KELECHEK
rek

Кыргыз милициясынын тарыхы

Кыргыз милициясынын тарыхы

Баарыбызга маалым, соңку жылдары өлкө башчыбыз тарбынан тарыхка бир топ маани берилип расмий билдирүүлөрдү, чакырыктарды жасады. Ошондой эле, өлкө башчынынын жарлыгы менен 2016-жылды – Тарых жана маданият жылы деп жарыялады. Анын негизинде биз да Кыргыз милициясынын тарыхына көз чаптырып арттагы басып өткөн 1 кылымдык доорду эске алууну туура көрдүк.

СССР ББАК 1924-жылдын 14-октябрында РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономиялуу облусун тузүү жөнүндө чечим кабыл алган. Кыргыз аймагы биринчи жолу өз алдынча мамлекеттик түзүлүштүн алкагына биригип, кыргыздардын улуттук калыптануу процесси башталган.

1924-жылдын 21-октябрында Кыргызстандын аймагында мамлекеттик бийликтин убактылуу органы ККАОнун Революциялык Комитети (төрагасы Иманалы Айдарбеков) түзүлгөн. Революциялык Комитеттин тутумунда аткаруу бийлигинин бөлүмдөрү, а. и. Ы.Тойчинов башында турган административдик бөлүм да болгон. 1924-жылдын 1-ноябрында административдик бөлүмдүн башчысы Ы.Тойчинов өзүнүн отчётунда облустук милиция башкармалыгы иштей баштагандыгын, анын биринчи начальниги болуп А.П.Арумов дайындалгандыгын белгилеп кеткен.

Ошондон баштап 1-ноябрь-Кыргыз милициясынын уюшулган күнү болуп калган.
1925-жылдын март айынын аягында ККАОнун Советтеринин 1-съезди облустун эл чарбасын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелерин талкуулап, облустук аткаруу комитетине «милиция, кылмышкерлерди издөө органдарынын иштерин жакшыртууга, алардын маданий деңгээлин көтөрүү, милиция кызматкерлерин даярдоо үчүн облустук мектептерди уюштуруу, административдик аппараттын кызматкерлерин материалдык жактан камсыздоо жылыб.» зарылчылыгын көрсөткөн.

Бул маалымат ошол кезде мамлекет жана коом тарабынан милицияга кандай камкордук көрүлүп, көңүл бурулгандыгын далилдейт. 1927-жылдын 7-12-мартында Кыргыз АССР Советтеринин 1-уюштуруу съезди Кыргыз АССРин түзүү жөнүндө Декларация кабыл алып, Борбордук Аткаруу Комитетин (БАК) жана алгачкы өкмөттү Эл Комиссарлар Советин (ЭКС) уюштурган. Эл Комиссарлар Советинин төрагасы болуп Ю.Абдрахманов шайланган. Ага жер, финансы, эл агартуу, саламаттык сактоо, ички иштер жылыб. комиссариаттар караган. Ички иштер эл комиссарлыгына алгачкылардан болуп Искандер Жанузакович Жоламанов бекитилген.

Негизги милдети болгон кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жана коомдук тартипти сактоодо ишке жолтоо кылган жаатчылыкты, милициянын башка иштерге пайдалануу аракеттерин четтетүү оңойго турган эмес. Мына ушуга байланыштуу Кыргыз АССР БАКтын 1929-жылдын 11-сентябрындагы циркулярдык катында бардык кантондук жана райондук аткаруу комитеттерине кайрылып, жер-жерлерде дагы эле административдик органдардын кызматкерлерин негизги ишинен алагды кылуу токтобой, ички иштер эл комиссариатынын бир катар көрсөтмөлөрү аткарылбай калып жаткандыгын баса көрсөткөн. Мындай көрүнүштөр Нарын кантонунда, Ош округунун бир катар райондорунда байкалган. Кыргыз АССР БАКы жогорудагыдай көрүнүштөрдү туура эмес деп таап, андайга жол бербөөнү талап кылган.


