар 6-7-класстарда окушат. Ата-энелери балдарга каныңда вирус бар үчүн дарыларды ичишиң керек деп гана айтышат. Балдар кичине болгон үчүн ВИЧ илдети менен ооруганы жана бул кандай оору экендиги боюнча маалыматтары жок”, - дейт С.Ахунова.

Аярлуу топтор арасында ВИЧ илдетин табууга ӨЭУдар жардам беришет

Жалал-Абад облустук СПИД борбору ВИЧ илдетин аныктоодо өкмөттүк эмес уюмдар (ӨЭУ) менен тыгыз иш алып барышат. Жалал-Абад шаарында баңги заттардын колдонуучулар менен иштеген “Дени сак муун” коомдук фонду жана денесин сатып күн көргөндөр менен иштеген “Таис плюс эки” коомдук бирикмеси бар.

“Биз менен чогуу ӨЭУ иш алып барышат. ВИЧ илдетин аныктоодо бул ӨЭУнун өкүлдөрү атайын окуулардын өтүп келишип, тест полоскалар менен кантип иштөөнү үйрөнүшкөн. Аларда тест полоскалар бар, ошол үчүн өздөрү иштеген жеринде эле шилекей аркылуу ВИЧ илдетин текшерип, аныктап алууга болот. ВИЧ бар, же жок экендигин аныктап, анан бизге алып келишет. Булар ай сайын аткарган иштери боюнча борборго отчет берип турушат. Ар бир ай сайын өкмөттүк эмес уюмдар, милиция кызматкерлери менен биргеликте ар кандай семинарлар да өткөрүлөт. Баңги зат колдонуучулар арасында 254 адам, секс кызматкерлери арасында 15 адам ВИЧ илдети менен катталган. Алардын арасында азыр да иштегени, башка жакка кетип калгандары, дарыланып жүргөндөрү бар. Денесин сатып күнүмдүк оокат көрүп иштегендер арасында ВИЧ менен ооругандар дале иштеп жүрүшөт. Ар бир ВИЧке кабылган адам 117-ст. негизинде “Мен ВИЧ менен ооруганымды билемин жана эч кимге жугузбаймын” деп түшүнүк кат жазып беришет”, - дейт облустук СПИД борборунун бөлүм башчысы.

ВИЧке чалдыккан адам динге өтө берилгендиктен, дары ичүүдөн баш тартып каза болгон

Жалал-Абад облустук СПИД борбору дин кызматкерлери арасында да ВИЧ илдети боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишет. Облустук казыят менен биргеликте буйруктар чыгарылып, окутуу иш-чаралары өткөрүлөт. Глобалдык фонддун каржылоосу менен чыггарылган китепчелер муфтият тарабынан таркатылып, жума намаздарына келгендер арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул багытта атайын бир дарыгер бөлүнгөн. Себеби динге өтө эле берилип кеткендер берген дарыны ичишпейт. Бул кудайдын берген сыноосу деп дары ичүүдөн баш тартышат.

“Мындай эки үй-бүлө бар. Динге өтө берилген эркек киши Россияда миграцияда жүрүп ВИЧ илдетин жуктуруп алыптыр, келгенден кийин аялына жуктурган. Оору билингенден кийин өзүн дарылоонун ордуна, ал дары ичүүдөн баш тартты. Качып жүрүшүп, кеч дары иче баштагандыктан, күйөөсү каза болуп калды. Аялы азыр дары ичип, дарыланып жүрөт. Экинчи үй-бүлө да биринчи каршы болушуп, кийин дарылана башташты”, - дейт Ахунова.

Ушундай түшүнбөстүктөр болбосун деп, Глобалдык фонддун каржылоосу менен “Ислам СПИД жөнүндө” деген китепчелер чыгарылган. Ал китепчеде авторлор ыйман, тазалык, сергек өмүр маселелерин алдыңкы катарга коюшуп, түрлүү жугуштуу ооруларга кантип каршы туруу, алардын алдын алуу, жадагалса ВИЧ оорусу кандай жолдор менен тарап жатканы боюнча кеңири түшүндүрмө берилген. Бул китепчеде курандын аяттары келтирилип, мусулмандарды таза болууга үндөгөн.

