KELECHEK
rek

Аксы районунда витаминдүү азык-оокат менен тамактанууга көңүл бурушууда (ФОТО)

Аксы районунда витаминдүү азык-оокат менен тамактанууга көңүл бурушууда (ФОТО)

Акыркы жылдары климаттын өзгөрүүсү менен жалпы адамзат дуушар болгон проблемалар, оорулар көбөйүп жатат. Алардын баары чогулуп келип, чоң социалдык көйгөйгө айланууда. Бул көйгөйдү азайтуу үчүн жашыл экономика саясатын колдонуу менен жашоону жакшыртуу зарыл болуп жатат.

Адамдын жашоо шартын жакшыртуу, таза тамак-аш менен камсыз кылуу, ден соолугун сактоо боюнча Жалал-Абад айылдык консультациялык кызматынын (ЖА АКК) консультанты Каныкей Мырзаева алыскы Аксы районунун Кош-Дөбө айылынын Жаңгак участкасында күнөскана куруп, андан эрте түшүм алууга жетишкен фермер Кудайбердиева Анаркан эженин эмгек тажрыйбасы боюнча айтып берди.

- Каныкей Асылбековна,  жашыл экономикага көңүл бөлүп, айыл жеринде жашаган тургундарга күнөскана куруунун жолдорун үйрөтүүгө эмне түрткү болду?

- Аксы районунун Кош-Дөбө айылындагы жашоочулардын айтымында, сугат суу таңкыстыгы жана толук жетишсиздиги көптөн бери көйгөй жаратып келген. Мына ушундан улам жергиликтүү калк өзүнүн жашылча бакчаларына жашылча-жемиштердин көпчүлүк түрлөрүн эгишпей калган. Байкап көрсөк,  жергиликтүү калк үлүш жерлерине дан өсүмдүктөрүн - жүгөрүнү жана беде эгип гана калышкан. Тамак-ашка пайдалануучу жашылчаларды айдаган адамдар дээрлик жокко эсе экен. Кээ бир жашоочулардын түшүнүгү боюнча, биз өзүбүз жашылчаларды эккенден көрөкчү базарда арзан болуп жатпайбы, ошону алып жегенибиз аларды биз өндүргөндөн арзан түшөт деп өздөрүн ынандырып алышкан. Бирок, ошол базарга «кайда, кандай өндүрүлүп, кантип сакталып келип жатат?» бул эч кимдин оюна да келбей жатканы ушул «Тоолуу Агро-экосистемадагы Азыктануу» долбоору иштеп, тамактанууну жакшыртуу боюнча да  окууларды баштаганда билинди. Ойлоп көрсөк, чындыгында биздин калктын түшүнүгү боюнча  базарда даяр, арзан болуп калды, деп эң арзандарын сатып алып колдонуп калган экенбиз.

- Фермер Анаркан Кудайбердиева эжекге күнөскана курууга кандайча жардам бердиңиздер?

- Фермер Кудайбердиева Анаркан эжеке үй-бүлөсү менен күнөскана курууга кызыгып жүрүшкөн экен. Былтыр «Тоолуу Агро-Экосистемаларында Азыктануу» деген долбоор ошол аймакка барып, биз алар менен иштешип, күнөскана курууга бел байлашты. Анаркан эже жашаган Кош-Дөбө айылынын Жаңгак участкасында биринчи жолу аянты 40 метр квадрат болгон жөнөкөй, арзан түзүлүштөгү күнөскана курулду. Сугарууга ыңгайланганы бизге жакты, башкача айтканда күнөсканага 200 литр бочкасы менен тамчылатып суугаруу системасы орнотулду. Бул абдан суугарууга ыңгайлуу болот. Жолдошу экөө күнөскана курулгандан баштап кызыгып, эми кандай өстүрүп алат экенбиз? - деп кабатыр да болуп жатышты, - дейт К. Мырзаева.

Ал эми Аксы районунун Кош-Дөбө айылынын Жаңгак участкасында күнөскана куруп иштеткен фермер Анаркан Кудайбердиева өзүнүн иш тажрыйбасын төмөндөгүчө айтып берди.

- Күнөсканага помидордун көчөттөрүн 19-мартта отургуздук. Аба ырайы суук болуп кеткенде күнөскананын ичине ток печка коюп ысытып жаттык. ЖА АККдан агроном-консультанттар өздөрүнүн кеңештерин берип жатышты. Күнөсканада жашылчага өстүрүүгө керектүү болгон пайдалуу окууларды өтүп беришти. Баарынан да, айылдагы жаш балдардын, аялдардын тамагынын витаминдүү болуусу маанилүү экендигин ушул долбоордун окууларынан кийин түшүнүп жеттик десем болот. Себеби, мурда тамактанууну эти көп болуп даярдалса эле, жакшы тамактануу деп эсептеп жүргөндөр көп экен арабызда. Бизге кээ бир окуулар практика жүзүндө болуп, витаминдүү салаттарды жана тамактарды жасоону үйрөткөн сабактар да өтүлдү.

