KELECHEK

БШК президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады

БШК президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады

Борбордук шайлоо комиссиясы 15-октябрдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын расмий жарыялады.

БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун билдиришинче, шайлоодо талапкерлер Сооронбай Жээнбеков 54.22, Өмүрбек Бабанов 33.49, Адахан Мадумаров 6.57 пайыз добуш алды. 12 миң киши "баарына каршы" добуш берип, алар 0.73 пайызды түздү.

Жыйында "Президентти жана парламент депутаттарын шайлоо" мыйзамынын 37-беренесине ылайык, добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколго кол коюлду. Ага Боршайкомдун эки мүчөсү Гүлнара Журабаева менен Атыр Абдрахматова кол коюудан баш тартты. Елена Жылкычиева белгисиз себеп менен жыйынга келбей калганы айтылды. Протоколго кол коюудан баш тарткан Журабаева да отурумга катышкан жок.

БШКнын башка мүчөлөрү жыйынга катышкандар мыйзамга ылайык протоколго кол коюшу керектигин айткандан кийин Атыр Абдрахматова добуш берүүнүн жыйынтыгына каршымын деген кол коюп берерин маалымдады. Ал шайлоодо бир талапкердин кызыкчылыгы үчүн административдик ресурс колдонулганын, анын жыйынтыгына макул эмесмин деп өзгөчө пикирин тааныштырды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 12 мүчөсү бар. ​

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өткөн. Ага 11 талапкер катышкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Арменияда премьер-министрди шайлоо 8-майга белгиленди

Арменияда премьер-министрди шайлоо 8-майга белгиленди

Арменияда жаңы өкмөт башчыны шайлоо 8-майда...

Шайлоо 2018-05-04  04:29

Пашинян: Арменияда жаңы премьер-министр бир жуманын ичинде шайланат

Пашинян: Арменияда жаңы премьер-министр бир жуманын ичинде шайланат

Ереван, Республика аянты, 23-апреля 2018-жыл

Армениядагы нааразылык кыймылдын лидери, оппозициялык...

Шайлоо 2018-04-24  16:00

КСДП 2020-жылкы парламенттик шайлоого даярдана баштады

КСДП 2020-жылкы парламенттик шайлоого даярдана баштады

Экс-президент, КСДПнын төрагасы Алмазбек Атамбаев парламенттеги...

Шайлоо 2018-04-16  20:31

Ильхам Алиев кезектеги президенттик мөөнөткө шайланды

Ильхам Алиев кезектеги президенттик мөөнөткө шайланды

Азербайжандын мамлекет башчысы Ильхам Алиев кезексиз президенттик шайлоодо...

Шайлоо 2018-04-12  19:27

Путин алдыдагы пландары жана жаңы премьер-министр жөнүндө айтты

Путин алдыдагы пландары жана жаңы премьер-министр жөнүндө айтты

Болжолдуу маалыматтар боюнча шайлоодо 76 пайыздан көп добуш менен...

Шайлоо 2018-03-19  09:40

Түркмөн президентинин уулу парламенттик шайлоого катышууда

Түркмөн президентинин уулу парламенттик шайлоого катышууда

Сердар Бердымухамедов

Түркмөнстанда парламенттик шайлоого...

Шайлоо 2018-03-12  11:54

Азербайжанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт

Азербайжанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт

Азербайжан президенти Ильхам Алиев кезексиз президенттик шайлоону 11-апрелге дайындады. Октябрга...

Шайлоо 2018-02-06  05:18