“Таис плюс эки” коомдук бирикмеси кимдер менен иш алып барат?

Жалал-Абад шаарындагы “Таис плюс эки” коомдук бирикмеси Глобалдык фонддун аярлуу топтор арасында ВИЧ/СПИД илдетин алдын алуу долбоорлорун ишке ашырып келе жатат. Аталган коомдук бирикменин жетекчиси Байгазы Эрматовдун берген маалыматына караганда, 15 жылдан бери ушул багытта иштеп, аярлуу топтор арасында денесин сатып күн көргөндөр менен иштеп келе жатышат.

- Биз 2002-жылы апрель айынан бери иштеп келе жатабыз. Биздин негизги максат – аярлуу топторго жеткиликтүү жана так маалыматтарды жеткирүү жана аларга жагымдуу шарт түзүп берүү. Жагымдуу шарт деген – алар коркпой-үркпөй анализ тапшыруусуна шарт түзүп берүү болуп саналат. Себеп дегенде, Кыргызстанда 2005-жылы ВИЧ/СПИДдин алдын алуу бонча мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзамда так көрсөтүп койгон. Кайсы адамдар мажбурлуу түрдө, кайсы адамдар сөзсүз түрдө, кайсы адамдар өз каалоосу менен анализ тапшыруусу керектиги жазылган. Мажбурлоо түрдө – бул атайын гана соттун чечими менен адамдарды мажбурлап текшерүүдөн өткөрөт. Сөзсүз түрдө дегендер – бул атайын кан тапшырып донор болуп жаткандар, кан менен байланышып иштеп жаткан хирург-дарыгерлер, гинекологдор, кан менен иштеген медициналык кызматкерлер кирет. Калкыбыздын калган кармары өз каалоосу, өз эрки менен маалыматты алгандан кийин гана ВИЧке текшерүүдөн өтүшөт деп жазылып турат.

Кээ бирде бизге айтып калышат: рейд жасап эле текшербейсиңерби? – дешип. Аярлуу топторго киргендер булар: баңги затты ийне аркылуу колдонуучулар, өз денесин сатып күн көргөн кыз-келиндер, абакта жаткандар, эркектер менен эркектер жыныстык байланышта болгондор, ошондой эле мигранттар. Булар ошол ВИЧ/СПИДге карата аярлуу топтор болуп саналат. Себеби, дегенде бул топтогулар өздөрүнүн жүрүм-туруму менен ВИЧ илдетин жуктуруп алууга жакыныраак болуп калган. Биздин максат – ошол аярлуу топтор арасындагы ВИЧ илдетин сыртка чыгарбай, сактап калуу болуп саналат. Ошол себептен, аярлуу топтор арасында түшүндүрүү иштерин алып барып, медициналык каражаттарды (презервативдерди), атайын китепчелерди таркатабыз. Аларды коопсуз болууга үндөп, ВИЧ илдетин жуктуруп албаш үчүн презервативди колдонуп, ВИЧке каршы текшерүүдөн өтүп туруусу үчүн иш-чараларын алып барабыз, - дейт Б.Эрматов.

Эрматовдун сөзүнө караганда, өз денесин сатып күн көргөндөр жашоонун жакшылыгынан, жыргаган турмуштан бул ишке барышкан жок. Көпчүлүгү колунда жок жакыр үй-бүлөдөн чыккан кыз-келиндер өз жанын багуу үчүн ушул жолго аргасыздан барышат. Арасында интернатта тарбияланган кыздар да көп учурайт. Илгеркидей интернаттан кийин азыркы учурда алардыы эч ким турак-жай жана иш менен камсыз кылбайт. Анан алар кайда барып, эмне кылаарын билбей көчөдө өзү менен өзү калып калып, анан ушундай жолго кирип кетишүүдө. Социалдык туруксуздуктан келип чыгып жатат. Жаш кыздар турмушка чыккандан кийин, күйөөлөрү Россияга кетет, анан ошол бойдон кайтпайт, абакка түшүп калгандар бар. Анан балдарын, жанын багуу үчүн ушул жолго түшүп, ВИЧ илдетин жуктуруп алгандары да болуп жатат.

