KELECHEK
rek

ЖАЛАЛ-АБАД: ӨСПҮРҮМДӨРДҮН КЫЛМЫШТУУЛУГУНУН АЛДЫ АЛУУ КҮЧӨТҮЛҮҮДӨ

ЖАЛАЛ-АБАД: ӨСПҮРҮМДӨРДҮН  КЫЛМЫШТУУЛУГУНУН АЛДЫ АЛУУ КҮЧӨТҮЛҮҮДӨ

Жалал-Абад шаарында өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугун алдын алуу боюнча ар түрдүү иш-чаралар күчөтүлүүдө. Бул багытта шаар аймагындагы мектептерде окуучулар жана ата-энелердин катышуу менен укук коргоо органдарынын, билим берүү тармагынын жана дин уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу шаар мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Аида Сеиткулова билдирди.

Анын айтымында, шаарда жайгашкан жалпы 21 мектептерде окуган окуучулардын аймактарга бөлүнүп алып, өз ара мушташууларынын алдын алуу негизги нерсе болууда.

- Бул жолугушуулардын негизги максаты - 2017-2018-окуу жылынын экинчи чейрегинин башталышына карата мектеп окуучуларынын арасында аймактарга бөлүнүп алып, өз ара мушташууларынын алдын алуу, башка да ар кандай кылмыштуу аракеттерин болтурбоо болуп эсептелет. Бул ишке ата-энелер жана коомчулук өкүлдөрү да тартылууда, - дейт ал.

Шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Мирбек Султановдун айтымында, учурда шаар аймагында облустун башка район-шаарларынан келип кылмыш жасаган өспүрүмдөр да катталууда. Былтыркы жылы жашы жете элек өспүрүмдөрдүн катышуусунда жасалган кылмыш аракеттери боюнча жалпы 30 кылмыш иши козголгон болсо, бул жылы ушундай 32  кылмыш иши козголду.

- Бул катталган 32 кылмыштын 10у Сузак районунан келген өспүрүмдөр тарабынан жасалган. Бирок, кылмыштын катталган жери шаар болуп кала берүүдө. Ал эми жолугушууларда ата-энелерге балдардын тарбиясын бир гана мектеп мугалимдерине таштап койбой, ата-энелердин да бул маселедеги жоопкерчилиги айтылууда. Бул иште бизге дин уюмдарынын өкүлдөрү жардамга келишкен. Биз муну менен чектелбей, түнкүсүн өспүрүмдөрдүн көчөдө жүрүшүн катуу көзөмөлгө алабыз, - дейт ал. 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30