KELECHEK
rek

Жалал-Абад облусунда күнөсканаларда өстүрүлгөн жашылчалар Россияга экспорттолууда (фото)

Жалал-Абад облусунда күнөсканаларда өстүрүлгөн жашылчалар Россияга экспорттолууда (фото)

Жалал-Абад облусунда бардыгы болуп 600дөн ашык күнөскана бар болсо, быйылкы жылы эле дыйкандар тарабынан 8 күнөскана курулган. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Жалал-бад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, дыйкандар күнөсканаларды курууга көп көңүл бурушуп, алар өз алдынча аракеттерди жасап жатышат. Айрымдары Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан каражат алышып, өз иштерин башташууда.

- Азыр Өзбекстан менен чек ара ачылып каттоо болуп жатат. Мындан 5-6 жыл мурун каттоо кыйын абалда болчу. Карым-катнаш жок болгондуктан, жашылча-жемиштерди Өзбекстандан алуу кыйын болуп калган. Ошол себептен, акыркы 5-6 жылдын ичинде эле облус аймагында 600дөн ашык күнөсканалар пайда болду. Башка региондорго караганда биздин облуста күнөсканалар көп курулду. Рынок шарты бизди ушул жолго алып барат экен. Өзбекстандан помидор, бадыраң өтпөй калгандан кийин, биздин дыйкандар өздөрү өстүрүп, арзан баада базарга сатыкка чыгарышууда. Өзүбүздүн калкты камсыз кылып эле тим болбостон, ашканын башка чет өлкөгө сата баштадык. Мына азыркы  учурда помидор, бадыраң, пияздарды биз Орусияга жөнөтүп жатабыз. Өткөн 2016-жылы бизнес-форум өткөрүп, Орусиядан ишкерлерди чакырганбыз. Алар форумга келген күнү эле 4 фура дарбыз-коонубузду жүктөп кетишти. Кийин да келип, алып кетип жатышты.

Азыр Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагында 7 гектар жерге күнөскана курулуп жатат.  Жакында 10-ноябрда Ноокен районундагы Бүргөндү айыл аймагынын базасында “Кызмат көрсөтүүлөрдү жана тейлөөлөрдү уюштуруу аркылуу жергиликтүү маанидеги маселелерди ишке ашыруу” аталышында облустук семинар-кеңешме болуп өттү. Аймактык семинар-кеңешмени КР Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги менен бирге өткөрдүк. Мына ошол семинарга баргандар анда курулган күнөскана менен жакындан таанышып чыгышты.

Жеке ишкер Иманбек Намазбековдун аракети менен 25 млн. сомго 2,5 га. аянтка күнөскана курулуп, жыл бою помидор, бадыраң жана болгар калемпири өстүрүлүп, жашылчалар Россияга экспорттолууда. Бул жерде сыйымдуулугу 1000 тоннаны түзгөн муздаткычтын курулушу дагы жүрүп жатат. Ал күнөсканада өстүрүлүп жаткан жашылчалардын үрөндөрү Голландиядан түз алынып келинет. Күнөсканада 25 адам такай жумуш орундары менен камсыз болушкан.

Бүргөндү айыл өмөтүндө эски күнөскалар да бар. Алардын такай кардарлары болгондуктан, күнөскалардын санын коркпой көбөйтүп жатышат. Россиядан кардарлары өздөрү келип алып кетишет. Мына логистикалык борбордо жашылчалар бузулбай тургандыктан, кышы боюу базарга сатууга да ыңгайлуу болуп калды. Киреше түшүп жаткандыктан, ишкерлер бул иштерди коркпой жасап жатышат, - дейт М.Акматов.

Өкүлдүн биринчи орун басары Акматовдун сөзүнө караганда, 2016-жыллы өткөргөн бизнес-форумга келген ишкерлер ала турган товарларды бир жерден ири көлөмдө алуу ыңгайлуу боло тургандыгын айтышкан. Ошол себептен, логистикалык борборлорду куруу азыркы учурдун талабы болуп жатат. Ноокен районунда кичине логистикалык борбор болсо, эми ишкерлер анын жанына чоң борборду курууну башташкан.

