KELECHEK
rek

Ноокен районунун Кызыл-Кыя айылында заманбап спорт зал пайдаланууга берилди (ФОТО)

Ноокен районунун Кызыл-Кыя айылында заманбап спорт зал пайдаланууга берилди (ФОТО)

Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагына караштуу Кызыл-Кыя айылында заманбап технология менен курулган спорт зал бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Германия кызматташтык уюмунун колдоосу менен КР Өкмөтүнүн коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялык агентствосу – АРИСтин долбооруна ылайык спорт зал 9 млн. 41349 сомго бүткөрүлдү. Бүргөндү айыл аймагынын аппаратынын жана коомчулуктун салымы 710 миң сом болду.

Заманбап спорт залдын ичинде кийинүүчү жай, балдар менен кыздар жуунучу жылуу суусу бар душтар кошо курулган. Жаңыдан ишке берилген спорт залда Өскөнбай Кайыпов атындагы №24 орто мектептин окуучулары жана Кызыл-Кыя айылынын жаштары дене тарбиясын чыңдоо жана спорт менен кеңири машыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Кызыл-Кыя айылындагы спорт залдын пайдаланууга берүү иш-чарасына ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев, ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Ноокен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Эркинбек Маматаев жана АРИСтин Жалал-Абад облусундагы жетекчиси Сапарбек Токоев, Кызыл-Кыя айылынын жашоочулары менен коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Спорт залды курууга жигердүү салымдарын кошушкан бир катар атуулдарга Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын жана Бүргөндү айыл аймагынын Ардак грамоталары менен ыраазычылык алкыш баракчалары тапшырылды.

Облустук жана жеригиликтүү бийликтин башчылары спорт залдын кызыл тасмасын кесишип, анын ички машыгуу залы жана жаратылган ыңгайлуулуктар менен кеңири таанышып чыгышты. Спорт залдын курулушун “Кербенжолкурулуш” ачык акционердик коомунун куруучулары сапаттуу бүткөрүштү.

 Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41