KELECHEK
rek

Кыргызстан блокада маселесин БУУда көтөрүп чыкты

Кыргызстан блокада маселесин БУУда көтөрүп чыкты

Кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн соңку кырдаал Бириккен Улуттар Уюмунда талкууланды. Тышкы иштер министрлиги бүгүн кабарлагандай, 17-ноябрда БУУнун баш кеңсесинде экономикалык, экологиялык жана каржы маселелерине байланыштуу резолюциялардын топтому каралды.

"Бир тараптуу экономикалык чаралар - өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү саясий жана экономикалык мажбурлоо каражаты" деген резолюция талкууланып жатканда Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева билдирүү жасады.

Ал Казакстан 10-октябрдан бери чек арада жасалма тосмолорду түзүп жатканын айтты. Молдоисаева Кыргызстанга экономикалык залака келтирүү жана өлкөнүн инвестициялык, туристтик мүмкүнчүлүктөрүнө шек келтирүү максатында кыргыз-казак чек арасында экономикалык жана транспорттук блокада жасалып жатканын белгиледи.

10-октябрдан бери кыргыз-казак чек арасынан Казакстан тарапка өтүү кыйын болуп жатат. 8-октябрда кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев казак башчысы Нурсултан Назарбаевди "Кыргызстандын ички ишине кийлигишип жатат" деп сындаган.

20-ноябрда Атамбаев Казакстан Кыргызстанды блокадага алганын, бул маселени чечиш үчүн орус президентине кайрылганын белгиледи. Ошондой эле ал коңшуларга "сабак бергенин" айтып, Казакстанды сындаганын туура кадам деп баалады.

Казакстан Мажлисинин төрагасы Нурлан Нигматуллин Атамбаевдин бул билдирүүлөрүн "жоопкерчиликсиз жана популисттик" деп баалады. Ушул сыяктуу дипломатиялык кайым айтышуу эки айдан бери уланып келе жатат. Чек арадан өтүү мурдагы калыбына келе элек.

Жогоруда аталган резолюцияга 116 мамлекет макул болду, экөө - АКШ менен Израил - каршы чыгышты, 49 мамлекет добуш берген жок.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12