KELECHEK
rek

Пономарев: Казакстандын аткезчилик боюнча айткандары негизсиз

Пономарев: Казакстандын аткезчилик боюнча айткандары негизсиз

Казакстандын премьер-министри Бахытжан Сагинтаевдин Кыргызстан аркылуу аткезчилик көбөйдү деп айткандары негизсиз. Бул тууралуу Кыргызстандагы базарлар бирлигинин төрагасы, "Дордой" ассоциациясынын вице-президенти Сергей Пономарев кечээ Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Ал кыргыз-казак чек арасындагы абалды саясат деп баалады.

Пономаревдун айтымында, чек арада турган оор жүк ташуучу машинелердин токсон пайыздан ашыгында тигүү тармагынын товарлары жана айыл чарба продукциялары бар. Аларды аткезчилик деп атоо туура эмес. Ошондой эле Сергей Пономарев Түркиядан транзит менен келе жаткан фуралар текшерилип жатканын айтты. Казакстандын чек арада текшерүүнү күчөтүшү менен эл аралык жүк ташуу коопсуздугу боюнча конвенция бузулуп жатканын кошумчалады.

Ал эми Кыргызстандагы Соода тармагынын профсоюзунун төрайымы Дамира Дөөлөталиева чек арадан бош фуралар да өткөрүлбөй калганын белгиледи.

25-октябрда ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин Еревандагы жыйынында Казакстандын өкмөт башчысы Бахытжан Сагинтаев кыргыз-казак чек арасындагы чектөөлөрдү Кыргызстан аркылуу биримдиктин аймагына кирип жаткан аткезчиликти ооздуктоого аракети менен түшүндүргөн. Аткезчилик боюнча абал жакшырмайынча күчөтүлгөн текшерүүлөр токтотулбай турганын жарыялаган.

Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков Астананын билдирүүсү жөн эле шылтоо деген жооп кайтарган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12