KELECHEK

Үй-бүлөдө психологиялык зомбулукка аялдар көп кабылышат (ФОТО)

Үй-бүлөдө психологиялык зомбулукка аялдар көп кабылышат (ФОТО)

Азыркы учурда жашоо-турмуштун оорлошу менен ар бир үй-бүлөдө ар кандай чыр-чатактардын саны арбып, анын кесепетинен балдар жабыр тарткан учурлар көп эле кездешип келе жатат. Турмуштун оордугунан акча таап келебиз деп балдарын айласыздан тууган-уругуна таштап, чет жакта миграцияда жүргөндөр андан көп. Мунун айынан кароосуз калган балдар зомбулукка учурап, тагдыры талкаланган фактылар улам-улам жалпыга маалымдоо каражаттарына чагылдырылып келе жатат.  

Айрым эксперттердин айтымында, үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай тим болушу жана жасалган ар кандай жорук-жосундардын жазасыз кала бериши мыйзам ченемдүү түрдө чоң кылмыштарды жасоого алып келип, үйдө ээнбаштанган зөөкүрлөрдүн киши өлтүрүшүнө түрткү болот экен. Үй-бүлөдөгү тиричиликтен улам келип чыккан жаңжалдын негизинде киши өлтүрүү жана денесине оор жаракат келтирүү фактылары катталган бардык кымыштардын ичинен 15 пайыздан 20 пайызга чейин түзө тургандыгы боюнча кылмыш жаза боюнча берилген статистикада айтылып келет.

Ошондой эле, үй-бүлөдөгү зомбулуктун жогору экендигин аялдарга жардам көрсөтүүчү социалдык “Сезим”, “Шанс”, “Үмүт”, “Ак жүрөк” кризистик борборлоруна кайрылып жаткан аялдардын саны улам арбып бара жаткандыгынан билүүгө боло тургандыгын бул тармакта иштеп келе жаткан адистер байма-бай айтып келе жатышат.

Жалал-Абад шаарындагы “Ариет – аялдарды колдоо борбору” коомдук фондунун жетекчиси Гүлмайрам Аттокурованын берген маалыматына караганда, үй-бүлөдө көбүнчө аялдар психологиялык зомбулукка көп дуушар болушат. Аларга жардам берүү үчүн мамлекет тарабынан каржыланган кризистик борборлор керек.

- Биздин коомдук фондко көбүнчө үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болгон аялдар кайрылышат. Биздин уюмда Ырысалы деген адвокат бар, ал жеке юридикалык кеңештерин берет. Эгерде орчундуу үй-бүлөлүк проблемалар болуп калса, юридикалык да кызматын көрсөтүп келет. Үй-бүлөдө экономикалык, же сексуалдык зомбулук болуп кала турган болсо, бекер юридикалык кызматын көрсөтөт. Бүгүнкү күндө бизди эч бир донорлук уюм каржылабайт. Жеке өзүбүздүн жүрөгүбүз тынчсызданып, бул маселеге өтө сезимталдык менен карагандык үчүн гана иштеп жатабыз. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка карата берилген биздин кеп-кеңештердин баары бекер болот. Донорлор жок болгондуктан, бизди мамлекет каржылабагандыктан, көпчүлүк учурда тренингдерге кетип калабыз. Ошол себептен, биз толук юридикалык кызмат көрсөтө албагандыгыбызга өкүнөбүз. Кээ бир учурларда аталыгын аныктоо, баланын жашаган жерин аныктоо боюнча болгон соттук процесстерде биз болбой калабыз. Бизге дагы адвокаттар керек. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук бул – масштабдуу көйгөй. Облустук деңгээлде бир юрист жана бир адвокат муну чечип бүтө албайт. Бул багытта иштеген мамлекеттик органдар толтура. Прокуратура, аксакалдар соттору, аялдар кеңештери, жергиликтүү бийлик үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча иш алып барышат. Көпчүлүк учурда аялдар экономикалык, психологиялык  зомбулукка, сексуалдык кулчулукка дуушар болуп калышат. Жогоруда айткан зомбулуктарга учурап калган аял өз укугун коргой албай, мамлекеттик органдар тарабынан бири-бирине футбол тобундай түртүлүп жатып, натыйжада  жабыр тарткан аял 7-8 айда эч кандай жардам ала албай калышы мүмкүн, - дейт Г.Аттокурова.

