KELECHEK

Бабановдун айтканы боюнча чара көрүү талабы коюлду

Бабановдун айтканы боюнча чара көрүү талабы коюлду

Ошто бүгүн президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Он-Адырдагы сөзүнө байланыштуу маалымат жыйыны өттү.

Ага, "Азаттык" радиосунун кабарчысынын айтымында, кыргыз жана өзбек улутундагы тургундар, Ош шаарындагы Өзбек улуттук маданий борборунун кызматкерлери катышып, Бабановдун айтканын чагым деп аташты. Алар ошондой эле тийиштүү органдардан бул боюнча чара көрүүнү талап кылышты.

Бабанов кечээ Амир-Темурдун тургундары менен жолуккан.Интернетте анын ошол жолугушууда айткандары кыргыз-өзбек улут аралык чыңалууну пайда кылышы ыктымал деген түрдүү видеолор, комментарийлер тарап жатат.

Бабановдун шайлоо штабы бул боюнча азырынча комментарий бере элек.

Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгы "Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Амир-Темур (Он-Адыр) кичи районунда эл менен жолугушууда сүйлөгөн сөзүн өз алдыңарча таратуудан карманып турууну суранабыз. Сиздер улут аралык кастыкты козутууга салым кошуп калышыңыздар мүмкүн” деген билдирүү таратты.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Бул кызматка 13 талапкер расмий катталган, бирөө – Камчыбек Ташиев жарыштан чыгарын 25-сентябрда билдирген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Арменияда премьер-министрди шайлоо 8-майга белгиленди

Арменияда премьер-министрди шайлоо 8-майга белгиленди

Арменияда жаңы өкмөт башчыны шайлоо 8-майда...

Шайлоо 2018-05-04  04:29

Пашинян: Арменияда жаңы премьер-министр бир жуманын ичинде шайланат

Пашинян: Арменияда жаңы премьер-министр бир жуманын ичинде шайланат

Ереван, Республика аянты, 23-апреля 2018-жыл

Армениядагы нааразылык кыймылдын лидери, оппозициялык...

Шайлоо 2018-04-24  16:00

КСДП 2020-жылкы парламенттик шайлоого даярдана баштады

КСДП 2020-жылкы парламенттик шайлоого даярдана баштады

Экс-президент, КСДПнын төрагасы Алмазбек Атамбаев парламенттеги...

Шайлоо 2018-04-16  20:31

Ильхам Алиев кезектеги президенттик мөөнөткө шайланды

Ильхам Алиев кезектеги президенттик мөөнөткө шайланды

Азербайжандын мамлекет башчысы Ильхам Алиев кезексиз президенттик шайлоодо...

Шайлоо 2018-04-12  19:27

Путин алдыдагы пландары жана жаңы премьер-министр жөнүндө айтты

Путин алдыдагы пландары жана жаңы премьер-министр жөнүндө айтты

Болжолдуу маалыматтар боюнча шайлоодо 76 пайыздан көп добуш менен...

Шайлоо 2018-03-19  09:40

Түркмөн президентинин уулу парламенттик шайлоого катышууда

Түркмөн президентинин уулу парламенттик шайлоого катышууда

Сердар Бердымухамедов

Түркмөнстанда парламенттик шайлоого...

Шайлоо 2018-03-12  11:54

Азербайжанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт

Азербайжанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт

Азербайжан президенти Ильхам Алиев кезексиз президенттик шайлоону 11-апрелге дайындады. Октябрга...

Шайлоо 2018-02-06  05:18