“Келечекте, Жалал-Абад шаарына, башка райондорго да логистикалык борборлорду куруу зарылдыгы пайда болууда. Тоолуу болгон Токтогул, Тогуз-Торо, Чаткал райондорунда да күнөскалар курулуп, элди таза экологиялык жашылчалар менен камсыз кылууга ишкерлер аракеттерин жасап жатышат. Эч кимге айттырбай эле, ишкерлер өздөрү кызыкчылык менен бул иштерди аткарышууда. Бул да болсо, базар экономикасынын шартында атаандаштык менен иштөөгө багыт алгандыгын көрсөтүп турат. Рынок шартында кайсы тармак жакшы түшүм берсе, ошол тармакты өнүктүрүүгө аракет кылабыз”, - деди өкүлдүн 1-орун басары.

“Жашыл экономикага” көптөгөн тармактар кирип кетет

Акыркы мезгилдерде кыргыз өкмөтү “Жашыл экономиканы” өнүктүрүүгө көп көңүл буруп жаткандыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында көп чагылдырылууда. Бүгүнкү күндө бул маселе жалгыз эле Кыргызстан эмес бүткүл дүйнө жүзүндө өтө актуалдуу болуп жаткан иш-чаралардын бири. КР Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиевдин “Азаттык” үналгысына берген маалыматына караганда,  “Жашыл” экономика бул - жалпы экономиканы туруктуу өнүгүүгө алып келүүдө жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана кайра калыбына келтирүү менен пайдаланууда зор роль ойной турган принцип болуп эсептелет. Андан тышкары бул жалгыз эле ресурстарды үнөмдүү пайдаланууну түшүндүрбөйт, бул башка тармактарды да камтыган жана бардык тармактарда туруктуу өнүгүүгө жол көрсөткөн багыт.

Кыргыз Республкасынын Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ)  мүчө болуп киргенден кийин, бул уюмдун талаптарына жана рыногуна байланышкан жаңы талаптар пайда болду. Бул тууралуу КР Экономика министрлигинин аймактар аралык башкармалыгынын Жалал-Абад аймактык бөлүмүнүн башчысы Тынысбек Турдубеков билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, баарыбызга маалым болгондой республикада, анын ичинде биздин облуста айыл чарба продкцияларын экспорттоодо бир топ көйгөйлөр жана тоскоолдуктар орун алууда. Алардын  бири айыл чарбасында негизинен майда товар өндүрүүчүлөр болууда.

Жалал-Абад облусу боюнча  быйылкы жылдын 10 айында - 134118 тонна картошка, 255890 тонна жашылча, 950759 тонна бахча өндүрүлгөн.

- Майда чарбаларды ирилештирүү, айыл чарба кооперативтерин түзүү боюнча бир топ аракеттер болууда. Алсак облуста 926 айыл чарба кооперативтери иш алып барууда. Бирок, бул түзүлгөн кооператиптер өтө аз көлөмдө продукция өндүрүүдө. Аларды көбөйтүү, түзүү боюнча таасирлүү методдор болбой, аларды түзүү чоң проблеманы жаратууда. Ал үчүн менин сунушум мамлекет тарабынан кооперативтерге салык боюнча, кредиттерди, техникаларды лизингке берүүдө жеңилдиктерди берүү менен ири кооперативтерди түзүп, алар аркылуу экспортту көбөйтүүбүз учур талабы болууда.

Органикалык таза жашылча-жемиштерди өстүрүүгө аракеттер жүрүп жатат. Буга мисал келтирсем, бизде өткөн жылы “Био Фермер” айыл чарба кооперативи Германияга 425 тонна органикалык таза пахта буласын экспорттоду. “Био Фермер” айыл чарба кооперативинин учурда 1150 мүчөсү менен 2800 гектар жерди иштетип, өндүргөн продукциясын экспорттоодо. Мындан сырткары, “Бега-Плюс” ЖЧКу да өткөн жылы Европага экологиялык таза 382 тонна жашылчаларды консервалап, 268 тонна жаңгакты тазалап жиберген.