“ВИЧ илдетине чалдыгып калган өз денесин сатып күн көргөн кыз-келиндер өздөрү коркуп турушат. Себеби алар иммунитети таңкыстык менен ооруп жаткандан кийин, башка ооруну жуктуруп албаганга аракеттерди жасашат. Аутич кызматкерлер ВИЧ илдетин алдын алуу боюнча атайын окуулардан өтүп келишип, “Теңге-тең” деген принциптин негизинде өз денесин сатып күн көргөн кыздар иштеген жерлерге барып, алардын өз колунан жетелеп келип, ВИЧке карата текшерүүлөрдү өткөрүп турушат. Себеби, ал аярлуу топтордун алдына медициа кызматкерлери бара алышпайт. Алар биринчиден бөтөн адамдар менен ачылып сүйлөшө албайт. Теңге – тең болгондо алар көбүрөөк ачылат. Алар берип жаткан маалыматтарга ылайыкташтырып, медициналык терминдери жок көчө тили менен жазылган каражаттарды чыгарып, таркатып турабыз”, - дейт Б.Эрматов.

“Таис плюс эки” коомдук бирикмесине 2017-жылдын январынын 22-ноябрга чейин 496 аял кайрылган. Булардын арасында 268 аял 21-30 жашка чейинки курактагыларды түзөт. База данныйга кайрылгандарга атайын код берилет. Ал 4 тамга 3 сандан турат. Негизинен алганда бирикмеге Жалал-Абад шаарынан, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунан кайрылышат. Кыргызстан боюнча 7 миңге жакын өз денесин сатып күн көргөндөр болсо, анын 700гө жакыны Жалал-Абад облусунан. Өзбекстандан келип иштегендер 20-30 пайызды түзөт. ВИЧ илдетине кабылгандар 12 адам аныкталып, анын 10у СПИД борборунда көзөмөлдө турат.

- Ошол 10 адамдын алтысы атайын арби терапия алып турушат. Булардын 2-3 аргасыздан иштешет. Себеби, жашоо үчүн башка түшкөн каражаты жок. Дагы 5-6на башка иш таап бердик,бирок айлык маянасы аз болгон үчүн ал жерде көпкө чейин иштей алышпады. Биздин долбоордо деле иштеп жаткандары бар. Алар башкаларга өздөрүнүн башынан өткөндү айтып беришет. Арви терапияны ичишет. Бул арви терапия өтө оор нерсе. Аны ичип жаткандарга социалдык-психологиялык жардамдар берилет. Ошол себептен, бул адамдарга көмөкчү консультанттар керек. Булар бири-бирине ишенген үчүн жашаган жерлерине, иштеген мончо, сауналарга барып ВИЧ илдети боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турушат. Мини сессия өтүп жатканда ал жердеги кыздар гана эмес, кардарлары да катышып, ВИЧ/СПИД тууралуу угууга биз бөгөт коойбойбуз. Анткени, бул ВИЧтин алдын алууда маалымат биринчи кезекте баалуу нерсе болуп саналат. Эркектер өздөрү билип туруп, өздөрү кардар болуп келишет. Секс кызматкерлери арасында презервативди колдонуу барган сайын өсүп жатат. Акыркы кезде ВИЧ илдети жыныстык катнаштан көбөйүп жатат деп СПИД борбору айтып жатат. Бирок, бул жуктурган аялдар секс кызматкерлери эмес, алар мигранттардын, баңги затты ийне аркылуу колдонуучулардын аялдары болуп саналат. Ал эми өз денесин сатып күн көргөндөр арасында бир пайыздан ашыгын гана түзөт”,- дейт  Б.Эрматов.

