KELECHEK
rek

Жалал-Абад облусунда пахта терими кызыды (Фото)

Жалал-Абад облусунда пахта терими кызыды (Фото)

Күрдөөлдүү күз айынын келиши менен Жалал-Абад облусунда пахта терими кызыды. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Сузак районуна караштуу Атабеков айыл аймагынын Кызыл-Багыш айылынын дыйканы Алымжан Халдаров быйылкы жылы өз үлүшүндөгү 90 сотых аянтка пахта өстүргөн. Азыркы учурда пахтанын экинчи терими кызуу жүргүзүлүп жатат. Анын пахта талаасына теримге жардамга келишкен кыз-келиндер күнүнө 60 сомдон иштеп табышууда.

"Пахтанын түшүмү өзүңүздөр көрүп тургандай жаман эмес. Максатым 3 тоннадан ашуун пахта жыйнап алуу. Азыр пахтанын 1 кг. баасы  44 сомго чыкты. Дагы бир аз көтөрүлсө жаман болбос эле. Анткени биз пахтаны өстүрүп жетиштирип алуу үчүн даркан талаага алты ай эмгек жумшайбыз",- дейт дыйкан Алымжан Хайдаров.

- Жалал-Абад облусу боюнча быйылкы жылы 11 451 га аянтка пахта өстүрүлдү. Былтыркы жылга салыштырмалуу пахтанын аянты быйылкы жылы 1708 га аянтка көбөйтүлдү. Учурда пахта терими аябай кызыган кези. Түшүмдүүлүк жаман эмес. Быйыл ар  гектарынан орточо 31 центнерден түшүм алганыбызда эң эле болбоду дегенде  35 500 тонна “ак алтын” түшүмүн жетиштирип алууну көздөп жатабыз,- деди ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу секторунун башчысы Нурбек Женалиев.

Сузак районуна караштуу Ырыс айыл аймагындагы пахтаны кайра иштетүүчү “Зирветекс” ЖЧКсынын жумушчулары пахта буласын чыгаруу ишин башташты. Пахтаны кайра иштетүү ишканасынын жетекчиси Равиль Бадалов белгилеп кеткендей, учурда ишканада 30 адам жумуш орду менен камсыз болушкан. “Зирветекс” ишканасы жылына 5 миң тонна пахтаны кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

- Азыркы мезгилде ишкананын пахта даярдоочулары дыйкандар менен фермерлерден пахтанын 1 кг. 44-сом 80 тыйындан алып жатышат. Дыйкандар өздөрү дагы бизге алып келип тапшырып жатышат. Биздин башкы максат дыйкандардын пахтасын кайра иштетип, таза буласын чыгарып берүүгө сапаттуу кызмат көрсөтүү болуп саналат. Быйылкы жылга карата 3 000 тонна пахтанын буласын ажыратып берүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Пахта түшүмү мол болсо 5 000 тоннага чейин иштетип берүүгө толук мүмкүнчүлүгүбүз бар,- дейт “Зиретекс” ЖЧКсынын жетекчиси Равиль Бадалов.

2017-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 5595 га, Базар-Коргон районунда 3266 га, Сузак районунда 1822 га, Аксы районунда 529 га жана Ала-Бука районунда 95 га аянтка пахта өстүрүлгөн. Мындан сырткары, Ноокен жана Сузак райондорунда 800 га аянтка экологиялык жактан таза болгон биопахта өстүрүлгөн.

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41