KELECHEK

Аксы районунун Кезарт айылында жаңы ФАП пайдаланууга берилди (ФОТО)

Аксы районунун Кезарт айылында жаңы ФАП пайдаланууга берилди (ФОТО)

Аксы районунун Кара-Суу айыл аймагына караштуу Кезарт айылында жаңы курулган фельдшердик-акушердик пункт пайдаланууга берилди. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Үстүбүздөгү жылдын 20-октябрында жаңы ФАПтын салтанаттуу ишке тапшыруу иш-чарасына КР Жогорку Кеңешинин депутаты Алмазбек Эргешов, КР Саламаттыкты сактоо министринин стат-катчысы Жазгүл Кийизбаева жана Катар мамлекетинин “Ассанаби” кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү Мустафа Ассати менен Саид Баюми жана жергиликтүү калк катышты.

Жаңы ФАПтын имаратын курууга Кезарт айылынын тургуну Кудайберди Тоялиев өзүнүн менчигиндеги 5 сотых жерди акысыз тартуу кылды. Кезарт  айылындагы ФАПтын курулушуна КР Жогорку

Кеңешинин депутаты Алмазбек Эргешов менен Кара-Суу айыл аймагынын жергиликтүү бийлиги тарабынан 500 миң сомдук колдоо көрсөтүлдү. Ал эми Катар мамлекетинин кайрымдуулук фонду тарабынан 1,5 млн. сом каражат жумшалып, жаңы ФАПтын эмеректери жана бир катар медициналык керектүү жабдуулар менен толук камсыз кылынды.

Жаңы ФАПтын кызыл тасмасын  Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешов, Саламаттыкты сактоо министринин стат-катчысы Жазгүл Кийизбаева, Аксы районунун акими Масалбек Мырзамамытов жана Катар мамлекетиндеги кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү жергиликтүу элдин катышуусунда кесип беришти.

Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү Саламаттыкты сактоо министринин стат-катчысы Ж. Кийизбаевадан жаңы ФАПтын фельдшеринин жана медайымынын штаттык бирдигин чечип берүү өтүнүчү менен кайрылышты. Кезарт айылында иштеп жаткан фельдшер Меңди Өзүбековдун саламаттыкты сактоо тармагында эмгектенип келаткандыгына быйыл 43 жылдын жүзү болду.

Буга чейин Кезарт жана Ак-Таш айылдарынын жашоочулары алгачкы медициналык жардам алуу үчүн 3 чакырым аралыктагы Кара-Суу айылындагы ФАПка барып кайрылышчу. Кезарт айылында 913 калк жашайт. Ал эми Аксы районунун Кара-Суу айыл аймагында 9019 калк, же 2200 кожолук эл жашайт. Айыл аймагында 7 мектеп, 4 ФАП жана бир айылдык оорукана калктын ден соолугун камкордукка алуу жаатында иштеп жатат.

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Өзбекстан туура эмес тамактануу боюнча өлүм деңгээли жогору...

Өзбекстан туура эмес тамактануу боюнча өлүм деңгээли жогору...

Фридрих Шиллер атындагы Йена университетинин окумуштуулары туура эмес тамактануу боюнча...

ДЕН СООЛУК 2019-01-14  13:19

Тажикстанда эмчек рагынан жапа чеккендер көбөйүүдө

Тажикстанда эмчек рагынан жапа чеккендер көбөйүүдө

Медициналык иликтөөлөргө караганда,...

ДЕН СООЛУК 2019-01-08  04:17

Өзбекстанда мамлекеттик кызматкерлер дене тарбия көнүгүүлөрүн...

Өзбекстанда мамлекеттик кызматкерлер дене тарбия көнүгүүлөрүн...

Мындан ары Өзбекстандын мамлекеттик мекемелеринде иштеген кызматкерлер...

ДЕН СООЛУК 2018-12-20  16:32

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги окуучуларга презерватив...

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги окуучуларга презерватив...

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги кыздарга 16 жаштан тарта ата-энесинин макулдугусуз эле...

ДЕН СООЛУК 2018-11-29  19:02

Тажикстандык дарыгерлер кыргыз депутатынын өмүрү үчүн күрөшүүдө

Тажикстандык дарыгерлер кыргыз депутатынын өмүрү үчүн күрөшүүдө

Кубанычбек Баянов

Баткендин Лейлек районунун Жаңы-Жер айылдык...

ДЕН СООЛУК 2018-11-16  03:35

Өзбекстан украин дары-дармектерин киргизүүгө тыюу салды

Өзбекстан украин дары-дармектерин киргизүүгө тыюу салды

Өзбекстан украин медициналык препараттарын алып...

ДЕН СООЛУК 2018-11-15  02:51