Эрматовдун айтымында, келээрки жылдан Глобалдык фонд да өз ишин жыйынтыктап, эми мындан ары каржылоо токтойт. Ошол себептен, “Социалдык заказ”  мыйзамына ылайык, өкмөттүк эмес уюмдардын топтогон тажрыйбасын жергиликтүү бийликтер өздөрүнө алышса жакшы болмок. Көп жылдан бери идолбоорлор менен иштеп, мол тажрыйба топтоп калган адистерди социалдык кызматкер катары иштетип, аярлуу топтор менен иштөөнү токтотпой, андан ары улантып кетүүсү зарыл. Бул боюнча Жалал-Абад шаарынын мэри С.Авазов жана мэриянын социалдык бөлүмү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

“Атам каза болгондон кийин, тагам көчөгө кууп чыгып, анан сойку болуп кеттим”, - дейт Гулмира

ВИЧ илдетине кабылган аярлуу топтор үчүн социалдык колдоо борбору “Таис плюс эки” коомдук бирикмесинин алдында иштейт. Аталган борбордун баалоо-мониторинг боюнча адиси болуп иштеген Арзыгүл Курманалиева айтымында, бул жерге кайрылган өз денесин сатып күн көргөндөр 14 күнгө  чейин бекер жашаганга болот.

- Бизге кайрылгандарга өзүнүн арызынын негизинде 14 күнгө  чейин жашаганга уруксат берилет. Алар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Алаар кирлерин жууп, өзү жуунуп, тамагын жасап жегенге бардык шарттар түзүлгөн. Мындан мурун келгендерге бекер тамак берилип турчу. Акыркы эки жылдан бери тамак-ашына акча бөлүнбөй калды. Ошентсе да, бизге келгендерге кеңештерди берип көйгөйүн угуп, жоголгон документтерин калыбына келтирип берип, жугуштуу тери ооруларын караган дарыгерден текшерүүдөн өтүшүп, ВИЧке анализдерин текшерип, дарылар менен камсыз кылып, аларга моралдык колдоо көрсөтөбүз. Сауналарга барып, ал жерде иштеген кыздарды ВИЧке каршы тесттен өтүүгө үгүттөп, аларды текшерүүдөн квартал сайын өткөрүп турабыз. Быйылкы жылы жарым жылда аярлуу топтор арасында 93 тест өттүк. Эч кимден ВИЧ илдети чыккан жок. Биздеги маалыматтар баары жашыруун сакталат. Тесттен өтүш үчүн биринчи ВИЧ боюнча маалымат берип, ал адамдын макулдугу боюнча келишим түзөбүз. Тест-полосканын жыйынтыгы 20  минутатда эле билинет. Эгерде ВИЧ илдети чыгып кала турган болсо, аны биз СПИД борборуна алып барып, канын текшертебиз. Лабораториялык текшерүудөн кийин гана ал адамдын ВИЧ менен ооруганын аныктайбыз,- дейт А.Курманалиева.

Социалдык борбордо жүргөн Гулмира менен сүйлөшүп, ал өзүнүн кантип ВИЧ илдетин жуктуруп алгандыгын билбей калгандыгы боюнча айтып берди. Анын сөзүнө караганда, кичине кезинде атасы каза болуп калып, апасы 4 баласы менен тагасынын үйүнө көчүп барат. Аларды тагасы көбүнчө урушуп, кордоп көчөгө кууп чыкчу экен. Ошондой күндөрдүн биринде Жалал-Абад шаарына келип, кайда барарын билбей кечинде скамейкада уктап калат. Анын жанына бир эркек келип, ээрчитип бир аялдын үйүнө алып барат. Ал аял жанын багыш үчүн сойку болууга көндүрөт. Ошентип, ал жаш кезинен эки кичине иниси менен апасын багуу үчүн сойкулук ишке өтөт. Өз денесин күнүмдүк оокат үчүн сатып иштеп жүргөн кезде бир күнү боюна бүтүп калат. Ал кимден боюна бүткөнүн да билбейт. Кыз төрөйт. Кызын апасына таштап, кайра эле сойкулукка иштей баштайт. Кызы бир жашка чыкканда бир жумага баңги затты колдонгон бирөөнүн үйүнө барып бир жума жашап келет. Бирок, ал кайра эле баягы көнгөн ишинде иштеп жүрүп эле, бир күнү текшерүүдөн өткөндө ВИЧ илдети чыгат. Кайдан жуктуруп алганын билбей башы маң болуп, презервативи жок жыныстык катнашка барган баягы бир жума жашаган баңги жигит оюна келет. Бирок, баары кеч болуп калган эле...