Жалал-Абад шаарында мынддан бир нече жыл мурун “Каниет” кризистик борбору ачылып, ал үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарга психологиялык, юридикалык жана Эл аралык уюмдардын жардамы менен материалдык жардамдарды берип келишкен. Тилекке каршы, акыркы 2-3 жылдан бери бул борбор долбоорлордун жоктугунан улам өз ишин токтотуп, үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болгон аялдар кайда барарын билбей, айрымдары айласы кеткенден улам Ош, Бишкек шаарларындагы кризистик борборлорго кайрылып  келе жатышат.

Аттокурованын пикирине караганда, кризистик борборлор мамлекеттин каржылоосу менен ачылышы керек. “Качанга чейин чет элдик донорлордун жардамын күтүп, алардын каржылоосуна көз каранды болобуз? Үй-бүлөдөгү зомбулук – бул чет мамлекеттин көйгөйү эмес. Ошол себептен, бул борболор мамлекеттик деңгээлде ачылышы керек”, - дейт ал..

Жалал-Абад шаардык мэриясынын вице-мэри Айзат Раматиллаеванын берген маалыматына караганда, шаарда үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болгон аялдар үчүн кризистик борбор ачуу үчүн атайын долбоор жазылып, анын бюджетин бекитип берүү үчүн мындан 2-3 жыл мурун шаардык кеңешке сунушталган. Быйылкы жылы шаардык кеңеш толук кандуу иштебей, бюджет жыл аягы болгонуна карабай кабыл алынбагандыктан улам, бул маселе да каралбай, маселе чечилбей турат.

- Мындан үч  жыл мурун 2012-13-жылдары  “Каниет” кризистик борборуна мурдагы төрөт үйү жайгашкан имараттан эки бөлмө ажыратылып берилип, койкалар коюлган. Анан буларды каржылаган долбоор өз ишин жыйынтыктап, алар ишин токтоткондон кийин, бизге өткөрүп беришкен. 2015-жылдан баштап аталган борборду жергиликтүү бийликтин колдоосу менен иштетүү үчүн шаардык кеңешке бюджетин  сунуштап келе жатабыз. Бул шаардын өнүгүү программасына да киргизилген. Кризистик борборду мэриянын алдындагы “Боорукердик” борборунун алдында ачалы деген аракеттер жүрүүдө. Себеби, ал борбордо иштей турган кызматкердин маянасын, ал жерге келип жата тургандардын үч маал иче турган тамагы үчүн каражат маселесин жергиликтүү бюджеттен каржыланышы керек. Мындан сырткары, кризистик борборго бөлүнгөн бөлмөнүн ичи тар, талапка жооп бербегендиги үчүн башка имарат салуу боюнча анын сметасы да шаардык кеңешке сунушталган. Үй-бүлөсүндө запкы чеккен аялдарга мэрдин резервдик фондунан 10 миң сомго чейин жардамдар берилет. Муниципалдык жатаканадан бөлмө бөлүп берүү маселесин да чечип берүүгө аракеттерди жасайбыз. Айрыкча майып төрөлгөн үй-бүлөдө күйөсү карабай таштап кеткен учурларда аялдар бизге көп кайрылышат, - деди А.Раматиллаева.

Мүмкүнчүлүгү чектелгендер сексуалдык зомбулукка көп кабылышат

Жалал-Абад шаарындагы “Даанакер” майыптар коомунун жетекчиси Айжамал Тарыкчиеванын сөзүнө караганда, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар дайым эле дискриминацияга учурайт. Алар өздөрүнүн укуктарын дээрлик коргой алышпайт. Билбейт, билген күндө да ачыкка чыгарып айта алышпайт. Ошол себептен, сексуалдык зомбулукка булар көп кабылышат.

