KELECHEK

“Тилектештик автобусу” айыл өкмөттөрдү кыдырып, жарандарга укуктук жардам беришүүдө (ФОТО)

“Тилектештик автобусу” айыл өкмөттөрдү кыдырып, жарандарга укуктук жардам беришүүдө (ФОТО)

Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгы тарабынан түзүлгөн график боюнча үстүбүздөгү жылдын 18-октябрынан 17-ноябрга чейин “Тилектештик автобусу” долбоорунун алкагында “Өз укугуңду бил!” деген акция жүрүп жатат.Бул тууралуу облустук юстиция башкармалыгынын башкы адиси Акбар Эрматов билдирди.

Анын айтымында, бул акцияда Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунун жана Жалал-Абад шаарынын тургундары менен жолугушуп, “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүдөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча кеңири маалыматтарды беришип, көйгөйлүү болгон суроолорго жооптор берилүүдө.

Кыргыз Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартында кабыл алынган “2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү Концепциясын бекитүү жөнүндөгү” № 122 токтому чыккан. Аталган токтомду ишке ашыруу максатында жарандарга бекер юридикалык кеңеш берүү боюнча “Укугуңду бил!” аттуу акциялары өткөн жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Бекер юридикалык кеңеш берүү боюнча өткөрүлгөн акцияга Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгынын адистери, мамлекеттик нотариустун жана Жалал-Абад шаарынынын адвокатурасынын адвокаты катышып, жарандардын суроолоруна жоопторду беришүүдө.

- “Укугуңду бил!” акциясынын алкагында биз барган жерлерде бизге кайрылган жарандарга “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүдөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча кеңири маалыматтар берилип жатат. Биз сунуштарды беребиз. Кайсы органга барып кайрылуу керектигин айтабыз. Айыл өкмөттөргө жолугушууга барган мезгилде айрыкча мурас боюнча көбүрөөк басым жасап айтып жатам. Себеби, айыл жеринде ата-энесинен калган мүлктү мураска өткөрүп алууда көптөгөн ызы-чуулар көп болуп жатат, - деди башкы адис.

Жалал-Абад облустук территориалдык адвокатуранын адвокаты Эльнурбек Тешебаевдин сөзүнө караганда, “Тилектештик автобусу” долбооруна тандоо менен келип, катышып жатат. Бул долбоор 7 облуста ишке ашып жатат.

- Долбоордун алкагында облустук юстиция башкармалыгынын адиси, нотариалдык конторанын кызматкери менен биргеликте райондордо ар бир айыл өкмөттөргө, шаарда аймактык башкармалыктарда эл менен жолугушуп, ар түрдүү маселелер боюнча суроого жооп берип жатабыз. Көбүнчө юридикалык суроолор жана ар кандай мыйзамдардын нормаларын кайдан алып, аны кантип колдонсо болот? – деген суроолор берилүүдө. Жарандык иштер боюнча суроолор берилип, жаңы мыйзамдарга түшүндүрмөлөрдү сурашууда. Жер меселеси, үлүш жерлерге байланыштуу көптөгөн суроолор берилүүдө. Мүлктү мураска алууу процедаралары боюнча көп кайрылышууда. Бул боюча облустук юстиция бшкармалыгынын башкы адиси толук маалымат берип, эрежелерин айтып берип жатат. Ал эми соттук териштирүулөр боюнча берилген суроолорго мен жооп берип жатам. Практика жүзүндө өзүм сот процесстерине катышып, анда көргөн нерселер боюнча кайрылган жарандарга кеңештерди берип, түшүндүрүп жатабыз. Мурас боюнча айта турган болсок, эгерде ата-энеси өзүнүн мурас катын каалаган баласына калтырбаса, анда канча бир тууган болсо, мүлк баарына тең кылып бөлүнүшү керек,- деди Э.Тешебаев.