Жумушчу-дыйкан милициясынын алгачкы уюштуруучуларынын катарына бир туугандар: Балтакожо жана Насрулло Султановдорду, Газыбай Казыбаевди, Абдылда Исабаевди, Николай Нерабоченкону, Атажан Сулаймановду, Николай Парфентьевди, Санжар Кылычбековду, Машариф Масабировду, Эргеш Алиевди, Петр Гайлисти жылыб. көптөгөн адамдарды кошууга болот. Алар граждандык согуштун каардуу мектебинде тарбияланышып, Совет бийлигин түшүнүү менен кабыл алышкан жана анын талаптарын, идеяларын, бардык күч аракеттерин жумшап аткарууга аракеттенишкен. Бирок. 1918-20-жылдары Түркстан АССРинин Түштүк аймактарында Совет бийлигине каршы Эргеш, Мадаминбек баштаган басмачылардын айыгышкан күрөшү башталып, 1918-жылы Балтакожо Султановду өлтүрүшкөн. 1927-жылы Ош түрмөсүнөн топтошуп качуунун мизин кайтарууда шаардык милициянын экинчи начальниги Атажан Сулейманов курман болгон. Ал эми 1931-жылы Кыргыз АССР БАКтын төрагасы Абдыкадыр Орозбековго каршы даярдалган теракттын алдын алууга аракет кылып жатып, Ош милициясынын дагы бир начальниги Газыбай Казыбаев курман болгон. Тарыхтын жогорудагыдай чукул бурулуштарында массалык зордук-зомбулук, кылмыштуулук күчөгөн. Айрыкча бул көрүнүш коллективдештирүү, индустриялаштыруу мезгилине мүнөздүү болгон.

Сталиндик репрессия. 1930-жылдары милиция кызматкерлери күжүрмөн постто гана эмес, больщевиктик жетекчиликтин ортосундагы бийлик талашуу мезгилинде да репрессияга дуушар болушкан. Ал кезде ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн өз ара шектенүү, аңдышуу кадыр эсе көрүнүш болуп калган. Саясий шимшүүлөр милиция кызматкерлерин негизги милдеттен алагды кылган. Ушундан улам, 1938-жылы март айында ички иштер эл комиссариаты милиция кызматкерлерине түрдүү саясий акцияларга катышууга тыюу салган буйрук чыгарып, күчтү кылмыштуулукту четтетүүтө гана багыттоону талап кылган. 1938-жылдын башында Нарын, Ат-Башы, Жети-Өгүз, Базар-Коргон, Чаткал. Кочкор жана башка бир катар райондук бөлүмдөрдөн 100дөн ашуун милиция кызматкерлери камакка алынып, аларга ойдон чыгарылган «контрреволюциячыл социал-туран» партиясына мүчө деген жалаа жабылган. Республикада Совет бийлигин кулатууну көздөшкөн деп айыпталган жазыксыз милиционерлердин арасында жумушчу-дыйкан милициясынын башкармасьнын жетекчилери, бөлүмдөрдүн начальниктери, орто, кенже курамдагы начальниктер, катардагылар болгон. Сурак жана сот процесстери алдын ала түзүлгөн схема боюнча жүргүзүлүп, жасабаган кылмыштарын мойнуна алдырышкан. 1938-жылдары Балыкчы, Нарын,Токмок, Каракол шаардык милиция бөлүмүнүн жетекчилери жазыксыз атылып кеткен. Ошол жылдары 40 миңден ашуун жердештерибиз репрессиянын курмандыктары болгон. Кийин ошол сталиндик репрессиянын курмандыктарына багышталып, Бишкекке жакын турган Чоң-Таш айлынын жанында Ата-Бейит көрүстөнүнө эстелик тургузулган. Ал жерде 1938-жылы атылып кеткен 137 кишинин сөөгү табылган. Алардын арасында Ю. Абдрахманов, Т.Айтматов, К.Тыныстанов сыяктуу мамлекеттик жана илим менен маданият ишмерлери болгон.

