KELECHEK

7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү болуп жарыяланат

7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү болуп жарыяланат

7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү болуп жарыяланат жана жылнаамада майрам катары белгиленет. 26-октябрда президент Алмазбек Атамбаев “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, жарлыкка ылайык, Эмгек кодексине жана 1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн, саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүү күндөрү боюнча парламенттин мурдагы чечимдерине өзгөртүүлөр киргизилет. Бул боюнча сунуш Жогорку Кеңешке жолдонду.

Улуу Октябрь Социалистик революциясынын 100 жылдыгына жана саясий репрессиялардын 80 жылдыгына байланышкан иш-чараларды 
2017-жылдын 7-8-ноябрында өткөрүү өкмөткө, жергиликтүү бийликтерге тапшырылды.

Андан тышкары Жогорку Кеңеш депутаттарына жана өкмөткө Чоң-Алайдагы Ленин чокусунун аталышын Манас-Ата зоосу деп өзгөртүү жөнүндө мыйзам кабыл алуу сунушталды.

"Анткени бул бүгүнкү күндө Кыргызстан элинин көп кылымдык тарыхы менен бекемделген жападан жалгыз туура чечим болот",- деп жазылат жарлыкта.

Расмиий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирчү жарлыкты аткаруу өкмөткө жүктөлдү.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Москванын борборуна Ислам Каримовдун эстелиги тургузулду

Москванын борборуна Ислам Каримовдун эстелиги тургузулду

14-октябрдан 15-октябрга оогон түнү Москванын борборундагы...

ТАРЫХ 2018-10-18  08:29

Француз компаниясы байыркы Бухара аймагында ири туристтик долбоорду...

Француз компаниясы байыркы Бухара аймагында ири туристтик долбоорду...

Өзбекстандын Улуттук банкы Bouygues («Буиг») деп аталган Франциянын ири курулуш компаниясы...

ТАРЫХ 2018-10-12  01:40

Президенттин согушта дайынсыз жоголгон чоң атасынын мүрзөсү...

Президенттин согушта дайынсыз жоголгон чоң атасынын мүрзөсү...

Президент Сооронбай Жээнбековдун Экинчи...

ТАРЫХ 2018-08-30  19:43

Ташкенттеги көчөлөрдүн бирине Чынгыз Айтматовдун ысымы берилди

Ташкенттеги көчөлөрдүн бирине Чынгыз Айтматовдун ысымы берилди

Ташкент шаардык кеңешинин депутаттары борбордогу...

ТАРЫХ 2018-07-14  21:07

Тажикстанда имамдар музейге барууга милдеттендирилди

Тажикстанда имамдар музейге барууга милдеттендирилди

Тажикстан мечиттеринин имам-хатибдери мындан ары музейге барып турууга милдеттендирилди. Бул...

ТАРЫХ 2018-07-14  22:07

Өзбекстандын Шахрисабз шаары ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастарынын...

Өзбекстандын Шахрисабз шаары ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастарынын...

Дүйнөлүк мурастар боюнча комитеттин июндун...

ТАРЫХ 2018-06-26  16:39

Түштүк-Казакстан облусунун аталышы Түркестан деп өзгөртүлдү

Түштүк-Казакстан облусунун аталышы Түркестан деп өзгөртүлдү

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев кол койгон жарлыкка ылайык, Шымкент республикалык...

ТАРЫХ 2018-06-20  12:57