Ушул долбоордун таасириненби, азыр үй-бүлөлүк тамактанууда тандыр наныбызды камыр-турушка ачытып, жасап жеп калдык. Көпчүлүк кошуналарыбыз да камыр-турушка нан ачытып, жасап жей башташты. Ылдыйкы кошунабыздын неберелери көп, аларга чайдын ордуна компотторду даярдап беришүүдө. Ушинтип колдон келген нерселерден өз колубуз менен түркүндөтүп тамактансак болот экен. Бизде 12 аялдан топ түзүлгөн, дайыма окуулардан ар кандай тамактанууну түркүндөштүрүүгө байланышкан маалыматтарды алып турабыз. Өзүбүз алган маалыматтарды башкаларга айтабыз.

Күнөсканага помидорду эккенден баштап, кошуналарыбыз да кызыгып, кандай болот экен деп жатышты. Жаз алды менен 19-мартта помидордун көчөтү эгилип, алгачкы түшүмү 7-июнда бышты. Алгачкы терим 2 килограммдай помидор болду. Өзүбүз салат жасап жедик, кошуналарга ооз тийгиздик. Калган түшүмдөрү аркасынан эле удаа болуп бышып жатты, тамак-ашка пайдалангандан сырткары кошуналарга бердик. Калганын базарга да алып чыгып сатып келдим. Жалпы алган түшүмүбүз 410 кг болду. Бизге базар алысыраак  болгондуктан жаны помидорлор экен дешип,  айылдагылар үйдөн эле алып жатышты. Кошуналарым жана сатып алгандар - бул “помидорлордун даамы башкача, базардан алганыбыздан айырмасы бар экен” - деп айтышты. Себеби биз помидорлорго эч кандай дары-дармек пайдаланган жокпуз. Болгону топурагына чириген көң салынган. Мунун түшүмгө абдан пайдасы чоң экендигин билип отурабыз. Ушинтип өз колубузда бар жер семирткичтерди даярдап, жерибизди байытып, таза жашылчаларды өстүрсөк болот экен. Бул ыкманы ЖА АККнын консультанты тарабынан компот даярдоо ыкмалары боюнча практикалык окуу өткөргөндө көрүп, үй шартында жасаса болот турбайбы деп кызыгып калдык. Күнөскананы биздин жергебизде деле куруп, жашылча өстүрүп карап, түшүмүн алууга жетишсек болот экен. Себеби жашылчаларды эрте бышырып тамак-ашка колдонуп жегенге шарт бар, - дейт А.Кудайбердиева.

Айыл жеринде тамактанууну түркүндөштүрүү маанилүү экенине ынанган А.Кудайбердиева быйыл өз бакчасына кулпунай көчөттөрүн да эгип, андан түшүм ала баштаган.

«Быйыл биз күнөсканада жашылчаларды өстүрүү тажрыйбасына ээ болуп калдык. Эми кышка чейин помидордун ордуна бадыраң эгип өстүрөлү деп, стаканчаларда бадыраңдын көчөттөрүн өстүрүүдөбүз. Келечекте дагы да тамактанууну түркүндөштүрүүгө киришели деп пландап жатабыз. Помидорду жыйнап, ордуна бадыраң эгип койдук эле учурда ал түйүп калды. Күнөскананын дагы бир жакшы жери – экинчи түшүм алса да болот экен”, - дейт фермер Анаркан эжеке. 

Айылда күнөскана курууга кызыктар болгондор көбөйдү

Кудайбердиеванын күнөсканасын келип көрүп, кызыгып жүргөн ылдыйкы айылдын жашоочусу Уулай Жоробекова болгон. Ал өзүнүн оюн төмөндөгүчө билдирди:

«Мен да аябай кызыгып күнөскана куруп, жашылчаларды өстүрсөм деген оюм бар эле.  Жаңгак айылындагы Анаркан эженин күнөсканасын көрүп кеткем. Андан кийин,мен өзүмдүн жаныман тактайларды сатып алдым, Кош-Дөбө Айыл аймагы күнөскананын башка материалдарын колдоо көрсөтүп сатып беришти. Ошентип, күнөсканалуу болуп, максатым орундалып бадыраң эгип, жакшы түшүм алдым”, - дейт У.Жоробекова.

«Тоолуу Агро-Экосистемаларында Азыктануу» долбоорунун консультанты Каныкей Мырзаеванын берген маалыматына караганда, органикалык жер-семиррткистерди пайдалануу менен экологиялык таза жашылча-жемиштерди өстүрүшөт. Бул биринчиден биздин ден соолугубуз үчүн өтө пайдалуу. Ал эми экинчиден, ар бири өзүнүн үй-бүлөлүк кирешесин көбөйтүүгө жакшы шарт түзүп бермекчи", - дейт К.Мырзаева.

Анархан ЖАҢЫБАЕВА,  “KOGART.KG” 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41