Ошондой эле, адвокат Э.Тешебаевдин сөзүнө караганда, айыл өкмөттөргө барганда алимент алуу маселеси жана эки аялы болсо анда мамлекеттик каттоосу жок болгон учурда мүлктү кантип эки аялына тең бөлүп берсе боло тургандыгы боюнча да суроолор берилген.

“Эгерде экинчи аял болуп турмушка чыгып, никелешүү келишимин түзүп, анан ал жерге баары так жазылса, анда экинчи аялы да мыйзам чегинде мүлккө ээ боло алат”, - дейт адвокат Э.Тешебаев.

Ата-энесинен калган мүлктү кантип мураска өткөрүп алууну көпчүлүк адамдар билишпейт

Көпчүлүк эле жарандар ата-энесинен калган мүлктү өзүнө каттатып алууну биле беришпейт. Алардын оюу боюнча ата-энеси каза болгондон кийин, калган мүлк баласына автоматтык түрдө өтөт деп ойлошот. Ошол себептен, көпчүлүк мураска калган мүлктү  өзүнө каттатууна ойлоп да коюшпайт. Мына ушул маселе көпчүлүк чырды жаратып, бир туугандар арасында ата-энесинен калган мүлктү бөлүшө албай, 10 жылдап соттошуп, бири-бири менен жаңжалга барган учурлар коомдо көп кездешет.

- Ата-энесинин көзү өтүп кеткенден кийин, мурасты кабыл алуу же андан баш тартуу 6 айдын ичинде жүрүшү керек. Карапайым калк мыйзамды билбей, атамдан калган үй деп 3-4 жылга чейин жүрө беришет. Анан мөөнөтү өтүп кеткенден кийин, бир канча ызы-чуу, убаракерчилик тартып, сот аркылуу аны калыбына келтирүү кыйын болуп калат. Сот үч айда карайт. Ал бир ай ичинде күчүнө кирет. Мындан келди мурас кабыл алуучу аябай убаракерчиликти тартат. Ал эшикке, бул эшикке барып жүдөйт. Айыл өкмөттөргө жолугушууга барган мезгилде ушул мурас боюнча көбүрөөк басым жасап айтып жатам. Эгерде башка жакта жашаса, 6 айдын аралыгында мурасты кабыл алышы керек. Ал эми ошол үйдө жашагандар үчүн мунун тиешеси жок. Карапайым калктын баары эле юрист эмес. Алар өздөрүнүн тиричилиги менен жүрүп 6 айлык мөөнөттү өткөрүп жиберишип, анан азап тартып жүргөндөрдү көп эле көрүп жүрөм. Айыл өкмөттөргө барганда да ушул маселе боюнча көптөгөн суроолор берилип жатат. Аларга бул мурас боюнча көбүрөөк түшүндүрүүгө туура келүүдө,- деди А.Эрматов.

Акысыз  юридикалык кеңеш берүү борборуна 115 жаран кайрылган

Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгында үстүбүздөгү жылдын 16-июнунда акысыз  юридикалык кеңеш берүү борбору ЮСАИДдин колдоосу менен ачылган. Ушул кыска аралыктын ичинде аталган борборго 115 жаран келип кайрылган. Бул тууралуу облустук юстиция башкармалыгынын башкы адиси Акбар Эрматов билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, акысыз юридикалык кеңеш берүү борбору Базар-Коргон районунда да ачылып, иштеп жатат. Кайрылган жарандардын көпчүлүгү: паспорт алуу, ЗАГС, жер жана башка ар түрдүү суроолор  менен кайрылып жатышат. Июнь айында борборго бир жаран балдарынын пенсиясы боюнча кайрылган, ал жаранга туура жол көрсөтүшүп, маселесин чечип алган. Келип ыраазычылыгын билдирип кетишкен учурлары да кездешет. Базар-Коргондогу акысыз юридикалык кеңеш берүү борборуна да жарандар кайрылып жатат. Ал эми башка район-шаарларда мамлекеттик нотариустарга кайрылышат. Телефондору бардык жерде бар.