- Бизде менталитет деген бар. Эгерде мүмкүнчүлүгү чектелген кызын бузуп койгон болсо, аны ашкере кылып укук коргоо органдарына бара алышпайт. Барайын десе деле, биринчи ал милиция органына барып кайрылып, арыз жазып анан судмедэкспертизадан өтүш керек болот. Ошентип отуруп, алар өздөрү зорго жүргөн адамдар ушул ар кандай тоскоолдуктардан улам көп учурда эч жакка кайрылбай эле, жабылуу бойдон калып калат. Эч кандай чара колдонулбайт. Эгерде мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн кичине жеңилдик кылып, ары-бери барып кагаз толтуртпай туруп, ошол жерден чара колдонсо, жакшы болот эле. Мүмкүнчүлүгү чектелгендер көп учурда зомбулукка учурашат. Айрымдары өзүнүн атасы тарабынан сексуалдык зомбулукка учураган фактылар да болот.

Бир мисал айтсам, бул Ноокенде болгон окуя. Ал кыз өзү дудук экен. Апасы Россияда иштейт, атасы айылда эч жерде иштебей, аракечтикке берилип кеткен. Кыз 14 жашта болгон. Бул кызды кечке маал уй сааган учурда үйүндө иштеген усталар жүгөрү эгилген тарапка жетелеп кирип кетишкенин иниси көрүп калат да, анан артынан барып караса, кызды зордуктап жатышкан болот. Анан бала кошуналарын чакырып келип, ал окуя ачыкка чыгып калган. Ошол учурда кыз кыйкырып, жардам сураган эмес. Көрсө, бул иш мурда эле болуп, алардын бири алам деп алдап жүргөн экен. Анан иш козголуп, эки бала камалган. Дудук кызды иниси экөөнү Кара-Сууга дудуктар интернатына тапшырдык. Апасы тосмо арыз жазып берген үчүн, балдар камалбай, жазасын албай калышты. Мен кыздын апасынан сурадым: “Сенин күйөң кызыңды зордуктаган эмеспи? Себеби, ал эч кандай реакция жасаган эмес экен?” – десем, “жок андай болгон эмес” деп эле койду. Атасы да кызды зордуктап жүргөн үчүн, усталар кызын зордуктап жүргөнүн билсе да, билмексен болуп койгон. Ал эми үйүндө там салып иштеген усталар кыздын атасына арак алып беришип, ал мас болгон учурда өз иштерин жасап, дудук кызды зордуктап жүрүшкөн. Ошентип, кийин бир үй-бүлө бузулуп, кыздын атасы ичкиликке берилип кетиптир. Апасы кайра эле иштегени Россияга кетип калыптыр. Зордукчул балдар эркиндикке чыгып, жазасыз калышкан.

Дагы бир мисал келтирсем, жаш үй-бүлө курган жубайлар Россияга иштегени барышып, ал жактан келин бир уул төрөйт. Бирок, баласы төрөлгөндөн баштап көп ооруйт. Кийин ал бала ДСП болуп төрөлгөнүн билишкенде, келиндин күйөсү майып төрөдүң деп келинди таштап кетип калат. Кайын журту да баш тартышат баладан. Кыздын апасы да майып төрөлгөн баланы укканда кызына баласын интернатка тапшырып, өзүн жалгыз келүүсүн тарап кылат. Бирок, келин баламдан баш тартпайм деп, кайра кайтып келбей, Москвада жалгыз бой орус кемпирди карап иш кылат. Ошону менен баласын да багып, жатаканага да ээ болот. Жай мезгили келгенде орус кемпир айылга барып, таза жаратылышта жашоону сунуш кылат. Майып баласы менен орус кемпирди алып, алар шаардан сырткары жерге барып жашай башташат. Баланы орус кемпир каралашып, экөөлөп багышат. Майып болуп төрөлгөн бала улам-улам жакшы болуп, басууга жетишет. Акырында орус кемпир өзүнүн үйүн, машинасын болгон мүлкүн ошол кыргыз келинге мураска калтырат. Кийин, ал келин орус улутундагы жигитке турмушка чыгып, өз турмушун андан ары улантып, майып баласын да жогорку билимдүү кылууга жетишти. Ал эми майып баланы чанган атасы кийин үйлөнүп, бир да балалуу болбой, аракечтикке берилип кетет. Бул өзүм көргөн окуя боюнча чыгарма жазып, мунун Жалал-Абад шаарынын мектеп окуучуларына сахналаштырып аткартып, майыптарга карата мамилени өзгөртүүгө аракет жасап  келем, - дейт А.Тарыкчиева эже.