Улуу Ата Мекендик согуш. Элибиздин, анын ичинде милиция кызматкерлеринин башына да 1941-45-жылдардагы согуштун каардуу сыноосу туш келген. Согушка өздүк курамдын үчтөн бири аттанган. Кеп учурларда алардын ордун аялдар ээлешкен (МАИге, кылмыш иликтөө бөлүмдөрүнө, тергөө иштерине). Улуу Ата Мекендик согушта ички иштер эл комиссарынын орун басары Ю. Черепанов, Түп РИИБдин начальниги К.Иманалиев жана башкалар баатырларча курман болушкан. Фрунзе облустук ички иштер эл комиссарлар башкармалыгында кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальниги Ю. Осмонбеков согушта артиллериялык дивизионго жетекчилик кылып, оор жараат алган. Согуштагы эрдиги жана өзгөчөлөнгөндүгү үчүн ал Александр Невский орденине татыктуу болгон. Душман тарабынан убактылуу басылып алынган Украина менен Беларуссиянын аймагында В. Ушаков, Ө. Туралиев, П. Коновалов, Н. Кариенко сыяктуу кесиптеш-жердештерибиз партизандык кыймылда эрдик көрсөтүшүп салгылашышкан.

Согуштан кийин Советтер Союзунун Баатырлары К.Үсөнбеков, И.С.Немцев, П.П.Сидоров, Р.Азимов ж.б. ардактуу эс алууга чыкканга чейин Кыргызстандын ички иштер органдарында жемиштүү эмгектенип келишкен. Согуш мезгилинде кыргыз милициясынын кызматкерлери, биринчи кезекте бандитчиликке каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери 236 бандиттик топторду колго түшүрүп, 1847 ок атуучу куралды тартып алышкан, миңдеген тонна уурдалган данды, көптөгөн малды чарбаларга кайтарган. Паспорт бөлүмчөлөрүнө, МАИ бөлумдөрүнө, балдарды кабыл алуучу жайларына жумуштун өтө оор жүгү туш келген. Алар адашкан 90 минден ашуун баланы ата-энелерине кайтарып, туугандарын издеген адамдардын 200 миңден ашуун суроо-талаптарын канааттандырып, душман басып алган райондордон көчүрүлгөн көптөгөн адамдарга ишке орношууга жардам берген.

Өздөрүнүн патриоттук милдетине бекем турушуп, милиция кызматкерлери коргоо фондуна 2 миллиондон ашуун акча тапшырган. Мындай иштери үчүн алар Жогорку Башкы командачынын алкышына татыктуу болушкан. Согушта жана тылдагы өзгөчө эрдиктери үчүн 1945-жылы август айында милициянын 1400 кызматкери орден, медалдар менен сыйланган. 1943-44-жылдары жергебиз тоталитардык режим шартында көчүрүлгөн он миндеген карачай, балкар, чечен ж.б. калктарды кабыл алган. Көчүрүлүп келгендерди жайгаштырууда, турак-жай, иш, тамак-аш менен камсыз кылууда, алар жашаган аймактарда коомдук тартипти сактоодо милиция көп иштерди аткарган.

Ички иштер эл комиссариаты тармагында эң биринчилерден болуп, кылмышкерлерди издөө бөлүмдөрү жана эксперттик-криминалистика кызматы уюшулган. Алар кылмыштуулуктун алдын алууда, колго түшүрүп кармоодо милициянын башка тармактары менен бирдикте аракеттенишкен. 90 жылдын ичинде Кыргызстанда бир топ таланттуу өз ишинин чеберлери өсүп чыгышты жана бай тажрыйбаларын жаштарга өткөрүп беришти. Алар көптөгөн мал уурулардын, каракчылардын куралдуу топторун колго түшүргөн. Токмоктогу тегирменге (1932), Чаңгыр-Таш нефтепромунун кассасына (1948), Покровскийдеги банкка (1956), 490 088 сактык кассасына (1972), политех, институттун кассирлерине (1981) каракчылык менен кол салууларды издеп кармоодо жогорудагы кесиптештерибиз өздөрүнүн профессионал талантын көрсөтүшкөн. Алардын күчү менен 1969-жылы ашынган киши өлтүргүч Селихов кармалган. Жыл сайын миңдеген карактоолордун, тоноолордун, уурулардын бети ачылып. иштери тергөөгө өткөрүлгөн. Бул кылмыштарды ачууда оперативниктерге эксперттик-криминалистика кызматынын уюштуруучулары чоң жардам көрсөтүшкөн. Көчмө криминалисттик лабораторияларды түзүү, баңги зат колдонгондорду аныктоо үчүн экспресс анализ жасоо, катылган баңги заттарын табууга итти колдонуу ж.б. иш-чаралар кыргыз милициясына таандык.