- Бизге кайрылган жарандардын бардык суроолоруна так жооп бергенге аракет кылып жатабыз. Дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби күндөрү биздин өзүбүздүн кызматкерлер жооп берет, ал эми бейшемби, жума күндөрү адвокаттар келип, суроолорго жоопторду беришет. Бүгүнкү күндө толук кандуу эле жоопторду алып кетип жатышат. Күн санап борборго кайрылган жарандардын саны көбөйүп жатат. Кошумчалап кетсем, 2016-жылдын 16-декабрдагы “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүдөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамы чыккан. Мыйзамдын 8-беренесине ылайык, квалификациялуу юридикалык жардамды: аз камсыз болгон жарандар, 1-2-топтогу майыптар, жашы жете элек балдар, психикалык оорудан жабыркаган адамдар, өтө оор кылмыш кылгандар, баатыр эне, жалгыз бой энелер жана Ооган, Баткен согушунун ардагерлери алууга укуктуу. Жылдык кирешеси КР белгиленген (6 миң сомдон) өлчөмдөн ашпаган жарандарга кылмыш жасаган учурда мамлекет тарабынан бекер адвокаттар дайындалат.

Жогоруда аталган мыйзамдын негизинде, бүгүнкү күндө мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча Жалал-Абад облусунда мамлекеттик реестрде турган 36 адвокат иштейт. Жалпы 305 арыз катталып, жыйынтыгында адвокаттарга 400 миң сомдун тегерегиндеги акчаны которуп бердик. Дагы деле болсо, бул мыйзам калктын калың катмарына жетпей жатат. Жалпыга маалымдоо каражаттарына айтылып жатканы менен алыскы райондордон аз кайрылып жатышат, - деди А.Эрматов.

Ал эми Жалал-Абад шаары боюнча реестрге кирген 14 адвокат бар. Алар жумасына эки жолу облустук юстиция башкармалыгында ачылган акысыз юридикалык жардам берүү борборуна барып, кайрылган жарандарга кеңештерди беришет.

“ Эми 2018-жылдан кылмыш иши ачылганда эле, ал базага киргизилет экен. Базадан карап туруп эле кезметте болгон адвокатты ошол эле күнү тергөөгө же сотко жиберет. Талаш-тартыш маселени мыйзамдуу түрдө жөнгө салууну эл үйрөнүп жатат. Бул да демократиянын шарапаты десек болот”, - деди Жалал-Абад облустук территориалдык адвокатуранын адвокаты Э.Тешебаев.

Укуктук билимди мектептен баштоо керекпи?

Ал эми “2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү Концепциясын” ишке ашыруу үчүн КР Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте иш алып барып, мурда мектептерде 9-класстан эле “Адам жана коом” деген сабак өтсө, эми бала бакчадан баштап, мектепке кирип, бүткөнгө чейин “Укуктук тарбия” деген сабак киргизилип жатат. Бала кичине кезинен баштап эле укуктук маданиятты окуп үйрөнүшсө, 10-20 жылдан кийин коом башка болуп өзгөрөт. Бул багытта тарбиячылар жана мугалимдер атайын окуудан өткөрүп, аталган программа 2017-2018-окуу жылдарында ишке ашаарын КР Юстиция министрлигинин укуктук пропаганда башкармалыгынын башчысы А.Чотонов билдирген эле.

Азыркы учурда мектептерде жогорку класстын окуучуларына “Укуктук тарбия” деген сабак өтүлүп жатканы боюнча А.Эрматов айтып берди.