Зордуктоого баргандарга карата соттор тарабынан кандай жазалар берилген?

Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, 2017-жылдын 1-жарым жылдыгында облустук сот тарабынан апелляциялык тартипте, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 18-главасында көрсөтүлгөн, инсандын жыныстык кол тийгистигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштардын катарына кирген төмөнкү кылмыш иштер каралган:

- Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 129-статьясы (Зордуктоо) боюнча 5 жазык иши каралды, анын ичинен 2 иш боюнча соттун өкүмү өзгөртүүсүз калтырылды, 1 иш боюнча өкүм бузулду, ал эми 2 иш боюнча өкүм өзгөртүлгөн.

- Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 131-статьясы (Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо) боюнча 1 жазык иши каралып, 1 иш боюнча соттун өкүмү өзгөртүлгөн.

Ал эми 2017-жылдын 1-жарым жылдыгында Жалал-Абад облустук соту тарабынан кассациялык тартипте, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 18-главасында көрсөтүлгөн, инсандын жыныстык кол тийгистигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштардын катарына кирген төмөнкү кылмыш иштер каралган: Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 129-статьясы (Зордуктоо) боюнча 7 жазык иши каралды, анын ичинен 1 иш боюнча соттун өкүмү күчүндө калтырылды, 2 иш боюнча өкүм бузулду, 1 өкүм өзгөртүлдү жана 3 иш боюнча соттун токтомдору бузулду.

Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 131-статьясы (Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо) боюнча 1 жазык иши каралып, 1 иш боюнча соттун өкүмү бузулду.

Айрым мисалдарга токтолсок, Ш.А. 2017-жылдын февраль айында түнкү мезгилде, саат 03.00 чамасында, спирттик ичимдигин ичип, мас абалында Т. айылынын тургуну А.Т.нын жашаган үйүнүн сырткы эшигинде байланып турган жибин күчкө салып, тарткылап үзүп, А.Т.га карата зомбулук көрсөтүү менен каалосуна каршы үйүнүн ичине мыйзамсыз кирип барып, жабырлануучу А.Т.нын эркине каршы күч колдонуу менен артынан эки колунан кармап, үйүнүн ичине карай тартып, зомбулук көрсөтүп, алсыз абалынан пайдаланып, эркине каршы жыныстык катнашка аракет жасаган.

Бул кылмыш иши боюнча алдын-ала тергөө аракеттери аяктап, иш соттун кароосуна жөнөтүлгөн. Соттолуучу Ш.А.га бөгөт коюу чарасы катарында камакка алуу түрү тандалган.

Ноокен райондук сотунун 2017-жылдын 25-августундагы өкүмү менен Ш.А. Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 28 (Кылмыш далалаты), 129-ст. 3-б. 1-п. (Зордуктоо) күнөөлүү деп табылып, 11 (он бир) жыл 6 (алты) айга, 137-ст. 2-б.  1-п. (Турак-жайдын кол тийгистигин бузуу) менен 1 жылга эркиндигинен ажыратылган. Кыргыз Республикасынын КЖКнин 59-ст. (Бир нече кылмыш жасагандыгы үчүн жаза белгилөө) негизинде белгиленген жазаларды бири-бирине жарым-жартылай кошуу жолу менен биротоло 12 (он эки) жылга эркиндигинен ажыратылган. Жазасын катуу тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү белгиленген. Соттолгон Ш.А.нын кылмышы Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 16-ст. 3-б. 3-п. (Өнөкөт кылмыштар) негизинде өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыштар деп табылды.

Соттун бул өкүмү менен соттолгон Ш.А. макул болбой апелляциялык даттануу менен Жалал-Абад облустук сотуна кайрылган.