1936-жылы Кыргыз ССР Ички иштер эл комиссариаты тармагында МАИ кызматы түзүлөт. Бул мезгилде Ош-Фрунзе-Нарын, Ош-Хорог автомагистралдары курулуп бүтүп калган. Аны ички иштер эл комиссариатынын шоссе жолдор башкармалыгы курган. МАИге эң маанилүү болгон бул жолдорду пайдалануу, транспорттун техникалык абалына көзөмөл жүргүзүү тапшырылган. Республикалык МАИ бөлүмүнүн биринчи начальниги П.Желяцкий болгон. 60-жылдары МАИ кызматынын туруктуу постторун куруу, авто чарбаларда техникалык-кароо түйүндөрүн түзүү, мектептерде жол кыймылынын эрежелерин үйрөнүү, штаттан тышкары автотескөөчүлөр тармагын уюштуруу ишке ашкан. Кыргыз МАИ кызматынын бул жааттагы эмгеги эске алынып, Жаш инспекторлор кыймылы (ЮИД) топторунун бүткүл союздук слёту 1964-жылы Фрунзеде, 1970-жылы Ошто, ошондой эле 1983-жылы жергебизде милиция кызматкерлеринин автоспорт боюнча мелдеши өткөрүлгөн. 1938-жылы Ички иштер эл комиссариатынын өз алдынча социалдык менчикти уурдоого жана алып сатарлыкка каршы күрөшүү бөлүмү (ОБХСС) түзүлгөн. Бул кызматтар мурда кылмыш иликтөө бөлүмүнүн курамында болуп келген. Анын кызматкерлери республикабыздын экономикасын чыңдоодо көп иштерди жасашкан.

Милиция органдарындагы алгачкы өз алдынча кызматтардын бири тергөө, транспорт боюнча милиция жана ведомстволук эмес күзөт бөлүмдөрү. Соңку 90 жылдын ичинде тергөө бөлүмдөрүнүн структурасы көп жолу өзгөртүлгөнү менен анын кызматкерлери кылмыш ишин тергөөдө мыйзамдуулукту сактап, өз принциптерин өзгөрткөн жок.

Кыргызстанда 1963~64-жылдары биринчи жолу кайгуул-күзөт кызматын, МАИ, күзөт бөлүмдөрүнүн, участкалык тескөөчүлөрдүн нөөмөт бөлүктөрү аркылуу бирдиктүү башкаруу киргизилип, күчтөрдүн тийиштүү жерге өз убагында жетүүсүнө, көчө кызматына жетекчиликти жакшыртууга мыкты шарт түзгөн. Бул тажрыйба колдоого алынып, союздук республикалардын көбүнө жайылтылган. Биринчи жолу «Милициянын алдыңкысы» деген ардактуу наамга кочкордук А.Күрөңкеев, кадамжайлык М. Мамажанов, дароот-коргондук К. Ашыралиев сыяктуу алдыңкы участкалык тескөөчүлөр татыктуу болушкан. Ал эми жалал-абаддык участкалык тескөөчү Т.Юлчибаев, нарындык участкалык тескөөчү А.Кадыров «Ардак Белгиси» орденине, милициянын старшиналары О.Дыйканбаев менен Т.Багышев Октябрь революциясы орденине татыктуу болушкан.

