KELECHEK
rek

Жалал-Абадда спортсмендерге сыйлыктар тапшырылды (ФОТО)

Жалал-Абадда спортсмендерге сыйлыктар тапшырылды (ФОТО)

18-октябрда Жалал-Абад шаарындагы Токтосун Тыныбеков атындагы облустук филармонияда мыкты спортсмендерди сыйлоо иш-чарасы болуп өттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Спортсмендерге сый-урмат көрсөтүүнүн алдында Токтосун Тыныбеков атындагы облустук филармониянын өнөпоздору кеңири программадагы концерт тартуулашты. Быйылкы жылы Жалал-Абад облусунун спортсмендери Чолпон-Ата шаарында өткөрүлгөн “Манас оюндарында” жана Түркмөнстан мамлекетинин Ашхабад шаарындагы V Азия оюндарында мыкты көрсөткүчтөрдү камсыз кылышкан. Жеңиш менен кайткан спортсмендерге сый-урмат көрсөтүлүп, акчалай сыйлыктар тапшырылып, спортсмендер менен машыктыруучуларды ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев куттуктады.

- Жалал-Абад облусунун спортсмендери эл аралык мелдештерде такай байгелүү орундарды камсыз кылып келе жатышат. Спорт - улуту, дини жана саясий көз караштары ар түрдүү болгон адамдарды, дене тарбиясы менен спортко кайдыгер карабагандарды жана сергек жашоо мүнөздөрүн алып жүргөндөрдү ар дайым бириктирип, достук менен карым-катнашты жакшыртып келет.  Спортсмендер өсүп келе жаткан жаш муундарга үлгү жана өрнөк болушууда. Кыргызстандын желеги спорттук мелдештерде ар дайым бийик желбирей берсин,- деди өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.

Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы V Азия оюндарынын жүрүшүндө грек-рим күрөшү боюнча  Калы Сулайманов 1-орунду жана алтын медалды камсыз кылса, жеңил атлетчи кызыбыз Гүлшанай Сатарова байгелүү 2-орунду камсыз кылып, күмүш медаль тагынган. Ал эми, алыш күрөшү боюнча Руслан Табалдиев 2-орунду камсыз кылып, күмүш медаль тагынса,  Шаршеналы уулу Мадан,  Кадырбек Келсинбеков менен Ильяз Нышанов байгелүү 3-орунду камсыз кылышып, коло медалдардын ээлери болуп калышты.

 Ал эми,  25-31-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында “Ыйман, адеп жана маданият” жылына жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата республикалык “Манас оюндары” мелдештерине катышкан облусубуздун спортсмендери оюндун 9 түрүнөн күч сынашып, Жалал-Абад облусунун курама командасы байгелүү 3 орунду камсыз кылышты. Тагыраак айтканда, облустун курама командасынын мүчөлөрү 5 алтын, 8 күмүш жана 6 коло медалдын татыктуу ээлери болуп калышты. “Манас оюндарында” командалык үчүнчү орунду камсыз кылган Жалал-Абад облусунун курама командасы 1 млн. сомдук сертификат менен сыйланган.

Кыргызстандын намысын татыктуу коргоп келе жатышкан спортсмендер менен машыктыруучуларды ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев, Аксы районунун акими Масалбек Мырзамамытов, Таш-Көмүр шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Өмүржан Бабатаев жана Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев куттукташып, аларга акчалай сыйлыктарды тапшырышты.

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...

СПОРТ 2016-09-21  08:45

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...

СПОРТ 2016-09-21  08:52

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...

СПОРТ 2016-05-02  23:16

"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты

“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...

СПОРТ 2016-05-04  16:08

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...

СПОРТ 2016-05-05  10:08

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абад  шаарындагы “Динамо”  спорт  ордосунда Кыргызстандын  футзал  боюнча  Өлкө...

СПОРТ 2016-05-05  11:51

Жалал-Абад Динамо командасы  футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...

СПОРТ 2016-05-07  18:20