“Жалал-Абад облустук сотунун 2017-жылдын 11-октябрындагы өкүмү менен Ноокен райондук сотунун 2017-жылдын 25-августундагы Ш.А. жөнүндөгү өкүмү өзгөртүүсүз, соттолгон Ш.А.нын апелляциялык даттануусу канааттандыруусуз калтырылды. Облустук соттун өкүмү жарыяланган учурдан баштап мыйзамдуу күчүнө кирди”, - деп билдирет Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы.

Майлуу-Суу шаарында 41 жаштагы аялды зордуктап, чачын кырып, бир жума камаган кишилер 8 жылга эркинен ажыратылышкан

“Турмуш” басылмасынын Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматына таянып таркаткан маалыматына караганда,  2017-жылдын 18-майында Майлуу-Суу шаарында бейтааныш аялды зордуктап, ур-токмокко алуу менен бир жума камап койгон 3 шектүү кармалган.

«41 жаштагы аял Майлуу-Суу шаарынын Көк-Таш айылындагы аялдамадан Кочкор-Ата шаарына чейин баруу үчүн жеңил унаага түшкөн. Жалал-Абад шаарына бара жаткан унаанын ичинде айдоочу менен бирге 35-40 чамасындагы 2 эркек киши болгон. Бирок, орто жолдон белгисиз себеп менен унаадагы кишилер жүргүнчү аялды сабап, кайра Майлуу-Суу шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бирине алып келип, күч колдонуп зордукташкан. Алсыраган аялдын чачын дагы сакал алгыч менен кырып салышкан. Үч эркек жабырлануучу аялды 18-майдан 25-майга чейин сыртка чыгарбай, камап коюшкан. Жабырланучу 25-майда качып чыгып, Майлуу-Суу ШИИБдин милиция кызматкерлерине кайрылган», - деп айтылат билдирүүдө.

Денесинен жаракат алган жабырлануучу шаардык биргелешкен оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Бул факты боюнча ыкчам тергөө жүргүзгөн Майлуу-Суу ШИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүүлөр — Майлуу-Суу шаарынын 43 жаштагы тургуну З.К., Көк-Таш айылынын 22 жаштагы тургуну Т.К. жана Бүргөндү айылынын 36 жаштагы тургуну К.А. кармалган. Бул ишти жасаган зөөкүрлөрдүн кылмыш иши тергелип бүтүп, Майлуу-Суу шаардык сотуна өткөрүлүп берилген.

Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, Майлуу-Суу шаардык сотунун 2017-жылдын 25-сентябрындагы өкүмү менен З.К. Кыргыз Республикасынын КЖКнин 129-ст. 2-б. 3-п. (Алдын-ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан зордуктоо) менен күнөлүү деп табылган жана ушул эле статья менен 10 (он) жылга эркиндигинен ажыратылган, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 125-ст. 2-б. 1-п. (Алдын-ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу) менен күнөлүү деп табылган жана ушул эле статья менен 5 (беш) жылга эркиндигинен ажыратылган. Кыргыз Республикасынын КЖКнин 234-ст. 2-б. 1-п. (Адамдардын тобу тарабынан хулиганчылык) менен күнөлүү деп табылган жана ушул эле статья менен 3 (үч) жылга эркиндигинен ажыратылган. Кыргыз Республикасынын КЖКнин 59-ст. негизинде белгиленген жазалар жарым-жартылай кошулуп, З.К.га биротоло өтөө үчүн 13 (он үч) жылга эркиндигинен ажыратуу жазасы белгиленген, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү белгиленген.

К.А.Ж. жана Т.К.М. Кыргыз Республикасынын КЖКнин 129-ст. 2-б. 3-п. (Алдын-ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан зордуктоо) менен күнөлүү деп табылышкан жана ушул эле статья менен ар бири 8 (сегиз) жылга эркиндигинен ажыратылган жана жазаларын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү белгилен ген. К.А.Ж. Кыргыз Республикасынын КЖКнин 125-статьясынын 2-б. 1-п. (Алдын-ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу) жана 234-ст. 2-б. 1-п. (Адамдардын тобу тарабынан хулиганчылык) менен кылмыштарды жасагандыгы далилденбегендиктен акталган. Т.К.М. Кыргыз Республикасынын КЖКнин 125- ст. 2-б. 1-п. (Алдын-ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу) менен кылмыш жасагандыгы далилденбегендиктен акталган. 