Оперативдүү кырдаалдын татаалдашына байланыштуу бир катар шаарларда, анын ичинде борбор шаарыбызда да, аскерге чакырылгандардан түзүлгөн моторлоштурулган атайын милициялык бөлүк уюштурулган. Бул ыкчам кыймылга ээ болгон бөлүктөрдүн командирлери А.Шамкеев, Э.Ыктыбаев жана башка өз тарбиялануучулары менен бирге мурдагы СССРдин кооптуу жерлеринде: Алматы, Баку, Спитак, Ош шаарларында болушкан. Улуттар аралык чыр-чатакты басууда же табигаттын кырсыктарын жоюуда көрсөткөн кызматтары үчүн көптөгөн офицерлер жана катардагы милиция кызматкерлери ар кандай сыйлыктарга татыктуу болушкан. Ал эми А. Шамкеевге генерал-майор наамы берилип, Кыргыз Республикасынын Ички аскерлеринин колбашчылык кызматына бекитилген. 1950-60-жылдары өлкөбүздүн бир катар райондорунда апийим өстүрүлгөндүктөн, республикабыздын милиция кызматкерлерине баңгиликке жана баңги бизнеске каршы күрөшүүнүн өзгөчө милдети тагылган. Ал эми Чүй кара куурайы 60 жыл бою Чүйдүн аркан, брезент чыгарган комбинаттары үчүн негизги сырье болуп келген.

Мына ушуга байланыштуу гашиш, марихуана алуу үчүн туш тараптан «чабармандар» келе баштаган. Оболу бул жааттагы кылмыштарга каршы күрөшүү иштери социалдык менчикти уурдоого жана алып сатарлыкка каршы күрөшүү аппаратына, кийинчерээк кылмышкерлерди иликтөө кызматына жүктөлгөн. Бул иштер боюнча атайын 1972-жылы Кыргыз ССР ИИМнин тармагында өз алдынча кызмат ачылган. Аны түрдүү мезгилдерде Т.Карбозов, Ф.Кулов, А.Лавров жана А. Зеличенколор жетектеген. Коомчулуктун талабы боюнча өлкөдө апийим өстүрүү токтотулганы менен баңгиликке, баңги бизнеске каршы күрөшүү олуттуу маселе бойдон кала берген. Айрыкча СССР таркагандан кийин чек аралар бошоңдоп, тийиштүү деңгээлде иштебегендиктен жана Тажикстандагы граждандык согушка байланыштуу баңгизат маселеси оордоп, ага каршы күрөшүү татаалданган. Ооганстандан Тоолуу Бадахшан аркылуу жөнөтүлгөн баңгизат (апийим же героин) Кыргызстанга өтүп, андан ары КМШнын башка аймактарына кылмыштуу жолдор менен жеткирүү болуп көрбөгөндөй күч алган. Ички иштер министрлиги баңгизаттарын көзөмөлдөө боюнча Мамлекеттик комиссия, Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитети, Коргоо министрлиги, Мамлекеттик бажыкана менен биргеликте 1991-94-жылдардын ичинде Кыргызстанга апийимди ташып кирүүгө жол бербөө жана апийим өстүрүлгөн жашыруун жерлерди таап, жок кылуу боюнча бир кыйла иштерди аткарган. Тийиштүү жерлерге көзөмөл-текшерүү патрулдары, буктурмалар коюлуп, жыл сайын ар тараптуу «Апийим» операциясы өткөрүлүүдө.