Экспортту алга жылдыруудагы негизги көйгөйлөрдүн бири, көпчүлүк продукцияны экспорттоо Казакстан менен Россияга жөнөтүүгө багытталган жана аларга чоң көлөмдө жана туруктуу жөнөтүүлөр болуш керек. Бирок, бизде андай экспортту жасоого шарттар жок. Бул маселени чечүү үчүн облуста 2 логистикалык борборлор курулду. Бирок, алардын көлөмдөрү абдан аз болууда. Ошондуктан, биздин облуска чоң көлөмдөгү логистикалык борборлорду куруу учур талабы болууда. Биз жер-жерлерге барганда дыйкандарды күнөсканаларды куруп, органикалык таза жашылча, жемиштерди өстүрүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, үгүттөп келе жатабыз, - дейт Т.Турдубеков.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан 2 млн. сом алып, 50 сотых жерге күнөскана курган ишкер

Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн жашоочусу, жеке ишкер Убайдилла Чимбердиев кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан 2 млн. сом алып, 50 сотых жерге помидор жана бадыраң өстүрүү үчүн күнөскана курган. Бул тууралуу жеке ишкердин иниси Сайдилла Чимбердиев билдирди.

Анын айтымында, мурда тоок ферма кармап, жумурткаларын базарга сатып келишкен. Бирок, акыркы 2 жылда Казакстандан келген арзан жумурткалар базарды каптап кеткендиктен, тоок фермасынын ишин токтотууга туура келген. Быйылкы жылы февраль айында күнөскананы курууну башташкан. Атайын адистерди Өзбекстандан алып келишкен.

Күнөсканалардын башкы агроному Аширали Шералиевдин сөзүнө караганда, февраль айынан баштап күнөсканаларга эгиле турган помидор менен бадыраңдын көчөттөрүн атайын желим стакандарга отургузуп, өстүрүүнү башташкан. Анан жерин тегиздеп, органикалык жер семирткичти сээп, жерди даярдаганда кийин гана көчөттөр отургузулган. Бир жыл ичинде күнөсканадан эки жолу түшүм алынып жатат.

“Быйыл бадыраңдан 21миң тонна, помидордон 35 миң тонна түшүм алууга жетиштик. Азыр экинчи түшүмүн алуунун алдында турабыз. Бадыраңдар быша баштады. Ал эми помидорлор жаңы жылга жакын бышат. Помидор 90 күндө, бадыраң 40 күндө мөмөсүн берет. Жылуулукту 15-20 градуста кармап туруш үчүн азыр печкалар жагылып жатат. Кыйынчылыктар жок”, - дейт А.Шералиев.

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты, “Абий” ЖЧКнун директору Сайдилла Чимбердиевдин  айтымына караганда, алар курган күнөсканаларга органикалык жер семирткичтер колдонулат. Малдын эле кыгын бир жерге алып келип топтоп, аны бир жыл чириткенден кийин гана үлүш жерлерге да ушул органикалык жер семирткичтерди пайдаланышат.  

- Күнөскандагы бадыраңдарды эрте жазда күнүнө 1 тоннадан сатып жаттык. Бир күндүк киреше 60 миң сомдон болду. Помидор болсо жайында абдан эле арзан болду. Бадыраңдын экинчи түщүмүн да жакында алууга даярдык көрүлүп жатат. Помидордун экинчи түшүмү жаңы жылга карата бышып калса, базарга сатыкка чыгат. Элибизге арзан баада таза органикалык жашылчаларды сатууну көздөп жатабыз. Биздин жашылчаларга химиялык заттар колдонулбайт. Баддыраң менен помидор органикалык жол менен өстүрүлүп, элибиздин ден соолугуна зыян тийгизбейт, - деди С.Чимбердиев.

Анархан ЖАҢЫБАЕВА, “KOGART.KG”

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24