“Бул өкүмгө макул болбой Майлуу-Суу шаарынын прокурору, соттолуучулар менен алардын адвокаттары даттануулары менен Жалал-Абад облустук сотуна кайрылышты. Айтылып жаткан кылмыш иш апелляцилык тартипте кароого Жалал-Абад облустук сотуна келип түшүп, ишти кароо 2017-жылдын 10-ноябрь күнүнө дайындалды”, - деп билдирет Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы.

Жалал-Абад облусу боюнча 994 адам үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болгон

Жалал-Абад ОИИБнын коомдук коопсуздук кызматынын ага тескөөчүсү Улукбек Хашимовдун берген маалыматына караганда, бизде үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча КР 25-март, 2003-жылдагы №62 мыйзамы, ошондой эле КР ИИМнин 7-октябрь, 2004-жылдагы 388-буйругу бар.

- Жогоруда айтылган буйруктун негизинде үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болгон адамдарга коргоо ордерлери берилет. Ошол коргоо ордерлеринин негизинде жумуштарды алып барабыз. Үстүбүздөгү жылдын 10 айында 998 адам үй-бүлөлүк зомбулукка кабылды. Анын ичинен эркектер – 53, аялдар – 935, жаш өспүрүмдөр – 10. Алардын ичинен 994 адамга карата убактылуу коргоо ордерлери берилди. Административдик кодекстин 66-3 деген статьясынын негизинде 655 адамга протокол толтурулду. Соттор тарабынан 203 адам ар кандай мөөнөткө административдик камакка алынып, 229 миң сомдук штраф салынды. Бизге катталары менен аймактык тескөөчүлөр тарабынан убактылуу коргоо ордерлери 15 күнгө берилет. Бул аралыкта аялына жаман сүйлөгөнгө, бир бөлмөгө киргенге тыюу салынат. Эгерде бул эрежени буза турган болсо, соттук коргоо ордери берилип, штраф салынып, камакка алууга чейин барат. Аймактык тескөөчүлөр факты катталары менен коомдук алдын алуу борборлоруна билдирет. Ал жерде аксакалдар соттору, аялдар кеңештери, жаштар комитеттери бар. Ошолор менен чогуу, социалдык кызматкерлерди кошуп, чыр болгон үй-бүлөгө баарышып, эмне себептен аялына зомбулук көрсөтүп жаткандыгын териштиришет. Психологиялык зомбулук болдубу, же күч колдонгондугун сурап билип, ал жерде чырды чечүүгө аракеттер болот. Аскалдар соттору тарабынан быйылкы жылы 3050 материал жөнөтүлгөн. Бул материалдардын баары 20 күндүн ичинде каралат. Үй-бүлөлүк чыр-чатактардын баары аксакалдар сотуна жиберилет. Көпчүлүк учурда уруштар ичкиликтен улам келип чыгат. Акыркы учурда базарда иштеген акчалуу аялдар күйөлөрүнө зомбулук көрсөтүп коюп жатышат. Былтыр 15 эркек аялынан зомбулук көрдүм деп арыз жазса, быйыл 53 эркек зомбулукка кабылдым деп кайрылган, - дейт У.Хашимов.

Жалал-Абад шаардык “Достук” аймактык башкаруусунун аксакалдар сотуна быйылкы жылы 75 арыз түшкөн. Анын ичинен 90 пайызында ичкилик ичип алып коомдук тартипти бузгандар болсо, 10 пайызы үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болгондор түзөт. Ар бир арыз боюнча жыйын өткөрүлүп, анда арызда көрсөтүлгөн фактылар талданып, күнөөсү бар жарандарга тиешелүү жазалар берилген.

Бирок, “Ариет – аялдарды колдоо борбору” коомдук фондунун жетекчиси Гүлмайрам Аттокурованын пикиринде, көпчүлүк учурда аксакалдар сотторунда үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болгондордун маселеси оң чечиле бербейт. Ошол себептен, формалдуу болгон аксакалдар сотторун жоюп эле салуу керек деген оюн билдирди.