1925-жылы Кыргыз автономия облусунун ички иштер эл комиссариаты тармагында биринчи жолу окуу пункту ачылып, көп өтпөй ал 11 айлык мектепке айланган. Кыргызстандын ички иштер кызматкерлерин РСФСР, Украина жана Казакстандын окуу жайлары даярдай баштаган. 1969-жылы Фрунзеде СССР ИИМдин атайын орто мектеби ачылып, 2 жылдык окуу программасы менен офицерлерди даярдап чыгара баштаган. Андан тышкары Кыргыз ССР ИИМдин окуу борбору да милиция кызматкерлерин алгачкы даярдыктан, кайра даярдоодон, кесиптик чеберчилигин жогорулатуудан өткөрүп келет. 1981-жылы окуу борборунда ички иштер бөлүмдөрүнүн окуу бөлүктөрүнүн курсанттарын моралдык-психологиялык жактан даярдоонун тажрыйбасын окуп-үйрөнүү боюнча бүткүл союздук семинар өткөрүлгөн. Милиция кадрларын даярдоого Ж. Шабиров, Е.Усубалиев, А.Гольев, Э.Гамидов, Т.Жээналиев, П.Мельников, Н.Ниязов, 3.Кузнецова, 3.Зеличенко, В.Вавильченков, Ш.Дозоев, В.Высокое, В.Кигишьян жана башкалар чоң салым кошушкан.

СССРдин таркашына байланыштуу ИИМ тармагында кадрларды даярдоо, унаа, техникалык каражаттар менен жабдуу, оперативдүү маалымат алмашуу боюнча олуттуу кыйынчылыктар пайда болгон. Көптөгөн адистердин сыртка көчүп кетүүсүнө байланыштуу кадрларды даярдоо маселеси курчуган. Ошондон улам Окуу борборунун базасында эксперт-криминалисттерди даярдоо курсу ачылып, аталган борбордун Ош филиалы уюшулган. Окутуунун сапаты жакшыртылган. ИИМ, ИИБги аппараттык кыскартуулардын эсебинен төмөнкү звенолору адистер менен толукталып, чыңдалган.

Кыргызстан Эгемендүүлүк алган соң, 1991-жылы 14-декабрда Жалал-Абад Ош облусунан бөлүнүп кайра өз алдынча облус болгон. Анын негизинде 1991-жылы 29-январда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) негизделген.

Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Улуулардын эрдигин унутпайлы!

Улуулардын эрдигин унутпайлы!

Өткөн кылымдын эң оорчундуу окуясы болгон 1941-1945-жылдардагы Улуу-Ата мекендик согушка Кыргызстандан 363 миң...

ТАРЫХ 2016-05-09  00:45

Жалал-Абад шаарындагы Т.Кошматов атындагы мектебинде тарых жана...

Жалал-Абад шаарындагы Т.Кошматов атындагы мектебинде тарых жана...

Жалал-Абад шаарындагы Тойгонбай Кошматов атындагы №10 мектеп-гимназиясынын мугалимдери жана...

ТАРЫХ 2016-05-13  11:43

Чаткалдагы Ыдырыс— Ата тарыхый комплекси

Чаткалдагы Ыдырыс— Ата тарыхый комплекси

Чаткал районунун Жаңы-Базар айылындагы ­Ыдырыс-Ата тарыхый комплексинде «2016-ж­ыл – Тарых жана...

ТАРЫХ 2016-06-23  17:49

Индияда Манастын айкели орнотулат

Индияда Манастын айкели орнотулат

Быйылкы Тарых жана маданият жылынын алкагында «Диалог Евразия» коомдук фонду менен...

ТАРЫХ 2016-06-30  10:55

Түрк тилдүү өлкөлөр лавашты орток маданий мурас деп эсептөөдө

Түрк тилдүү өлкөлөр лавашты орток маданий мурас деп эсептөөдө

Азербайжан, Иран, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия лаваш ЮНЕСКОнун...

ТАРЫХ 2016-07-11  18:07

Шахрисабз шаарынын тарыхый бөлүгү жок болуп кетчү объекттер...

Шахрисабз шаарынын тарыхый бөлүгү жок болуп кетчү объекттер...

Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк мурастар боюнча...

ТАРЫХ 2016-07-15  13:50

Жалал-Абад курорту

Жалал-Абад курорту

Жалал-Абад Курорту - бальнеологиялык дары баткактуу жана климаттык курорт. Жалал-Абад...

ТАРЫХ 2016-08-06  00:13