KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаарынын 4 тургуну өз каалоосу менен “Хизб - ут – Тахрир” диний экстремисттик уюмунан чыгышты

Жалал-Абад шаарынын 4 тургуну өз каалоосу менен “Хизб - ут – Тахрир” диний экстремисттик уюмунан чыгышты

Жалал-Абад шаарынын 4 тургуну «Хизб-ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунан өз каалоосу менен чыгышкандыгын 2-июнь күнү “Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда өткөн жыйында журналисттерге билдиришти.

Маалымат жыйынга катышкан Ибрагимжан Атабаев, Мухидин Карахуджаев, Захиджан Карабаев, Абдулла Темиров өз каалоолору менен аталган уюмдан чыгышканын билдиришип, жалпы эле коомчулукту мындай уюмдар менен байланышпоого, ар кандай диний экстремисттик уюмдардан алыс болууга үндөп кетишти.

Захиджан Карабаевдин сөзүнө караганда, ал 2000-жылы «Хизб-ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмуна мүчө болуп кирген. Ал уюмга мүчө болуп кирүүсүнүн себебин төмөндөгүчө айтып берди.

- Мен «Хизб-ут-Тахрир» уюмуна жаңы кирген учурда бул уюм Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик уюм катары тааныла элек болчу. Менин бул уюмга мүчө болгонумдун себеби, биздин Кыргызстанда ошол маалда жүрүп жаткан саястака каршы болуп чыкканбыз. Эмне үчүн дегенде ошол учурда паракорчулук, тааныш-билиштик көп болуп кеткенге, карапайым эл кыйналып жатканга, биз өзүбүздүн элге салым кошуп, жашоону оңдойлу деп туруп, ошол партияга мүчө болгомун. Ошол маалда аталган уюмдун дин багыты менен башкаруу болот деген азгырыктары болгон. Элдин жакшы турмушу үчүн күрөшкөн оппозициялык коом экен деген түшүнүк менен кирип алгам. Чынында мен бул уюмдун түпкү максатын алгач түшүнгөн эмесмин. Ошол түшүнбөй кирип алгандын айынан 16 жылдан бери ушул уюмга мүчө катары милиция кызматынын каттоосунда турам. Милициянын, УКМКнын кызматкерлери диний агымдар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин гана уюмдун түпкү маңызын түшүндүм. Эми өз каалоом менен уюмдан чыгып жатам, - дейт З.Карабаев.

Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, облус аймагында 2015-жылы 7 адам, үстүбүздөгү жылдын 5 айында 8 адам «Хизб-ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунан чыгышкан. Учурда облус боюнча 500гө чукул атуул диинй экстремисттик уюмга мүчө катары каттоодо турат. Милиция кызматкерлери, УКМК жана облустук казыят тарабынан диний азгырыктарга алданбоо багытында тынымсыз  иш-чаралар улантылып келе жатат.

“Көк-Арт Инфо” Маалымат борбору.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13