"Миграцияда жүргөн келиндер көпчүлүк учурда Россияда иштеп жүрүп, анан күйөсү менен чогуу үй салышат. Бирок, ал мүлк күйөсүнүн ата-энесине же, бир туугандарына мүлк катталат. Алар ажырашып кетишет да, мүлк өздөрүнө жазылбагандыктан аялдар балдары менен көчөдө калышууда. Күйөсү башка аял алып, чогуу иштеп үй салган аялынын укугу корголбой калууда. Муну аксакалдар соттору карбай, 4 баласы менен ал аял көчөдө калганы боюнча факты катталды. Келиндин кайнатасы шаардагы кадыр-барктуу эле киши. Бирок, келинин балдары менен көчөдө калуусуна көз жумуп койду. Үй-бүлөдө аялга карата күйөсү, кайын энеси тарабынан психалогиялык зомбулук боло берсе, бул жерде биричи балдары чүнчүп кетет. Бизде психологиялык зордук-зомбулукту сотто далилдөө каралбай калган. Гендердик сезимталдыкты ойготушубуз керек. Качан гана укук коргоо органдарында гендердик сезимталдык ойгонгонгодо, аялдарга карата күйөсү, кайын журту тарабынан жасалган психологиялык зомбулук көрсөтүү токтойт”, - дейт Г.Аттокурова.

Анархан ЖАҢЫБАЕВА, “KOGART.KG”

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

“Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругу – жаңгактын түпкү мекени...

“Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругу – жаңгактын түпкү мекени...

Базар-Коргон районундагы “Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругундагы токойду коргоо жана...

АНАЛИТИКА 2018-07-17  00:50

Кочкор-Ата шаары жаш өспүрүмдөрдүн келечеги үчүн күрөшөт! (ФОТО)

Кочкор-Ата шаары жаш өспүрүмдөрдүн келечеги үчүн күрөшөт! (ФОТО)

Үстүбүздөгү жылдын 13-июлуна чейин Кочкор-Ата шаардык мэриясы 12-18 жаштагы балдар - өспүрүмдөр арасында...

АНАЛИТИКА 2018-06-28  04:30

Климаттын өзгөрүүсү – ЖМКлар үчүн актуалдуу тема (ФОТО)

Климаттын өзгөрүүсү – ЖМКлар үчүн актуалдуу тема (ФОТО)

Климаттын өзгөрүшү боюнча Өкмөттөр аралык эксперттер тобунун климатологдору  глобалдуу...

АНАЛИТИКА 2018-06-18  07:19

Кан тапшырып - башкаларга өмүр тартуула! (ФОТО)

Кан тапшырып - башкаларга өмүр тартуула! (ФОТО)

Дүйнөлүк статистикада, өнүккөн мамлекеттерде донорлук акысыз жүргүзүлөт. Өзүнүн көнүлү менен акысыз...

АНАЛИТИКА 2018-06-18  20:21

Мамлекеттик дирекция салган көп кабаттуу үй кантип бөлүштүрүлгөн?..

Мамлекеттик дирекция салган көп кабаттуу үй кантип бөлүштүрүлгөн?..

Мындан 5,5 жыл мурун, же 2012-жылдын 28-ноябрында мурдагы Маданият, маалымат жана туризм министри, азыркы...

АНАЛИТИКА 2018-03-30  10:33

Президент Сооронбай Жээнбеков: Коррупцияга каршы жалпыбыз күрөшкөндө...

Президент Сооронбай Жээнбеков: Коррупцияга каршы жалпыбыз күрөшкөндө...

Кечээ, 8-февралда Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти 

АНАЛИТИКА 2018-02-09  16:44

ВИЧ илдетин жугузуп алуу маалыматтын жоктугунан болуп жатат

ВИЧ илдетин жугузуп алуу маалыматтын жоктугунан болуп жатат

Азыркы учурда Кыргызстанда  ВИЧ/СПИД илдетине чалдыккандардын ...

АНАЛИТИКА 2017-11-23  22:21