KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаарында борбордук Ленин көчөсү кеңейтилүүдө

Жалал-Абад шаарында борбордук Ленин көчөсү кеңейтилүүдө

Бүгүн, 2-июнда Жалал-Абад шаарында инфраструктураны жакшыртуу максатында борбордук Ленин көчөсүн кеңейтүү иштеринин экинчи этабы башталды. Мыйзамсыз түрдө жолго чыгып кеткен турак-жайлардын тосмолору алынып, айрым үйлөрдүн мыйзамсыз тургузулган дубалдары көчүрүлүп жатат.

Эске сала кетсек, өткөн жылы борбордук Ленин көчөсүндөгү унаа тыгынын жана жөө атуулдардын башаламан кыймылын иретке салуу максатында жолду кеңейтүү иштери жүргөн. Натыйжада, Ленин көчөсү кеңейип, шаардын борбору иретке келип калган. Бирок, шаар борборунда унаа кыймылы иретке салынганы менен көчөнүн башка бөлүктөрүндө да кеңейтүү иштеринин зарылдыгы туулган болчу.

Жолду кеңейтүүнүн экинчи этабын ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 11 миллион 750 миң сом каражат бөлүнгөн. Азыркы учурда жолдун кеңдиги 12 метрди түзсө, жумуштар аяктаганда анын кеңдиги 21 метр болот жана унаа кыймылы, жол коопсуздугу ордуна түшөт.    

Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов билдиришинче, шаарда тартипти орнотууну, жол кыймылынын коопсуздугун жана иреттүүлүгүн камсыз кылууну шаардыктар өздөрү бийликтерден талап кылышууда. Ошол максатта жергиликтүү бийликтер ушундай долбоорлорду ишке ашырууга кириришкен.

-Ишти баштаганда мыйзамдуулукту так сактадык. Эгерде бузулуучу участоктордо жашоочулардын балансындагы жер болсо, биз аларга конпенсация төлөп берип жатабыз. Эгерде муниципалдык жер болсо, аны бузууга туура келет. Бирок, Ленин көчөсүнүн жашоочулары берилген конпенсация аз, жетпейт, өзүңөр буздуруп бергиле, бирок бузулган имараттардагы курулуш материалдарынын баарын өзүбүз алабыз дешти. Биз алардын сунуштарына макул болуп, мекеме-ишканалардын жардамы менен алынып салынуучу имараттарды буздуртуп жатабыз. Буйруса, 3-4 айдын ичинде жол кеңейтүү иши толук бүткөрүлөт. Ошондо жолдун кеңдиги 21 метр болот, -дейт С. Авазов.

Жергиликтүү бийликтердин бул аракеттерин шаар тургундары жана шаардык кеңештин депутаттары да колдоого алышууда.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13