KELECHEK

Жалал-Абад облустук Барпы театры 25-театралдык жаңы сезонун ачты (ФОТО)

Жалал-Абад облустук Барпы театры 25-театралдык жаңы сезонун ачты (ФОТО)

Кечээ, 9-ноябрда Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрынын 25 жылдык мааракеси жана маданият кызматкерлеринин кесиптик күнү  салтанаттуу белгиленди. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Салтанаттуу иш-чарага облустук жана шаардык мекеме-уюмдардын жетекчилери, жогорку жана атайын окуу жайларынын студенттери жана маданият менен искусствонун күйөрмандары катышты. Конокторго Барпы апыздын өмүрү жана чыгармачылыгы туурасында театралдык постановка тартууланды.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов Барпы театрынын чыгармачыл эмгек жамаатын жана маданият тармагынын кызматкерлерин бүгүнкү кош майрамдары менен куттуктады. Ал эми ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков театрдын жана маданияттын бир катар чыгармачыл  инсандарын ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктарын тапшырды.

Сыйлык алгандардын катарында Кыргыз Республикасынын эл артисттери Шахра Талипова, Арзыбек Бедияров, Кыргыз эл акыны Рахматулла Козукеев баш болгон ондогон өнөр инсандары болушту. Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрынын чыгармачыл эмгек жамааты өздөрүнүн 25-театралдык сезонун грузун элинин драматургу Антон Цагареллинин “Ханума” аттуу комедиясынын премьерасын элге тартуулоо менен башташат.

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Тажик ырчысы туулган күнүн жетим балдар менен тосту

Тажик ырчысы туулган күнүн жетим балдар менен тосту

Белгилүү тажик поп-жылдызы Шабнами Сурайё туулган...

МАДАНИЯТ 2018-10-12  09:40

Алматы кинофестивалынын гран-приси «Хрусталь» тасмасына берилди

Алматы кинофестивалынын гран-приси «Хрусталь» тасмасына берилди

19-сентябрда аяктаган Эл аралык Алматы кинофестивалынын гран-присин Беларус, Орусия, Германия жана АКШ...

МАДАНИЯТ 2018-09-19  12:21

Көчмөндөр оюндарын дрон менен тартууга тыюу салынды

Көчмөндөр оюндарын дрон менен тартууга тыюу салынды

Иллюстрациялык сүрөт.

2-8-сентябрь күндөрү өтүүчү Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын дрон жана башка...

МАДАНИЯТ 2018-08-28  10:31

Алматыда Денис Тендин элесине арналган сүрөт көргөзмөсү өтүүдө

Алматыда Денис Тендин элесине арналган сүрөт көргөзмөсү өтүүдө

26-август күнү Алматыда маркум спортчу Денис Тенге арналган D10 WORLD...

МАДАНИЯТ 2018-08-27  12:20

“Ак кеме” повестинин негизинде экинчи тасма тартыла баштады

“Ак кеме” повестинин негизинде экинчи тасма тартыла баштады

Чыңгыз Айтматов.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" ("Жомоктон...

МАДАНИЯТ 2018-08-22  23:53

Катуу ысыкка байланыштуу Юлдуз Усманованын концерттери болбой калды

Катуу ысыкка байланыштуу Юлдуз Усманованын концерттери болбой калды

Өзбек ырчысы Юлдуз Усманова менен белгилүү куудул Обид Асомовдун...

МАДАНИЯТ 2018-07-26  04:53