ВИЧке чалдыккандан кийин ар кайсы жери ооруп, жегенге жарытылуу тамак жок кыйналат. Өзү баккан инилери “сойку” деп үйүнө киргизбей коюшат. Анан сойкулукту таштап, ашканада 3 жыл идиш жууп иштейт. Бирок, ВИЧ илдети аны бейкапар иштөөгө мүмкүнчүлүк бербейт. Сууга колун кечке сала бергендиктен, колдору какшап ооруганы күчөйт. Турмуштун оордугу желкеден басып, жарытылуу тамак жок, айрым күндөрү тамак ичпей да калат. Тамакты кызым жесин деп, өзү тамак жок болгондуктан, дарыларын ичүү да калып кетет экен. Себеби ал ВИЧке каршы өтө күчтүү дарыларды ичет. Ал дарыны ичкенде күчтүү тамактануусу абзел болот. Ушул оор турмуштан кичине да болсо кутулуу үчүн Гулмира социалдык борборго тез-тез келип турат. Ал өзүнүн оор абалын жеңилдетүүнү көздөйт. Борбордун адистери ага ар тараптуу жардам беришип, колдоо көрсөтүп турушат экен. Мен да ошол борборго барганда көрүп калып, кыскача өмүр баянын угууга туура келди.

“Учурда кызым 11 жашта. Анын документи да жок. Эки кулагы ооруп, ириң агып турат. Жардам  бергенге эч ким жок. ВИЧти кантип жуктуруп алганымы билбей, башым маң болуп кыйынчылыкта жашап жатам. Эмне кылаарымды да билбейм? Мага жардам бере турган адам да жок”, - деп кайгырды  Гулмира.

ВИЧ/СПИДдин алдын алуу боюнча мыйзам базасын өзгөртүү зарыл

Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын эпидемияга жана эпизоотияга каршы өзгөчө комиссиясынын жыйынында облустук СПИДге каршы күрөшүү борборунун директору Элмира Сатарова маалымат берип, ВИЧ алып жүрүүчүлөрдү аныктоо максатында жүргүзүлүүчү алдын ала текшерүүлөр жагынан көйгөйлөр пайда болгондугун билдирген. Ал үчүн ВИЧ/СПИДдин алдын алуу боюнча мыйзам базасын өзгөртүү зарыл.

Жыйында илдетке чалдыгуунун алдын алуу боюнча анализдерди алып, текшерүү жүргүзүү жагынан медициналык мекемелерде кемчиликтер орун алганы маалым болгон. Негизинен кош бойлуу аялдар гана текшерүүдөн өткөрүлүп, тобокел тайпасына кирген жарандардын көбү текшерүүдөн өтпөй калып жатканы белгиленген. Бул болсо, ВИЧ илдетинин кеңири жайылып кетишине өбөлгө түзүшү мүмкүн.

Жыйынга катышкан медицина кызматкерлери, коомчулук өкүлдөрү ВИЧ-СПИДдин алдын алуу боюнча мыйзам базасын өзгөртүү зарылдыгын белгилешкен. Мыйзамда илдетти алдын алуу, аны аныктоо максатында текшерүүлөр жарандын өзүнүн макулдугу менен гана жүргүзүлөт деп жазылган. Бирок, мындай абал ишти алдыга жылдырууга шарт түзбөйт. Ошондуктан, милдеттүү түрдө текшерүүдөн өтүү жагын мыйзамдаштыруу керек дешет коомчулук өкүлдөрү. Себеби, баарынан өкүнүчтүүсү иммундук таңкыстык илдетине жаштардын улам барган сайын көбүрөөк чалдыгып жатканы коомчулуктун тынчсыздануусун жаратууда.

“1-декабрь - ВИЧ/СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата 1-ноябрдан 1-декабрга чейин Жалал-Абад облустук СПИДтин  алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борборунда  акысыз тестирлөө жана кеңеш берүү жүргүзүлүп жатат. Каалоочуларды чакырабыз,  биздин дарек Жалал-Абад шаары, Курортный көчөсүнүн 37чи үйү”, - дейт бөлүм башчы С.Ахунова.

Анархан Жаңыбаева, “kogart.kg”

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24