KELECHEK
rek

Жалал-Абадда электрондук кол тамгасын колдонуу маселеси боюнча тегерек стол өткөрүлдү

Жалал-Абадда электрондук кол тамгасын колдонуу маселеси боюнча тегерек стол өткөрүлдү

Жалал-Абад шаарынын ишкерлеринин арасында заманбап электрондук-санарип кол тамгасын колдонуу жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу максатында шаардагы “Бишкек” ресторанында ишкерлердин катышуусу менен тегерек стол уюштурулду. Анда электрондук кол тамгасы деген эмне, аны кандай колдонсо болот, азыркы учурда кимдер колдонуп жатат жана анын келечеги кандай деген маселелердин айланасында талкуу жүрдү.

“Интербилим” борборунун мүчөсү Чынара Ирисованын айтымында, Кыргызстанга санариптик кол тамга менен иш алып баруу 2004-жылы эле келген, бирок иш алып баруунун бул багыты өлкө боюнча өндүрүш тармагындагы ишкерлер арасында кеңири тараган эмес. Азыркы учурда Бишкек, Ош облустарынын бир катар ишкерлери мындан пайдаланып келе жатышат. Электрондук-санарип кол тамгасын колдонуунун оптималдуулугу чакан жана орто бизнес үчүн электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатып, убакытты үнөмдөйт.

“Андан тышкары, Бажы биримдигине кошулган Кыргызстандык ишкерлер чет өлкөлүк компаниялар менен келишимдерди түзүүдө жана иш алып барышууда бир топ жеңилдиктерди жаратат. Алар чет өлкөгө чыкпай туруп, электрондук кол тамга жардамында келишим түзүүнү ишке ашырса, - дейт Ч. Ирисова.

Бул уюштурулган тегерек стол жарандык коомдун жана менчик сектордун өнөктөштүгүн чыңдоого багытталган жана АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID), Улуу Британиянын Эл аралык өнүгүү министрлиги (DFID) тарабынан каржыланган, ошондой эле Ист-Вест Менежмент Институту (EWMI) тарабынан ишке ашырылып жатат.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38