“Жакынкы күндөрдөн баштап мен мектептерге барып “Укугуңду бил!” деген темада КР Конституциясы боюнча сабактарды өтүп жатам. Үч мектепке барып сабак берип келдим. Эми муну окуу жылы аяктаганга чейин улантабыз. Анан калк арасында укуктук темада көбүрөөк түшүндүрүш керек. Ошондо калктын укуктук аң сезими өсмөк. “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүдөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6-беренесинде: айыл өкмөттөрдө, мамлекеттик мекеме-ишканаларда оозеки түрдө квалификациялуу юридикалык жардамдар берилиши керектиги көрсөтүлгөн. Бизде 2 эле адис иштегендикктен, бардык облустун аймагын камтуу кыйын болуп жатат. Тоолуу Токтогул, Чаткал, Тогуз-Торо райондоруна бара элекпиз. Жолдун алыстыгынан бара албай жатабыз. Ошол жактагы мамлекеттик мекемелердин жетекчилери барып “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүдөгү” КР мыйзамын түшүндүрүп беришсе, канча адамдар өздөрүнүн проблемаларын өз ордунда чечип алмак”, - деди А.Эрматов.

Сөзүбүздүн акырында, калктын укуктук билимин көтөрүүдө алгач мектепте окуган балдарды окутуудан  баштоо эң туура болмок. Келечек – жаштардыкы болгондуктан, ар бир жаш жаран өз укугун коргоону мектеп партасынан баштап үйрөнүп алса, анда коомубузду сары чырмооктой болуп ороп алган коррупция деген балээ жоюлуп, жылдап созулган тергөө жана соттук териштирүүлөрдүн саны кескин кыскармак.

Анархан ЖАҢЫБАЕВА, “KOGART.KG”

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад – келечекте жашыл шаар боло алабы?

Жалал-Абад – келечекте жашыл шаар боло алабы?

Акыркы мезгилдерде Жалал-Абад шаарындагы автотыгындардын санын кыскартуу үчүн борбордук көчөлөрдү...

АНАЛИТИКА 2018-09-07  15:15

“Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругу – жаңгактын түпкү мекени...

“Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругу – жаңгактын түпкү мекени...

Базар-Коргон районундагы “Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругундагы токойду коргоо жана...

АНАЛИТИКА 2018-07-17  00:50

Кочкор-Ата шаары жаш өспүрүмдөрдүн келечеги үчүн күрөшөт! (ФОТО)

Кочкор-Ата шаары жаш өспүрүмдөрдүн келечеги үчүн күрөшөт! (ФОТО)

Үстүбүздөгү жылдын 13-июлуна чейин Кочкор-Ата шаардык мэриясы 12-18 жаштагы балдар - өспүрүмдөр арасында...

АНАЛИТИКА 2018-06-28  04:30

Климаттын өзгөрүүсү – ЖМКлар үчүн актуалдуу тема (ФОТО)

Климаттын өзгөрүүсү – ЖМКлар үчүн актуалдуу тема (ФОТО)

Климаттын өзгөрүшү боюнча Өкмөттөр аралык эксперттер тобунун климатологдору  глобалдуу...

АНАЛИТИКА 2018-06-18  07:19

Кан тапшырып - башкаларга өмүр тартуула! (ФОТО)

Кан тапшырып - башкаларга өмүр тартуула! (ФОТО)

Дүйнөлүк статистикада, өнүккөн мамлекеттерде донорлук акысыз жүргүзүлөт. Өзүнүн көнүлү менен акысыз...

АНАЛИТИКА 2018-06-18  20:21

Мамлекеттик дирекция салган көп кабаттуу үй кантип бөлүштүрүлгөн?..

Мамлекеттик дирекция салган көп кабаттуу үй кантип бөлүштүрүлгөн?..

Мындан 5,5 жыл мурун, же 2012-жылдын 28-ноябрында мурдагы Маданият, маалымат жана туризм министри, азыркы...

АНАЛИТИКА 2018-03-30  10:33

Президент Сооронбай Жээнбеков: Коррупцияга каршы жалпыбыз күрөшкөндө...

Президент Сооронбай Жээнбеков: Коррупцияга каршы жалпыбыз күрөшкөндө...

Кечээ, 8-февралда Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти 

АНАЛИТИКА 2018-02-09  16:44